Kirghiz

127 prayers

Адамзат ~154w ABU0137ALL

Адамзат

О, изги Теңир! Сен бүткүл адамзатты бир тамырдан жараттың. Бардыгын бир үй-бүлөгө таандык болууну буюрдуң. Өзүңдүн ыйык тагыңдын алдында баары Сенин пенделериң, бүтүндөй адамзат тукуму Сенин Чатырыңдын алдында баш калка тапты, бардыгы Жоомарт дасторконуңдун алдына чогулуп, Сенин Кудуреттүү Жарыгыңа бөлөндү.

О, Кудай! Сен бардыгына мээримдүүсүң, ар бирин калкалап кам көрөсүң, бардыгына өмүр тартуулайсың. Ар бир адамга Сен өнөр жана жөндөм бердиң, бардыгын ырайымдуулук мухитиңе чөмүлттүң.

О, изги Теңир! Адамзаттын башын бириктир, диндер ынтымакка келип, бардык улуттар бир элге бириксин, алар өздөрүн бир үй-бүлө деп санап, бүткүл жерди – жалпыбыздын үйүбүз деп эсептесин. Ылайым, баары биригип ынтымакта жашасын.

О, Кудай! Калк биримдигинин туусун бийик көкөлөт.

О, Кудай! Улуу Тынчтыкты орнот.

Бардык жүрөктөрдү бириктир, о, Жараткан.

О, Сен, ырайымдуу Алла! Жүрөктөрүбүздү Сенин сүйүүңдүн жыпар жыты менен шаттандыр! Көздөрүбүздү Өзүңдүн жетекчилигиңдин жарыгы менен нурлант! Кулагыбызды Сөзүңдүн обону менен жыргат жана баарыбызды Өзүңдүн Болжомуңдун чебинде калкала.

Сен Кудуреттүүсүң жана Кубаттуусуң, Сен Кечиримдүүсүң; адамдардын кемчиликтерине көз жумган бир Өзүңсүң.

bahaiprayers.net
АЛКОО ЖАНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК ~113w BH08264

АЛКОО ЖАНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК

Бардык алкоолор бир Өзүңө болсун, о, айланайын Кудайым, бардык даңктын жана улуулуктун, күчтүн жана сыймыктын, өкүмчүлүктүн жана бийликтин, улуулуктун жана ырайымдын, кут-берекенин жана кудуреттин Башаты - Өзүңсүң. Кимди кааласаң улуу Мухитиңе жакындатасың жана каалаганыңа эң байыркы Ысымыңды билүү сыймыгын тартуулайсың. Көк менен жердегилердин эч кимиси Сенин өкүмдүү Эркиңди аткарууга каршы тура албайт. Бардык жаратылгандарды Сен түбөлүк башкарасың жана кылымдан кылымга бардык жаратылгандардын үстүнөн Өз бийлигиңди жүргүзөсүң. Бардыгынан Кудуреттүү, Бийик, Күчтүү, Акылман Сенден башка Кудай жок.

О, Теңир, пенделериңдин жүзүн жарык кыл, ылайым, алар Сени көрө алгыдай болушсун; жүрөктөрүн тазала, алар Сенин көктөгү ырайымыңдын сарайына кайрылып, Өзүңдүн Келишиңди жана Маңызыңдын Таңын таанышсын. Акыйкатта, Сен бардык ааламдардын Теңирисиң. Чексиз, бардыгын Багындыруучу Сенден башка Кудай жок.

bahaiprayers.net
АЛКОО ЖАНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК ~70w AB01235

АЛКОО ЖАНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК

О, Теңир, айланайын Кудайым, даңкың арта берсин! Сен, акыйкатта, Падышалардын Падышасысың. Кимге кааласаң бийлик тартуулайсың жана кааласаң андан ажыратасың. Кимди кааласаң бийикке көтөрүп жана каалаганыңды төмөндөтөсүң. Кимге кааласаң жеңиш тартуулайсың же кааласаң маскара кыласың. Кимге кааласаң байлык бересиң, кааласаң аны жакырчылыкка кептейсиң. Өз каалаганыңа кимдин үстүнөн үстөмдүк кылаарын аныктайсың. Бүткүл жаралышты уучуңда кармап турасың жана кудуреттүү амириңдин күчү менен каалаганыңа өмүр тартуулайсың. Акыйкатта, Сен бардыгынан Билермансың, бардыгынан Кудуреттүүсүң, күчтөрдүн Теңирисиң.

bahaiprayers.net
Also in: en iba kl ms mn ne sm zh-Hans tk tvl
БАЙЛАНБАСТЫК ~144w AB01527

БАЙЛАНБАСТЫК

О, айланайын Кудайым, канчалаган муздап калган жүрөктөр Сенин Ишиңдин жалыны менен алоолоп жанып, уйкуда жаткан эчендерди Сенин мукам үнүң ойготту. Жер кезип жүргөн канчасы Сенин биримдик дарагыңдын көлөкөсүнөн түнөк тапты жана ушул күндөрдө Өзүңдүн мүрөк сууларыңа чаңкагандар канча!

Сага умтулуп жана Сенин жүзүңдөн нурланган таңкы шоокумга жетүүгө шашкандар бактылуу. Сенин Ачылмаңдын таңына жана шыктандыруу булагыңа бүт ынтызарлыгы менен жүз бургандар бактылуу! Сенин ырайымың менен берешендигиңдин аркасында тапкан нерсесинин баарын, Сенин жолуңда сарптагандар бактылуу. Сага деген кусалык менен Өзүңдөн башканын баарынан баш тарткан бактылуу. Сага болгон жакындыктан жыргал таап, башка бардык байлоолордон кутулгандар бактылуу.

О, айланайын Теңирим, Ким Сенин өкүмчүлүгүңдүн кудурети жана чексиз күчү менен өзүнүн караңгы зынданынын көк мейкиндигинде жаркырап көтөрүлсө, Ошонун аты менен, Ким Сенин ысымың болсо, Ошонун аты менен Сага жалбарам, ар бир пендеңе Өзүңө ылайык келген жана Өзүңдү данктоого татыктуу болгон нерселерди буюра көр.

Сенин Кудуретиң, акыйкатта, бар жаралышты кучагына алат.

bahaiprayers.net
Also in: en ja ko lo th zh-Hant tvl
БАЙЛАНБАСТЫК ~51w BH04370

БАЙЛАНБАСТЫК

О, айланайын Кудайым, кагылайын Теңирим, менин Башкаруучум! Мен журтумду таштап, жер үстүндөгү бар-жоктун баарынан бошонуш үчүн азаттыкты Өзүңдөн издейм, Сенин түшүнүгүңдө эмне мактоого татыктуу болсо, ошону кабылдоого даяр болууга умтулам. Сенден башка бардык нерседен көз карандысыз кылган кут-берекеңди тартуула, Өзүңдүн сансыз жакшылыктарыңдан мага молунан бере көр. Акыйкатта, Сен берекелүү ырайымдын Теңирисиң!

bahaiprayers.net
Also in: en fi iba
БАЙЛАНБАСТЫК ~93w AB04980

БАЙЛАНБАСТЫК

О, Кудай, айланайын Кудайым! Сен менин Үмүтүмсүң жана Сүйүктүүмсүң, менин эң жогорку Умтулуум жана Эңсөөмсүң! Терең момундук менен жана Өзүңө чексиз берилүү менен жалбарам: мени Өз өлкөңдөгү сүйүүңдүн мунарасы кыл, жараткандарыңдын арасындагы Өз билимиңдин шамчырагына айлант жана Өзүңдүн падышалыгыңда Кудайлык жоомарттыгыңдын туусу кылып желбирет. Сенден башка бардык нерседен баш тарткан, бул дүйнөнүн көр оокатынан тазаланган жана куру кыялдардын азгырыктарынан бошонгон пенделериңдин катарына мени да кошо көр. Сенин падышалыгыңдын ишеним руху менен жүрөгүмдү кубанычка толтур, Өзүңдүн даңк падышалыгыңдан түшкөн улуу Теңирлик колдооңдун кошуундарынын жарыгы жанарымды нурлантсын.

Акыйкатта, Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Даңктуусуң, бардыгынан Күчтүүсүң.

bahaiprayers.net
БАЙЛАНБАСТЫК ~127w AB00553

БАЙЛАНБАСТЫК

О, Кудай, айланайын Кудайым! Бардык нерседен баш тарткан байланбастык чөйчөгүн мен үчүн толтуруп бер, Өзүңдүн көркөмүң жана белектериң менен мени курчап, Сага болгон сүйүү шарабы менен мени шаттандыр. Кумар жана эңсөөлөрдөн куткар, ушул өзгөрүлмө дүйнөнүн кишенинен мени бошот, шаттыкка бөлөнгөн Сенин көктөгү дүйнөңө жетеле, Өз күңдөрүңдө ыйыктыгыңдын деми менен мени сергит.

О, Теңир, жүзүмдү Өзүңдүн берекеңдин жарыгы менен жаркырат, бардык нерсени багындырган күчүңдүн белгилери менен каректеримди нурга бөлө, жүрөгүмдү бардык нерсени камтыган илимиңдин даңкы менен ырахаттандыр, улуу кубаныч тартуулаган өмүр берүүчү кабарың менен жанымды шаттандыр, о, Сен, көк менен жер падышалыгынын Падышасы, о, Сен, үстөмдүк менен күчтүн Өкүмдары! Ошентип мен бардык жерде Сенин жышаандарыңды таратып, Өзүңдүн Ишиңди жарыялап, Сенин билимиңди жеткизейин, Мыйзамыңа кызмат кылып, Сөзүңдү көккө көтөрөйүн.

Сен, Акыйкатта, бийлик Ээси, түбөлүк Сыйкор, Кудуреттүү жана бардыгынан Күчтүүсүң.

bahaiprayers.net
Балдар жана жаштар ~17w AB04427

Балдар жана жаштар

О, Кудай, мени башкар, мени сакта, мени жанып турган чырак, жаркыраган жылдыз кыл. Сен Кудуреттүү жана Күчтүүсүң.

bahaiprayers.net
Балдар жана жаштар ~48w ABU0129EDU

Балдар жана жаштар

О, Кудай! Ушул балдарга өзүң тарбия бер. Бул балдар - Сенин бакчаңдын өсүмдүктөрү, шалбааңдын гүлдөрү, гүлзарыңдын раушандары. Өз жамгырыңды аларга төк; Акыйкат Күндүн Нурлары аларды Сенин сүйүүң менен жаркыратсын. Аларды Өзүңдүн желаргың менен сергит, алар өссүн, илимдүү болсун, өнүксүн, ажары төгүлгөн керемет жандардан болсун.

Сен Сыйкорсуң, Сен Кайрымдуусуң.

bahaiprayers.net
Балдар жана жаштар ~79w BB00009

Балдар жана жаштар

О, Теңдешсиз Теңир! Ушул алсыз пендеңе башпаанек бол, ушул адашкан бакытсыз жанга мээримдүү жана кечиримдүү Устат бол. О, Теңир! Биз болгону бир пайдасыз өсүмдүк болсок да, Сенин гүлбагыңа таандыкпыз. Мейли, биз жалбыраксыз жана бүчүрсүз көчөт болсок да, Сенин гүлзарыңдын бир бөлүгүбүз. Ушул көк тамырды назик кайрымдуулугуңдун жамгыры менен азыктандыр, ушул көчөттү рухий жазыңдын жан берүүчү деми менен сергит жана жандандыр. Аны сезимтал, көрөгөч жана нарктуу жандардан кыл, ага түбөлүктүү өмүр тартуула жана кылымдар бою Сенин Падышалыгыңда болууну насип эт.

bahaiprayers.net
БИРИМДИК ~56w BH00987

БИРИМДИК

О, Кудайым! О, айланайын Кудайым! Пенделериңдин жүрөктөрүн бириктирип, аларга Өзүңдүн улуу максатыңды ач. Алар Сенин эркиңе багынып, мыйзамдарыңды аткарсын. О, Кудай, алардын аракеттерин колдо жана Сага кызмат кылууга күч-кубат бер.

О, Кудай! Аларды өз эркине калтыра көрбө, ар бир кадамын Өзүңдүн билимиңдин жарыгы менен багыттап, жүрөктөрүн Өзүңдүн сүйүүң менен шаттандыр. Акыйкатта, Сен аларга Жардамчысың жана Теңирисиң.

bahaiprayers.net
БИРИМДИК ~162w AB00847

БИРИМДИК

О, Кудайым! О, Алла Таалам! Акыйкатта, мен Сага жалбарам жана Сенин босогоңдун алдында өтүнүп сураймын, Сенин бардык ырайымдуулугуңду ушул жандарга жөнөтө көр, аларды мээрмандыгың жана акыйкатыңдын аркасында тандалма жандардан кыл.

О, Теңир! Жүрөктөрдү биримдикке байла, бардык жандарды ынтымакка баш коштур жана Сенин ыйыктыгың менен биримдигиңдин белгилери аркылуу ар бир рухту жандандыр. О, Теңир! Сенин Биримдигиңдин жарыгы менен алардын жүздөрү жаркырасын. Падышалыгыңа кызмат кылууда кулдарыңдын белин бекем буу.

О, Теңир, Сен чексиз ырайымдын Ээсисиң! О, кечирим жана ырайымдуулуктун Теңири! Күнөөлөрүбүздү кеч, кемчиликтерибизди кечир жана Өзүңдүн мээрмандык падышалыгыңа кайтара көр, ыйыктыгыңдын алдында моюн сунуп, Өзүңдүн жышаандарыңдын даңкынын алдында тизе бүгүп, кудурет менен күчтүн мекен-жайына кайтууга уруксат эт.

О, Кудай! Бизди Өз сүйүүңдүн белектеринин аркасында биримдикке баш кошкон деңиз толкундарына жана бакчанын гүлдөрүнө окшоштур.

О, Теңирим! Жүрөктөрдү биримдигиңдин белгилери менен кубант жана бардык адамзатты даңктын жалгыз бийиктигинен жаркырап турган жылдыздарга айландыр, ошондой эле Сенин өмүр дарагыңда өскөн керемет мөмөлөргө окшот. Сен, акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүүсүң, Өзүн Өзү бар Кылуучусуң, Берүүчүсүң, Кечиримдүүсүң, Ырайымдуусуң, бардыгын Билүүчүсүң, жалгыз Жаратуучусуң.

bahaiprayers.net
Also in: nl en hi ja es sw tk tvl uk vi
ДАБА ~45w BH01313NAM

ДАБА

Сенин атың - мага даба, о жараткан Теңирим. Мен сени эстеп дарыланам, Сага жакындыгым - менин үмүтүм, Сага деген сүйүүм - менин шеригим. Сенин мага болгон ырайымың - менин айыкканым жана бул дүйнө менен о дүйнөдөгү көмөгүң. Акыйкатта, Сен баарынан Жоомартсың, баарынан Билермансың, баарынан Акылмансың.

bahaiprayers.net
Жардам ~97w AB07074

Жардам

O, Теңир! Биз бечарабыз - бизге Өз мээримиңди тартуула; жакырбыз - Өз байлыгыңдын мухитинен үлүшүбүздү бөлүп бер; муктажбыз - бизди тоюндур; басындык - Өз даңкыңдан бизге бер. Асмандагы куштар менен талаадагы ар жаныбар күн сайын Сенден өз насибин алат, жандуунун баары Сенин камкордугуң менен берекеңден азыктанышат.

Ушул алсыз жанды Өзүңдүн кереметтүү кут-берекеңден ажыратпа жана кудуретиңдин күчү менен ушул чабал жанга тартуу-белектериңди жөнөт.

Күнүмдүк насибибизди бер жана жашоодогу муктаждыктарыбызга Өзүңдүн берекеңди төк, бир Өзүңдөн гана көз каранды бололу, Өзүң менен сүйлөшүп, Сенин жолуң менен гана басып, Өзүңдүн сырларыңды жар салалы. Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, Сүйүүчүсүң, бардык адамзатка кут Берүүчүсүң.

bahaiprayers.net
Also in: ny en de mn sr th tk uk
Жардам ~80w AB10275

Жардам

О, Кудай! Сенин Ысымыңдын урматына жайылган майрамдык дасторкондон мени алыстатпа, жана да Сенин өчпөс отуң менен тутанган алоолонгон жалындын өчүп калуусуна жол бербе. Өзүңдүн даңкыңдын обонун салган жана Сени эскерүү добушу менен шылдырап аккан мүрөк сууларыңдын агымын тоспо, Сенин сүйүңдүн жыпарынын таттуу илебинен кулдарыңды айыра көрбө.

Теңир! Адал пенделериңдин кыйнаган санаасын - бейкуттукка, азабын - үмүткө, кордугун - даңкка, кайгысын - жыргалга айландыр, бардык адамзатты башкаруу тизгинин Өз колунда кармаган Сенсиң!

Сен, акыйкатта, Бирөөсүң, Жалгыз Жансың, Кудуреттүүсүң, баарын Билүүчүсүң, Даанышмансың.

bahaiprayers.net
ЖУБАЙЛАР YЧYН ~111w AB00083

ЖУБАЙЛАР YЧYН

О, Кудай, айланайын Кудайым! Мына, ушул сенин күңүң Сага ишенип, жүзүн Сага буруп, көктөгү берекелериңди төгө көр деп, анын алдында рух сырларыңды ачып бер деп жана Өзүңдүн касиеттүү жарыгың менен нурландыр деп жалбарып сурайт.

О, айланайын Теңирим! Менин жубайымдын көздөрүн ач. Анын жүрөгүн Өзүң жөнүндөгү билимдин жарыгы менен кубант, ниетин Өзүңдүн нурланган сулуулугуңа бур, анын рухун Сенин анык улуулугуңдун ачылышы менен шыктандыр.

О, кагылайын Теңирим! Анын көздөрүн жапкан көшөгөнү алып сал. Өзүңдүн мол берекеңди төк, Сага болгон сүйүү шарабы менен мас кыл, буттары менен жер басып, жандары көктө учуп жүргөн периштелериңдин бири кыл. Ылайым, ал Сенин элиңдин арасында акылмандыгыңдын нурун чачкан жаркыраган чыракка айлансын.

Акыйкатта, Сен Асылсың, түбөлүк Берүүчүсүң, жоомарт Сыйкорсуң.

bahaiprayers.net
Also in: hy en ja ko mi mn zh-Hans ta
Кечирим ~192w BH00531

Кечирим

Сен Даңктуусуң! О, айланайын Кудайым! Өзүңдүн тандалма Жандарың менен, Ишенимдүү Өкүлдөрүң менен, Өзүң тарабынан Пайгамбарлар жана Элчилериңдин Мөөрү деп дайындалгандардын аты менен жалынам: Сени эскерүүнү менин шеригим кыл, Сенин сүйүүң - менин максатым болсун, Ажарың - менин умтулуум болсун, Ысымыңды - менин шам чырагым кыл, Эркиң - менин эңсөөм болсун жана Сенин ырайымыңды менин кубанычым кыла көр.

О, Теңирим, мен күнөкөрмүн, а Сен Түбөлүк Кечиримдүүсүң. Мен Өзүңдү таанып моюндаар замат, назик камкордугуңдун бийик сарайына жетүүгө шашылдым. О, менин Теңирим, Өзүңдүн жолуң менен басууга жана Өзүңдүн биримдик мухитиңдин жээгине жетүүгө мага тоскоолдук кылып жаткан күнөөлөрүмдү кечир.

О, менин Теңирим, мага жоомарттык кыла турган, жүзүмдү бура турган, мага мээрим төгө турган жана ырайым сурай турган менин эч кимим жок. Сага жалынам – кут-берекеңдин чатырынан мени кууй көрбө, төгүлгөн айкөлдүлүгүң жана жоомарттыгыңдан мени куру калтырба. О, менин Теңирим, Сени сүйгөндөргө эмне дайындаган болсоң, аны мага да дайында, Сен тандагандар үчүн эмнени буюрган болсоң, ошону мага да буюра көр. Кай убак болбосун менин жанарым Сенин кайрымдуу көрөгөчтүгүңдүн асманына бурулган жана каректерим Сенин назик ырайымыңдын сарайына тигилген. Өзүңө эмне ылайык болсо, мага ошону буюр. Сенден бөлөк Кудай жок, ар бир адам жардамга чакырган Күчтүн Кудайысың, Даңктын Кудайысың.

bahaiprayers.net
Also in: en lb mi es
Кечирим ~108w BH08855

Кечирим

Ысымың даңктала берсин, о, менин Кудайым жана бардык жандардын Кудайы, менин жана бардык жандардын Даңкы, менин жана бардык жандардын Эңсөөсү, менин жана бардык жандардын Күчү, менин жана бардык жандардын Падышасы, менин жана бардык жандардын Эгеси, менин жана бардык жандардын Максаты, мени жана бардык жандарды Кыймылга Келтирүүчү! Өзүңө жалбарам, Сенин назик ырайымыңдын мухитинен ажыратпа жана Сага жакындыктын жээгинен алыстата көрбө.

О, айланайын Теңирим, Сенден башкасынын баары мага пайдасыз, Өзүңдөн башкасынын баарына жакын болуу мага кажетсиз. Сени Өзүңдөн башка бардык нерседен көз карандысыз кылып турган байлыгыңдын берекеси менен Сага жалбарам: Өзүңө жүзүн бурган жана кызматыңа көтөрүлгөн пенделериңден кыл мени.

О, кагылайын Теңирим, пенделериңди кечир. Сен, акыйкатта, түбөлүк Кечиримдүүсүң, баарынан Кайрымдуусуң.

bahaiprayers.net
КЕЧКИ ЖАНА ТYНКY ДУБА ~80w BH00009SER

КЕЧКИ ЖАНА ТYНКY ДУБА

О, менин Кудайым, менин Төрөм, менин умтулууларымдын Максаты! Сенин пендең Өзүңдүн камкордугуң жана коргооңду сурап жалбарып, Сенин ырайымдуулугуңдун мекенинен уйку издейт, Сенин жыргалыңдын түндүгү алдында эс алууну эңсейт.

Өзүңдөн суранам, О, менин Теңирим, Сенден башканы көрбөгүдөй кылып менин жанарымды Өзүңдүн чырм этпеген көзүң менен корго. Менин көздөрүмө көрөгөчтүктү бер, алар Сенин Жышаандарыңды аңдап-таанып жана Сенин Ачылмаңдын Көк мейкинин көрө алгыдай болсун. Өз Кудуреттүүлүгүңдүн далили алдында күчтөрдүн күчүн титиреткен - бул Өзүңсүң. Бардыгынан Күчтүү, бардыгын Багындыруучу, Шартсыз, Сенден бөлөк Кудай жок.

bahaiprayers.net
КЕЧКИ ЖАНА ТYНКY ДУБА ~84w AB06528

КЕЧКИ ЖАНА ТYНКY ДУБА

О, акыйкатты издөөчү! Эгер Кудай сенин көзүңдү ачсын десең, Ага жалбарып, сыйынып жана түн ортосунда төмөнкүдөй сөздөр менен суранышың керек:

О, Теңирим, Сенин биримдик Падышалыгыңа карай жүзүмдү бурдум жана Сенин ырайымыңдын деңизине чөмүлдүм. О, Теңирим, ушул караңгы түндө Сенин отуң менен назарымды жарык кыл жана ушул ажайып кылымда Сенин сүйүүңдүн шарабы менен мени бакытка бөлө. О, Теңирим, Өз чакырыгыңды мага угуза көр жана даңкыңдын жарыгын көрүш үчүн, сулуулугуңа ашык болуум үчүн, асманыңдын дарбазасын менин ажарымдын алдында кеңири ач.

Акыйкатта, Сен Берүүчүсүң, Мартсың, Ырайымдуусуң, Кечиримдүүсүң.

bahaiprayers.net
Коргоо ~71w BH02023

Коргоо

Ысымыңдын даңкы арта берсин, о Теңир, Кудайым менин! Көк менен жердегилердин баарын калтаарытып коркунуч баскан Кыямат саатын чакырган Өзүңдүн Ысымың менен Сага жалынам, Өзүңө жүзүн бурган жана Ишиңе көмөкчү болгон пенделериңе көктөн мээримиңди төк, кайрымдуулук булуттарыңды жаадыр, жүрөктөрүн шаттандыр.

О, Теңирим, Өзүңдүн кулдарың менен күңдөрүңдү максатсыз ойлордун, пайдасыз куру кыялдардын жебелеринен сакта жана аларга ырайымыңдын тереңиндеги билимиңдин улуу сууларынан бир ууртам ууртата көр.

Сен, акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүүсүң, Жогорусуң, түбөлүк

Кечиримдүүсүң, Жоомартсың.

bahaiprayers.net
ТАЙБАСТЫК ~148w BH05467

ТАЙБАСТЫК

О, Алла, кагылайын Кудайым, мен күбөмүн, Сен эзелтеден кол жеткис улуулугуң жана кудуретиң менен бийиксиң жана түбөлүккө чексиз күчүң менен жана даңкың менен кала бересиң. Көк менен жер падышалыктарында эч ким Сенин максатыңа тоскоол боло албайт, аян дүйнөсү менен болмуш дүйнөсүндө эч ким Сага үстөм боло албайт. Өзүңдүн буйругуң менен каалаганыңды кыла аласың жана бийлигиңдин күчү менен Өзүң каалагандай башкарасың.

О, таңды Жаркыратуучу, о, Сен, көк менен жердеги бардык жандардын алдында сүйүүңдүн отун Жандыруучу, Өзүңдүн жаратуу дүйнөңдө Сенин акылмандуулугундун майы менен алоолонуп жанып турган шамчырагың менен Сага жалынам – мени Сенин асманыңа көтөрүлгөндөрдүн бири кыла көр жана Сенин эркиңе өзүнүн эркин багындыргандардан кыл.

Мен эч ким да, эч нерсе да эмесмин, Теңирим, а Сен бардыгынан Күчтүүсүң, бардыгынан Кудуреттүүсүң. Мээримиң жана Жоомарттыгың менен мага ырайым кыл, Өзүңө жана Сен сүйгөндөргө кызмат кылууга жардам бер. Эмнени кааласаң, ошону аткаруу Сенин бийлигиңде. Сенден башка Кудай жок, күчтүн, даңктын жана акылмандыктын Теңирисиң.

bahaiprayers.net
Also in: en ko lo mr sm zh-Hant tk ur vi
МАРКУМДАР ҮЧҮН ~84w AB00068

МАРКУМДАР ҮЧҮН

О, кечирмдүү Теңир! Эчен жандар өз өмүрүн билбестик менен, өзүн оолак кармап, эч кимге багынбай өткөрүшсө да, Сенин кечирим мухитиңдин бирдиктүү толкуну күнөөгө баткандын баарын бошотот. Сен кимди кааласаң, Өзүңдүн ишенимдүү пенделериңден кыласың, кимге тандооң түшпөсө күнөкөргө айланат. Эгер Сен бизди адилеттүүлүгүңө жараша соттогон болсоң, биз бардыгыбыз Сенден ажыроого татыктуу болгон күнөкөр аталаар элек, ал эми Өзүңдүн ырайымдуулугуңду көрсөткөн болсоң, ар кандай күнөөкөр тазаланып жана ар кандай чоочун доско айланат. Ошондуктан бизге кечиримиңди тартуула жана Өзүңдүн ырайымыңды төк. Сен Кечиримдүүсүң, жарык Берүүчүсүң, бардыгынан Кудуреттүүсүң.

bahaiprayers.net
НООРУЗ ~150w BH09952

НООРУЗ

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сага алкоо! Караңгылыкты жарыкка айланткан, эл каттаган Ибадаткана курган, Ыйык Насааттар менен ыйык Түрмөк Катты ачыктаган Өзүңдүн Ачылмаң менен Сага жалынам – мага жана менин шериктериме Өзүңдүн көктөгү даңк асманыңа көтөрө турган жана ишеними бошторго Өзүңдүн биримдик чатырыңа кирүүгө тоскоол болчу бузуку күмөн ойлордон тазалай турган көмөгүңдү жибер.

О, айланайын Теңирим, Сенин назик камкордугуңдун учугун бек кармап, Өзүңдүн мээримиң менен берекеңдин этегине жармашкан пендеңмин. Мага жана мен сүйгөндөргө бу дүйнө менен о дүйнөнүн жыргалчылыктарын бере көр. Жараткандарыңдын ичинен эң тандалма пенделериңе даярдаган Касиеттүү Сыйыңды алар үчүн да аныкта.

О, Теңирим, Өз пенделериңе буйрук кылган орозо күндөрү мына. Өзүңдөн башканын баарынан баш тартып, Сенин ыраазылыгың үчүн гана орозо туткан пенделериң бактылуу.

Жараткан Алла, мага жана аларга бир Өзүңө багынууга, буйруктарыңды аткарууга жардам бер.

Акыйкатта, эмнени кааласаң ошону жүзөгө ашыруу Өзүңдүн эркиң. Бардыгын Билүүчү, бардыгынан Акылман Сенден бөлөк Кудай жок. Бардык алкоолор бүт ааламдардын Теңири, Кудуреттүү Кудайга болсун.

bahaiprayers.net
ОКУУНУ ТАРКАТУУ ~174w AB05805SER

ОКУУНУ ТАРКАТУУ

(АКШ жана Канада бахаилери үчүн ачылган дуба)

Дин үйрөтүү үчүн башка өлкөлөргө баргандар сапарынын жүрүшүндө күнү-түнү ушул дубаны окусун:

О, Кудай, айланайын Кудайым! Өзүңдүн даңк падышалыгыңа суктанып жана ага байланганымды көрүп турасың, Сенин сүйүүңдүн оту менен адамдар арасында алоолонуп күйдүм, ушул кеңири жайылган учу-кыйры жок өрөөндөрдө Сенин Падышалыгыңдын кабарчысымын, Сенден башканын баарынан баш тартып, Өзүңө гана үмүт артам, эс алуу менен жайлуулукту унутуп, туулган жеринен алыста жүргөн жолоочумун, Сенин Бийик Босогоңдун алдында момундук менен кулдук урган, Өзүңдүн жогорку даңкыңдын асманы алдында башын ийген чет жердик кулуң түн жымжырттыгында жана таң азанда Өзүңө жалбарып, эртең менен да, кечкурун да Өзүңө кайрылып, Сенин Ишиңе кызмат кылууга жардам бер деп суранат, Батышта да, Чыгышта да Окууңду таркатып, Сөзүңдү көккө көтөрүүгө көмөк сурайт.

О, Теңир! Менин белимди бекемде, болгон күчүм менен Өзүңө кызмат кылууну насип эт, мени өз жайыма калтыра көрбө, ушул чоочун аймактарда жалгыз жана жардамсыз таштаба.

О, Теңир! Жалгыздыгымда Сени менен баарлашууга ракым эт, чоочун жерде жанымда шеригим бол.

Акыйкатта, Сен кимди кааласаң жана Өзүңө эмне ылайык келсе, ошону колдойсуң, акыйкатта, Сен бардыгынан

Кудуретүүсүң, бардыгынан Күчтүүсүң.

bahaiprayers.net
ОКУУНУ ТАРКАТУУ ~81w AB00218

ОКУУНУ ТАРКАТУУ

О, Сен, Теңдешсиз Кудай! О, Сен, Падышалыктын Теңири! Ушул жандар - Сенин көктөгү жоокерлериң. Аларга асман периштелеринин кошуундары аркылуу жардам бер, жеңиш тартуула, алардын ар бири бүтүндөй бир кошуунга айланып, бул өлкөлөрдү Кудайдын сүйүүсү жана Кудайдын окууларынын нуру менен багындырсын.

О, Кудай! Алардын колдоочусу менен таянычы бол; чөлдө жана токойдо, өрөөн жана тоолордо, талаа жана деңиздерде алардын сырдашы бол; Падышалыгыңдын күчү менен жана Ыйык Рухтун деми менен алар ураан чакырсын.

Акыйкатта, Сен Өкүмдарсың, Күчтүүсүң жана Кудуреттүүсүң, Сен Акылмансың, Баамчылсың жана Көрөгөчсүң.

bahaiprayers.net
ОКУУНУ ТАРКАТУУ ~186w BH10589

ОКУУНУ ТАРКАТУУ

(АКШ жана Канада бахаилери үчүн ачылган дуба)

Бул дуба окутуучуларга жана досторго күнүгө окуу үчүн берилген.

О, изги Теңир! Сага алкоолор болсун, анткени Сен бизге түз жолду

көрсөтүп, падышалыктын дарбазасын ачып, Акыйкат Күнү аркылуу Өзүңдү тааныттың. Сокурлардын көзүн, дүлөйлөрдүн кулагын ачтың, өлүктөрдү тирилттиң, жакырларга береке төктүң, адашкандарга жол көрсөттүң; жумуру кургагандарды булактын башатына алып келдиң; чаңка¬ган балыкка акыйкат мухитине жетүүгө уруксат бердиң жана адашкан куштарды ырайымдуулугуңдун раушан багына чакырдың.

О, бардыгынан Кудуреттүү! Биз Сенин бечара пенделериңбиз, Сенден алыстап, Өзүңө жете албай кусабыз, Сенин булагыңдын суусуна чаңкап турабыз, биз сыркообуз, Өзүңдүн дабаңа муктажбыз. Сенин жолуңду жолдоп келебиз, Өзүңдүн жыпарыңды таратуудан башка максатыбыз да, үмүтүбүз да жок, бардык жандар: «О, Кудай, бизди түз жолго сал» деп үн салышса экен деп тилейбиз. Алардын көздөрү ачылсын жана жарыкты көрүшсүн, ылайым, түшүнбөстүктүн караңгылыгынан бошонушсун. Сенин жетекчилигиңдин чырагынын тегерегине чогулушсун. Куру калгандардын ар бири өз үлүшүн алсын. Ажырап калгандардын ар кимиси Сенин сырларыңа кошулсун.

О, бардыгынан Кудуреттүү! Мээримдүү каректериңди бизге бур. Көктөн колдооңду жөнөт. Бизге Ыйык Рухуңдун демин жибер, Сага кызмат кылууда жардамга ээ бололу, бул өрөөндөрдө Өзүңдүн жетекчилигиңдин жарыгын чачкан жылдыз сымал жаркырап туралы.

Акыйкатта, Сен Кудуреттүүсүң, Күчтүүсүң, Акылмансың жана Кыраакысың.

bahaiprayers.net
ОКУУНУ ТАРКАТУУ ~115w AB05016

ОКУУНУ ТАРКАТУУ

(Дуба борбордук Штаттардагы бахаилер үчүн ачылган)

Бул дубаны… күн сайын окуу керек:

О, Кудай! о, Кудайым! Сенин алдыңдагы канаты сынган кушуң мына, анын учуусу жайлады, ага гүлдөп өнүгүүнүн, куткарылуунун бийик чокусуна учуп жетүүгө жардам бер, учу-кыйыры жок мейкиндиктеги анын учуу сапарын бакыт менен шаттыкка бөлө, Сенин Улуу Ысымыңды даңазалаган анын обонун бүт аймактарга тарат, бул таттуу чакырык менен кулактардын моокумун кандыр, көздөрдү жетекчилигиңдин жышаандары менен нурлант.

О, Теңир! Мен жалгызмын, жакырмын, бечарамын. Сенден башка колдоочум да, жардамчым да жок, таянычым да жок. Мени Өзүңө кызмат кылууга дайында, көктөгү периштелериңдин кошуунун жардамга жөнөт, Сөзүңдү жарыялоодо жеңиш тартуула, пенделериңдин арасында Сенин акылмандыгыңды кабарлоого татыктуу кыл. Акыйкатта, Сен алсыздарга Жардамчысың, чабалдарга Коргоочусуң. Акыйкатта, Сен Кудуреттүүсүң, Күчтүүсүң, тоскоолдуктарды Билбессиң.

bahaiprayers.net
Also in: tvl ur
ООР УЧУРДА КОЛДОО ~46w BH08944

ООР УЧУРДА КОЛДОО

Өзүңдүн кудуретиң менен сага жалынам, о, айланайын Кудайым! Сыноо келген убакта жаман жолго түшүүмө жол бербе жана бейгам кезимде менин кадамдарымды Өзүңдүн илхам күчүң менен туура жолго багытта. Сен Кудайсың, каалаганыңды жасай аласың, Сенин эркиңе каршы чыгууга же жазмышыңды аткарууга жолтоо болууга эч кимдин күчү жетпейт.

bahaiprayers.net
Also in: hr en eo fi hi hu kn ms ne pt tpi vi
ООР УЧУРДА КОЛДОО ~20w BH03971

ООР УЧУРДА КОЛДОО

Кыйынчылыктардан Кудайдан бөлөк ким куткарат? Айт: Кудайга даңк! Ал - Кудай! Бардыгы Анын кулдары жана бардыгы Анын буйругуна баш ийет.

bahaiprayers.net
ООР УЧУРДА КОЛДОО ~41w BH06859

ООР УЧУРДА КОЛДОО

О, Теңир! Сен бардык азаптардан Куткаруучусуң жана бардык кайгыны Жоюучусуң. Сен бар капаны айдаган, ар кандай кулчулуктан бошоткон, ар бир жанды күнөөдөн Арылтуучусуң. О, Жараткан Алла! Өзүңдүн ырайымың менен кыйындыктан арылуума жол бер жана куткарууга ээ болгон пенделериңдин арасына кошо көр.

bahaiprayers.net
Also in: en ta
ОРТОЧО НАМАЗ ~345w BH08827

ОРТОЧО НАМАЗ

КҮН САЙЫН ЭРТЕҢ МЕНЕН ТҮШТӨ ЖАНА КЕЧИНДЕ ОКУЛАТ.

Дубаны айтуу алдында колду жууп жана жуунуу учурунда төмөнкү сөздөрдү айтуу керек:

О, айланайын Кудайым! Колдорума кубат бер, дүйнөдөгү бардык күчтөр да алсырата албагандай Китебиңди бекем кармайын. Бирөөнүн энчисине кол салгандан сакта. Акыйкатта, Сен бардыгын Кармап Туруучусуң, баарынан Кудуреттүүсүң.

Бетти жууп жатканда мындай деп айтуу керек:

О, айланайын Теңирим! Жүзүмдү Сага бурдум. Жанарыңдын жарыгы менен аны нурлант! Өзүңдөн башкага жүз бургандан сакта!

Анан түз туруп, жүзүн Кыбылага (ибадат кылуучу жайга б.а. Акка, Бахжи тарапка) буруп мындай деп айтуу керек:

Андан башка Кудай жок экенине Кудай Өзү күбө. Аян Падышалыгы да, Жаратылгандар Падышалыгы да Ага таандык. Акыйкатта, Ал Ачылма таңы ким экенин көрсөттү, Синай тоосунда Ким маектешкенин, Ким аркылуу көк мейкиндиги жаркырап чыкканын жана жол сонуңдагы Лотос дарагына тил бүткөнүн, асмандагы жана жердеги бардык жандыктарга: «Кулак салгыла, баарына Ээлик Кылуучу келди. Жер жана асман, даңк жана бийлик Кудайга таандык, адамзаттын Теңири жана асман-жер Тагынын Ээсине таандык» деген чакырык Ким аркылуу жарыя кылынганын ачыктады!

Анан белин бүгүп, колдорун тизесине коюп, мындай деп айтуу керек:

Сен менин алкоомдон жана менден башкалардын алкоосунан жогору турасың, менин жана көк менен жердегилердин бардыгынын түшүнүгүнөн алда канча бийиксиң!

Андан кийин, тикесинен туруп жана алакандарын жайып мындай деп айтуу керек:

О, Кудайым, Сенин ырайымдуу-лугуңдун жана Сенин берекеңдин этегин кармап жалбарган пендеңдин үмүтүн үзө көрбө, о, Сен ырайымдуулардын Ырайымдуусу!

Андан кийин отуруп мындай деп айтуу керек:

Сенин биримдигиңе жана Өзүңдүн жалгыз экендигиңе, Кудай экендигиңе жана Сенден башка Кудай жок экендигине күбөмүн. Акыйкатта, Сен өз Ишиңди алып келдиң, Осуятыңдагы шертиңди аткардың жана ким көк менен жерди мекендеген болсо, бардыгы үчүн Өзүңдүн ырайымыңдын дарбазасын кенен ачтың. Бул дүйнөнүн оомал-төкмөлүнө карабай өзүңдөн жүз бурбаган, сага тиешелүүгө кол жеткизүү үмүтү менен, колунда бар нерсесин Өзүңө багыштаган сүйүктүүлөрүңө кут-береке жана тынчтык, сый жана даңк буюрсун. Сен, акыйкатта, түбөлүк Кечиримдүүсүң, бардыгынан Жоомартсың.

(Эгер кимде-ким кааласа соңку узун дубанын ордуна:

«Коркунучта Жардамчы, Өзүн Өзү бар Кылуучу Андан башка Кудай жок экендигине Кудай Өзү күбө» деп айтса ошол жетиштүү болот.

Же болбосо отурган абалда, төмөнкү сөздөрдү айтса жетиштүү болот:

«Сенин биримдигиңе жана Өзүңдүн жалгыз экендигиңе, Кудай экендигиңе жана Сенден башка Кудай жок экендигине күбөмүн».)

bahaiprayers.net
Also in: en
ОТТУУ ЫЙЫК НАСААТ ~767w AB00101

ОТТУУ ЫЙЫК НАСААТ

Эзелтеден Түбөлүктүү, Эң Улуу Кудайдын ысымы менен.

Акыйкатта, аруу таза жүрөктөрдү айрылуунун оту жалмап барат. Дидарыңдын жарык нуру кайда, 

О, ааламдардын Сүйүктүүсү?

Сага жакындар жалгыздыктын караңгы туңгуюгунда калды. Сени менен кайра кошулуунун агарган таңы кайда,

О, ааламдардын Тилеги?

Сенин тандалма жандарыңдын денелери алыскы чөлдө калтырап жатат. Демиңдин мухити кайда,

О, ааламдардын Арбоочусу?

Жалбара суранган алакандар Өзүңдүн жоомарттыгың менен ырайымыңдын асманына карай жайылган. Сенин белектериңдин жамгыры кайда,

О, ааламдардын Жооп Берүүчүсү?

Ыймансыздар бардык жерде зулумдукту орнотушту. Жазмыш Калемиңдин багындыруучу күчү кайда,

О, ааламдарды Жоошутуучу?

Ар тараптан иттин арылдап үргөнү угулат. Сенин кудуретиңдин чатырынан чыккан арстан кайда,

О, бүт ааламдардын Жазалоочусу?

Бүткүл адамзат кайдыгерликтин туткунунда калды. Сенин сүйүүңдүн жылуулугу кайда,

О, ааламдардын Жалыны?

Кайгы-капа баштан ашты. Сенин колдооңдун белгилери кайда,

О, ааламдардын Куткаруучусу?

Калктын көбүн караңгылык жалмады. Сенин көркөмүңдүн жарыгы кайда,

О, ааламдардын Жарык Нуру?

Зулумдук баш көтөрдү. Сенин кек алчу шамшарың кайда,

О, ааламдарды Кыйратуучу?

Кордук туңгуюктун чегине жетти. Сенин даңкыңдын көрүнүштөрү кайда,

О, ааламдардын Даңкы?

Сенин Боорукер деген ысымыңды Жарыя Кылуучу азапка чулганды. Аяныңдын Таңынын Салтанаты кайда, О, ааламдардын Ырахаты?

Жер бетиндеги адамдардын баарын муң басты. Сенин шаттыгыңдын туулары кайда,

О, ааламдардын Кубанычы?

Сенин Таңыңдын жышаандарын арамза чагымдар тосуп турганын көрүп турасың, бардыгынан күчтүү Колдоруң кайда,

О, ааламдардын Кудурети?

Адамдарды азаптуу чаңкоо алсыратууда. Сенин Жоомарттыгыңдын суулары кайда,

О, ааламдардын Ырайымы?

Адамзат баласы ач көздүктүн кулуна айланды. Байланбастык чөйчөгүң кайда?

О, ааламдардын Теңири?

Куугунтукталган бул Жандын сүргүндөгү жалгыздыгын көрүп турасың. Сенин амириңдин асман кошуундары кайда?

О, ааламдардын Өкүмдары?

Жат жерде бозгун болдум. Адалдыгыңдын далилдери кайда,

О, ааламдардын Таянычы?

Өлүм алдындагы азап бардык адамдарды түйшөлттү. Түбөлүктүү жашоо мухитиңдин толкундары кайда,

О, ааламдардын Жашоосу?

Шайтандын шыбыры бар жандууну жалмап жатат. Өзүңдүн отуңдан жалындаган учкун жылдызың кайда,

О, ааламдардын Жарыгы?

Дээрлик бардык адамзат тукумун кумар мастыгы ойрон кылды. Аруулуктун таңкы шоокуму кайда,

О, ааламдардын Эңсөөсү?

Көрүп турасың: куугунтукталган бул Бечараң сириялыктардын арасында зулумдуктун торуна чырмалды. Сенин таңыңдын жаркыраган шоолалары кайда,

О, ааламдардын Жарыгы?

Көрүп турасың: Мага мындан ары сүйлөөгө тыюу салынды, анан Сенин обонуң кайдан жаңырмак,

О, ааламдардын Булбулу?

Дээрлик бүт адамзат куру кыялдарга батты. Сенин ишенимиңдин көрүнүшү кайда,

О, ааламдардын Ишеними?

Баха кайгы-кырсык айлампасына чөгүп жатат. Сенин куткаруу Кемең кайда,

О, ааламдардын Куткаруучусу?

Көрүп турасың: Сенин сөзүңдүн таңы жаралыш караңгылыгына чулганды. Сенин ырайымыңдын күнү кайда?

О, ааламдарга жарык Берүүчү?

Акыйкат менен аруулуктун, ишеним менен ар-намыстын чырактары өчүрүлдү. Сенин жазалоочу каарыңдын жышаандары кайда,

О, ааламдарды Кыймылдатуучу?

Сенин тарабыңда согуша турган бирөөнү көрүп турасыңбы же Сенин сүйүүңдүн жолунда Анын башына эмне түшкөнү туурасында ойлойсуңбу? Калемимдин сыясы ушул жерден какшыды,

О, ааламдардын Ашыгы.

Тагдырдын долу бороону Кудайлык Лотос Дарагынын бутактарын сындырды. Сенин жардамыңдын туулары кайда?

Бүт ааламдардын Жоокери?

Ушул Ажар жалаанын чаңы алдында калды. Сенин мээримиңдин желаргысы кайда,

О, ааламдардын Ырайымы?

Адалдыктын ак жабуусу жалганчылар тарабынан булганды. Сенин ыйыктыгыңдын кийими кайда,

О, ааламдарды Көрктөндүрүүчү?

Адамдар жасаган нерседен ырайым деңизи нес болду. Сенин жоомарттыгыңдын толкундары кайда,

О, ааламдардын Эңсөөсү?

Кудайдын алдына кирүү эшиги душмандарыңдын зулумдугу менен жабылды. Сенин белектериңдин ачкычы кайда,

О, ааламдардын Ачкычы?

Козголоңчу шамалдын уусунан жалбырактар саргайды. Сенин ырыскыңдын булуттары кайда,

О, ааламдардын Берүүчүсү?

Бүт аалам күнөөгө белчесинен батты. Сенин кечиримиңдин желаргысы кайда?

О, ааламдардын Кечирүүчүсү?

Ушул Улан ээн өлкөдө жападан жалгыз. Сенин көктөгү берекеңдин жамгыры кайда,

О, ааламдардын Сыйкору?

Жогорку Калем! Сенин таттуу чакырыгыңды асман мекен-жайынан уктук. Улуулуктун Тили эмне дегенине эми кулак сал, бүт ааламдын Азап Тартуучусу!

Эгерде ушул суук болбосо, сенин сөздөрүңдүн ысык жалыны кантип жеңишке жетмек, О, ааламдардын Чечмелөөчүсү?

Азап-кайгы болбосо, Сенин сабырыңдын күнү кандайча жаркырамак,

О, ааламдардын Жарыгы?

Ыймансыздар үчүн кыжырданба: Сен кайраттуулук менен момундукту көрсөтүш үчүн жаралгансың,

Ааламдардын сабыры.

Козголоңчу бузукулардын үстүнөн Осуят көк мейкиндигиндеги Сенин таңың менен Кудайга болгон жалындуу умтулууң кандай гана керемет,

О, ааламдардын Сүйүүсү.

Сенин аркаң менен эркиндиктин туусу бийик чокуларда желбиреп, жоомартыктын деңизи толкуп чыкты,

ааламдардын Суктануусу.

Сенин жалгыздыгың аркылуу Биримдиктин күнү жаркырап тийди жана Сенин сүргүнүң аркылуу жер бети Ынтымак менен кооздолду. Көтөрүмдүү бол,

О, Сен, ааламдардын Сүргүнчүсү.

Биз кордукту даңк кийими кылдык жана азап-кайгыны - Сенин жан ордоңдун жасалгасына айланттык,

О, ааламдардын Сыймыгы.

Көрүп турасың: Жүрөктөр жек көрүүгө толду. Сенден башка ким кечире алат,

О, ааламдардын күнөөлөрүн Жашыруучу?

Кылыч жаркылдаса, алдыга бас! Жебенин огу ышкырса, душманды чегинт!

О, ааламдардын Курмандыгы!

Сенин даттанганың жөндүүбү же Менинби? Сенин жолдоочуларыңдын аз экенине мына Мен жашымды төгөм,

О, ааламдарды Өксүтүүчү.

Акыйкатта, Сенин чакырыгыңа кулак салдым, Сүйүктүү, Даңктуу: Эми Баханын ажары сыноолордун ысыгынан жана Сенин алоолонгон сөздөрүңдүн табы менен жалындап алоолонот жана Ал курмандык чалуу жеринде толук ишеним менен көтөрүлүп, Сага жакканды гана издейт,

О, ааламдардын Куруучусу.

О, Али-Акбар, эмесе бул Ыйык Насаат үчүн Аллаңа ыраазычылык билдир, Сен бул Насааттан Менин момундугумдун жыпар жытын искеп жана бүт ааламдар баш ийген Кудай жолунда башыбыздан өткөндүн баарын аңдап-түшүнөөрсүң. Эгер бардык пенделер муну окуп жана акыл калчап көрө турган болсо, алардын тамырында ааламдарды камтый алчу жалын тутанат.

bahaiprayers.net
Also in: ceb en ha ja lo zh-Hans tk tvl
РУХАНИЙ САПАТТАР ~101w BH04421HEA

РУХАНИЙ САПАТТАР

Мага таза жүрөк жарата көр, о менин Кудайым жана таза абийир бер, о, Үмүтүм менин! Сенин рухуңдун күч-кубаты менен мени бекемде, о Сүйүктүүм менин; Сенин даңкыңдын жарыгы менен Өз жолуңду мага көрсөт, о Сен, менин умтулууларымдын Максаты! Сенин ыйыктыгыңдын Асманына карай, жеңилбес кубатыңдын күчү менен мени көкөлөт, о менин тирлигимдин Башаты! Сенин түбөлүктүүлүгүңдүн желаргысы менен мени кубант, о менин Кудайым!

Сенин түбөлүктүү обондоруң мага бейпилчилик тартууласын, о, Шеригим менин, Сенин байыркы ажарыңдын кенчи мени Сенден бөлөк башка бардык нерселерден калкалап турсун, о Төрөм менин жана Сенин түбөлүктүү маңызыңдын ачылышы туурасындагы жагымдуу кабар мага кубаныч алып келсин, о, аныктардын Аныгы, касиеттүүлөрдүн Касиеттүүсү!

bahaiprayers.net
РУХАНИЙ САПАТТАР ~22w BH09207

РУХАНИЙ САПАТТАР

О, Кудай, айланайын Кудайым! Башыма адилеттик таажысын кийгиз, ал эми маңдайымды калыстыктын үлгүсү менен кооздо. Сен, акыйкатта, бардык белектердин жана марттыктын Ээсисиң.

bahaiprayers.net
Also in: am ny hr en ja ko no ru sm sw te
РУХАНИЙ САПАТТАР ~197w BB00633

РУХАНИЙ САПАТТАР

Ал Ырайымдуу жана бардыгынан Жоомарт! О, Кудай, менин Кудайым! Сенин чакырыгың мени өзүнө тартты жана Сенин даңкыңдын Калеминин добушу мени ойготту. Сенин ыйык сөздөрүңдүн агымы мени тамшандырып, шыктандыруу шарабың мени шаттыкка бөлөдү. Сенден башканын баарынан баш тартканымды көрүп турасың, о, Теңирим, Сенин белектериңдин учугун кармап, ошондой эле жыргалыңдын кереметтерин сурап жалбарам. Сенин мээримдүүлүгүңдүн түбөлүк толкундары менен жана назик камкордугуң менен ырайымыңдын жарык оту менен суранам - Сага карай мени эмне жакындата турган болсо, ошону мага насип эт жана Сенин кенчиң менен мени байыт. Сөзүм да, калемим да, менин бар болгон турпатым Сенин кудуретиңе, Сенин күчүңө, Сенин изгилигиңе, Жоомартыгыңа жана Өзүңдөн башка Кудуреттүү, Күчтүү Кудай жок экенине күбө.

О, Кудайым, ушул саатта өзүмдүн жардамсыздыгыма жана Сенин жогорку бийлигиңе, өзүмдүн алсыздыгыма жана Сенин күчүңө күбө өтөм. Мага эмне пайдалуу, эмне зыян экенин мен билбейм; Сен, акыйкатта, бардыгын Билүүчүсүң, бардыгынан Акылмансың.

О, Теңир, менин Кудайым жана менин Төрөм, Сенин түбөлүктүү буйругуңа ыраазы болуп, ар бир ааламыңда гүлдөп-өсүүнү мага буюра көр. Сен, акыйкатта, Ырайымдуусуң, Жоомартсың.

О Теңир! Сенин байлыгыңдын мухитинен жана ырайымыңдын асманынан мени алыстата көрбө, бул дүйнө менен о дүйнөнүн жыргалын бере көр. Акыйкатта, Сен ырайымдуулук тагынын Өкүмдарысың, көктү мекендеген Падышасың; Жалгыз, баардыгын Билүүчү, бардыгынан Акылман, Сенден бөлөк Кудай жок.

bahaiprayers.net
Also in: ar ar-translit en ja tk
РУХАНИЙ САПАТТАР ~109w BH07780

РУХАНИЙ САПАТТАР

О, Жараткан Алла! Мен Өзүңө ашык болуп суктанган пендеңмин, Сенин Биримдигиңдин дарбазасына момундук менен жакындап келем жана Сенин ырайымыңдын Падышалыгына кайрылам.

О, Кудайым! Толугу менен Сеники болууну насип кыл жана Сен жөнүндө гана ойлоп, Са¬га болгон сүйүүмдүн оту менен жалындап күйүүгө, Сенден башканын баарынан баш тартып, Өзүңдүн Ишиңдин урматына эмгектенүүгө, акылмандыгыңды жайылтууга, окууңду таратууга жана Сени таанып-билүүнүн кубанычы менен бөлүшүүгө ракым эт.

О, Кудайым, мен Сенин бийлигиңдин колдору менен жандырылган отмун; сыноолордун шамалынан ал оттун өчүп калуусуна жол бербе. Са¬га болгон сүйүүмдү жана Сенин Жалгыздыгыңдын көркөмүнө суктануумду бекемде. Жалгыздык маңызыңдын Синайында жалындаган отту күчтөнт, Өз ырайымың жана жоомарттыгың менен мага түбөлүктүү өмүр тартуула. Сен Сакчысың, Коргоочусуң, Кайрымдуусуң жана Ырайымдуусуң.

bahaiprayers.net
Also in: af hy az sne da nl en de hi is pt ro ru es tl ta
РУХАНИЙ САПАТТАР ~62w ABU1863

РУХАНИЙ САПАТТАР

О, Кудайым! Менин рухумду сергит жана шаттандыр. Жүрөгүмдү тазарт. Күчүмдү жалындат. Бар болгон ишимди Сенин колуңа ишенип тапшырдым. Сен менин Жетекчимсиң жана Башкалкамсың. Мен эми санаа чегип, азап тартпайм, шаттанам, бактылуу болом. О, Кудайым! Мындан ары убайымга түшпөйм жана кайгы-муң тынчымды алышына жол бербейм. Тиричилик түйшүктөрүнө алдырбайм. О, Аллам! Өзүмө караганда сен мага көбүрөөк доссуң. Өзүмдү толугу менен Сага тапшырдым, о, Теңирим!

bahaiprayers.net
ТАЙБАСТЫК ~133w BH00454

ТАЙБАСТЫК

Сен даңктуусуң, о, Теңир, айланайын Кудайым! Өзүңдүн эң улуу Ысымың ким болсо, Ошонун аты менен жалынам, Сенин акыйкатыңды четке каккан пенделериңдин колунан катуу жапа чеккендин аты менен жалынам, тил айтып жеткирүүгө мүмкүн болбогон азапатарга туш болгондун аты менен жалынам - бардыгы Сенин сулуулугуңдан жүз буруп, Сага каршы чыгып, Өз Ишиңди аманат кылып тапшырган Жарчыңдан текебердик менен баш тарткан ушул күндөрдө Сени эскерип, Өзүңдү даңазалоого уруксат эт! О, менин Теңирим, Өзүңдөн башка жардамчың жок, Өзүңдүн күчүңдөн башка эч бир күч сени колдой албайт.

Өзүңө жалбарам - Сенин сүйүүңдү бекем карманууга жана Сени эскерип жүрүүгө ракым эт. Акыйкатта, буга дарманым жетет, Сен мен жөнүндө баарын билесиң. Акыйкатта, Сага бардыгы белгилүү, бардыгынан кабардарсың. О, менин Теңирим, бүтүндөй дүйнөнү жарык кылган Сенин ажарыңдын нурунан мени айрый көрбө. Күчтүүнүн Күчтүүсү, бардыгынан Даңктуу, түбөлүк Кечиримдүү, Сенден башка Кудай жок.

bahaiprayers.net
Also in: en ha is mi sw uk
ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ ~92w BB00554

ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ

О Боорукер Теңир! Мени уйкудан ойготуп, тунук акыл-эс бергениңе ыраазымын. Көзүмө курчтук бердиң, кулагымды ачып, Өз Падышалыгыңа алып келдиң, Өзүңдүн адал Жолуңа багыттадың. Мага туура жолду көрсөтүп, Куткаруу Кемесине киргиздиң. О Алла! Мага бек болууга жардам бер, тайманбас кыл, тайбас кыл. Каардуу сыноолордон сакта, Өзүңдүн Осуятың менен Мыйзамыңдын кол жеткис бекем чебинде мени корго. Сен Кудуреттүүсүң. Сен Көрөгөчсүң. Сен Угуучусуң.

О Боорукер Кудай! Сенин сүйүүңдөн айнек сымал жаркыраган жүрөк бер мага, асмандан түшкөн кут-берекенин жардамы менен бул дүйнөнү гүл бакчага айланта ала тургандай ой-санаа бер.

Сен Боорукерсиң, Кайрымдуусуң. Сен Улуу Изги Теңирсиң.

bahaiprayers.net
ТАЙБАСТЫК ~247w AB06005

ТАЙБАСТЫК

О, айланайын Кудайым, акыйкатта, мен Сенин пендеңмин, Сенин бечераңмын, Сенин мусаапырыңмын, Өзүң жараткан бир алсыз жанмын. Мен Сенин мекен-жайыңды издеп, дарбазаңдын алдына келдим. Сага болгон сүйүүмдөн башка эч нерседен тынчтык таба албасмын, Сени эскерүүдөн башка ырахат ала албасмын, Сага баш ийүүдөн башка умтулуум жок, Сага жакын болуудан башка кубаныч жок, Сага кошулуудан башка бейкуттук жок, бирок мага маалым, жаратылгандын баары Сенин улуу маңызыңдан алда канча алыс жана бардык жаратылыш Сенин ыйык Болмушуңа жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган. Мен Сага жакындаганга аракет кылган кезде, Сенин кут-берекеңдин белгилерин гана сезе алам жана назик камкордугуңдун ачылыштарын гана туям. Жаратылгандардын эч бири Сени менен эч качан байланышта боло албаса жана Өзүңдү таанууга эч кимдин кудурети жетпесе, Өзүң жараткан пендең Сени менен биригүүгө жана Сага жакындыкка ээ болууга умтула алабы? Өз өкүмчүлүгүңдүн ачылмасы менен Өз бийлигиңдин керемет далилдерин ал үчүн камдап берген күндө да, момун пендең Өзүңдү толук таанып-биле алабы, Өзүңө алкоо айта алабы? Ошондуктан, жаратылгандын баары Сенин ыйык жайың алар үчүн жабык экенин тастыктайт, анткени анын ички маңызы чектелүү. Ошондой болсо да, Сенин колуң менен жаратылгандарды түбөлүккө Өзүңө карай тартып турган күчтүн бар экени шексиз, бирок жаратылгандар кандай гана иш-аракет кылбасын, Сенин Ыйык сарайыңдын денгээлине көтөрүлө албайт. Мындан айкын көрүнүп тургандай, о, Кудайым, Өзүңдү татыктуу алкоого мен таптакыр алсызмын, Өзүңө татыктуу ыраазылык билдирүүгө жөндөмсүзмүн, ал эми Сенин Кудайлык биримдигиңди толук түшүнүүгө же Сенин даңкыңдын, ыйыктыгыңдын жана сулуулугуңдун ачык белгилерин түшүнүү үчүн өтө эле чабалдык кылам. Ошентсе да, Сенин кудуретиң менен ант берем, Сенден башка эч нерсеге умтулбайм жана Сенден башка эч кимди издебейм.

bahaiprayers.net
Also in: en fi gu th
Уй-бүлө ~94w BB00583

Уй-бүлө

О, Кудайым, Өзүңдүн кечиримиңди сурап Сага жалбарам, пенделериңдин Өзүңө кандай таризде кайрылышын каалаган болсоң, так ошондой таризде ырайымыңды тилеп жалынам. Өзүңдүн Теңирчилигиңе жараша биздин күнөөлөрүбүздү кече көр, Өзүңдүн чексиз күчүң менен жана асмандагы кудуретиңдин даңкына ылайык, менин, ата-энемдин жана Сенин түшүнүгүң боюнча сүйүүңдүн сарайына кирди деп саналгандардын күнөөлөрүн кечир деп суранам.

О, кагылайын Кудайым! Менин жанымды Өзүңө сыйынууга шыктандырдың, Сенин каалооң болбосо, Сага кандайча кайрыла алат элем. Даңктуусуң жана Улуксуң; Өзүңдү мага ачып бергениң үчүн Сени даңктай алам жана Өзүңдү таанып-билүү милдетимди аткара албаганым үчүн, Сенин сүйүүңдүн жолунда ийгиликтүү боло албаганым үчүн кечирим сурайм.

bahaiprayers.net
Коргоо ~59w AB00001SHI

Коргоо

О, Кудай, о Кудайым менин! Сенин сүйүүңдүн учугун бекем кармап, мен үйүмдөн чыктым, өзүмдү толугу менен Сенин камкордугуңа жана Сенин коргооңо тапшырдым. Адашкандардан жана бузулгандардан, ар кандай зордук-зомбулук кылгандардан, Сенин жолуңдан адашкан кара санатайлардан сүйүктүүлөрүңдү коргогон Өзүңдүн кудуретиңе жалбарам, жоомарттыгың жана ырайымың аркылуу мени сакта. Өзүңдүн күчүң менен кудуретиңдин астында, үйүмө аман-эсен кайтар. Акыйкатта, Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, коркунучта Жардамчысың.

bahaiprayers.net
ОКУУНУ ТАРКАТУУ ~361w AB00032

ОКУУНУ ТАРКАТУУ

(АКШ жана Канададагы бахаилер үчүн ачылган дуба)

О, Кудай! Айланайын Кудайым! Бардык өрөөндү караңгылык каптап, бүт өлкөлөр чыр-чатактын жалынына чырмалып, согуш менен кыргындын оту Чыгыш менен Батышты каптаганын көрүп турасың. Кан төгүлүп, өлүк денелер жерди каптады, кыйылган баштар чаңга оронуп жатат.

О Теңир! Бул билимсиздерди ая, аларга ырайымдуу жана кечиримдүү көзүң менен кара. Бул оттун жалынын өчүр, асман мейкинин жапкан түнөргөн булуттар тарасын, Акыйкат Күнү жаркырап тийип, жарашуу нурларын төксүн, ушул түнөргөн караңгылык таркап, бардык өлкөлөр тынчтыктын көз тайгылткан жарыгына бөлөнсүн.

О, Теңир! Аларды жек көрүүчүлүк менен кастыктын торунан бошот, ушул көзгө сайса көрүнбөс караңгылыктан чыгар. Алардын жүрөктөрүн бириктир, көздөрүн тынчтыктын, ынтымактын жарыгы ме¬нен нурлант. Аларды согуштун жана кан төгүүнүн түпсүз туңгуюгунан сууруп чык жана адашуунун караңгылыгынан бошот. Көздөрүндөгү көшөгөнү жулуп ташта, жүрөктөрүн жетекчилигиңдин жарыгы менен жаркырат. Аларга адилеттүүлүгүң менен эмес жана өтө кудуреттүү дегендер да калтаарыган Өзүңдүн каарың менен эмес, ырайымдуулугуң жана боорукерлигиң менен кара.

О, Теңир! Согуштар уланууда. Кайгы-кырсыктар көбөйүп, гүлдөп жаткан ар аймак чөлгө айланып барат.

О, Теңир! Адамдардын жүрөктөрүнө оор жүк түшүп, жан дүйнөлөрү сыздап ооруп турат. Бул бечера жандарды ая, өз кумар-эңсөөлөрү алардын түбүнө жетишине жол бербе.

О, Теңир! Жүздөрүн жетекчилигиңдин нуру жаркыраткан, көр тирликке байланбаган, Сенин ысымыңды даңазалаган, адамдар арасында Сенин касиетиңдин жыпарын таркатан момун жандарды Өз өлкөлөрүңө жөнөт.

О, Теңир! Аларды чыңда, белин бекем бууп, жүрөктөрүн Өзүңдүн улуу сүйүүңдүн жышаандары менен алоолонт.

О, Теңир! Акыйкатта, алар алсыз, а Сен Күчтүүсүң жана Кудуреттүүсүң, алар жардамсыз, а Сен Жардамчысың, Боорукерсиң.

О, Теңир! Нааразылык мухитиң толкуду жана анын бороону Өзүңдүн бардык аймакты кучагына алган чексиз ырайымдуулугуң аркылуу гана басылат.

О, Теңир! Акыйкатта, адамдар өз кумарларынын сазына батты, аларды Сенин чексиз жоомарттыгыңдан бөлөк эч нерсе сактап кала албайт.

О, Теңир! Бул бузуку кумардын караңгылыгын таркат жана жакында бүт өлкөлөргө жарык бере турган Өзүңдүн сүйүүңдүн жарыгы менен адамдардын жүрөктөрүн нурландыр. Сенин Сулуулугуңа ашык болгондуктан өз өлкөсүн таштап, үй-бүлөсү менен балдарын калтырып, Өзүңдүн Жыпарыңды таратуу үчүн жана Сенин Окууңду жарыя кылуу үчүн жер кезип жүргөн сүйүктүүлөрүңдү бекемде. Алардын жалгыздыгында шерик бол, бөтөн жерде жардамчысы бол, кырсык тооруганда сооротуучусу бол, азаптарынан арылтуучусу бол. Алар үчүн чаңкоосун кандыруучу мүрөктүн суусу бол, оорудан сакайтуучу эм бол, жүрөктөрүн куйкалаган аптаптан сактоочу шыпаа бол. Акыйкатта, Сен баарынан Жоомартсың, мол кут-берекенин Теңирисиң. Акыйкатта, Боорукерсиң жана Кайрымдуусуң.

bahaiprayers.net
ДАБА ~112w AB00079

ДАБА

О, Кудай, кагылайын Кудайым! Сенин шыпааңдын мухити менен, Сенин кут-берекеңдин Күндүзгү жылдызынын жарыгы менен, пенделериңди багындырган Өзүңдүн ысымың менен, Сенин эң ыйык Сөзүңдүн асман-жерге тараган күчү менен, Улуу Калемиңдин кудурети менен, көк менен жердегилердин бардыгын жаратууну мүмкүн кылган Сенин ырайымың менен жалбарып суранам, Жоомарттыгыңдын суусу аркылуу ар кандай оору-сыркоодон, алсыздык менен чабалдыктан мени тазарта көр. О, Кудайым, Сага тизе бүгүп жалынган пендең Сенин жоомарттыгыңдын дарбазасы алдында күтүп турганын жана өзүңө үмүт арткан кулуң Сенин айкөлдүгүңдүн учугуна жармашып отурганын көрүп турасың. Өзүңөн жалынып сурайм, Сенин ырайымдуулугуңдун мухитинен жана назик камкордугуңдун Күндүзгү Жылдызынан ал эмне издесе, андан баш тарта көрбө.

Эмне кааласаң баарын жасай ала турган күч Өзүңдө. Кечиримдүү, Жоомарт, Сенден башка Кудай жок.

bahaiprayers.net
ТАҢКЫ ДУБА ~169w AB00126

ТАҢКЫ ДУБА

Бардык алкоолор Сага болсун, о, Кудайым, анткени Сен мени уйкумдан ойготтуң, жок болуп кетүүмдөн кийин мени кайрадан кайтардың жана көшүлгөн абалымдан чыгардың. Ушул таңда ойгонуп, Сенин белгилериңди таанып, Китебиңе ишенип, Учугуңду бекем кармап, күчүң менен улуулугуңдун асманын жаркыраткан Өзүңдүн Ачылмаңдын Күндүзгү Жылдызынын жарыгына жүзүмдү бурдум.

Сенин эркиңдин кудурети жана бардыгын багындыруучу бийлигиң менен Өзүңө жалбарам: жүрөктөрү Сага деген махабатка толгон сүйүктүүлөрүң үчүн түшүмдө мага ачкан аяныңдан бекем пайдубал түптөп бер жана да кут-берекең менен назик камкордугуңдун белгилерин ачыктай турган эң мыкты куралды жарата көр.

О, кагылайын Теңирим, Өзүңдүн өтө бийик Калемиң аркылуу мага эки дүйнөнүн жыргалчылыгын буюра көр. Бар нерсенин тизгинин Өз колуңда кармап тургандыгыңа күбөмүн. Сен аларды каалагандай өзгөртө аласың. Күчтүү, Ишенимдүү Сенден башка Кудай жок.

Өз амири менен кордукту даңкка, чабалдыкты күчкө, алсыздыкты кудуретке, коркунучту бейкуттукка, күмөндү ишенимге айландырган Өзүңсүң. Кудуреттүү, кут Берүүчү Сенден башка Кудай жок.

Өзүңдү издегендердин көңүлүн эч сындырбайсың, Өзүңө умтулгандарды эч качан жерибейсиң. Өзүңдүн айкөлдүк асманыңа жана жоомарттыгыңдын мухитине эмне ылайык келсе, ошону менин маңдайыма жаза көр. Сен, акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Күчтүүсүң.

bahaiprayers.net
Also in: en fo fi hu it ja sk th uk
Жардам ~59w AB00174

Жардам

О, Кудуреттүү Көрөгөч, биз мусаапырбыз – бизге өз колдооңду жибер, үй-жайсыз бозгунбуз – башпаанек бол, жалгыздап чачырадык - бизди бириктир; жолубуздан адаштык -Өзүңдүн үйүрүңө бизди чогулт; жакырбыз - бизге үлүшүбүздү жана энчибизди тартуула; чаңкап турабыз – бизди Өмүр булагына карай алып кел; алсызбыз – бизге күч бер, Сенин Ишиңе жардамга тикебизден тик туралы, Өзүңдүн жетекчилик жолуңда өмүрүбүздү курман кылалы.

bahaiprayers.net
Also in: en gil ha ta tpi
ОКУУНУ ТАРКАТУУ ~40w AB00189

ОКУУНУ ТАРКАТУУ

О, Кудай, жараткан Аллам! Өзүңдүн ишенимдүү пенделериңе мээримдүү жана назик жүрөк бер, жер жүзүндөгү бардык элдер арасында Жогорку Асмандан келген жетекчиликтин жарыгын жандырууга жардам кыл. Сен акыйкатта, Күчтүүсүн, Өкүмчүлсүң, Кудуреттүүсүң, Багындыруучусуң, түбөлүк Сыйкорсуң. Сен, акыйкатта Айкөлсүң, Кайрымдуусуң, Назиксиң, баарынан Жоомартсың.

bahaiprayers.net
ООР УЧУРДА КОЛДОО ~141w AB00350

ООР УЧУРДА КОЛДОО

Ал Мээримдүү жана Жоомарт!

О, Кудай, кагылайын Кудайым! Мени көрүп турасың, менин жайым сага маалым; Сен менин башпаанегимсиң, жашынаар жайымсың. Сенден башка эч кимди издеген жокмун жана издебейм дагы; Сенин сүйүүңдүн чыйыр жолунан башка жолду баскан жокмун, баспайм дагы. Айласыздыктын көзгө сайса көрүнгүс караңгылыгында үмүт менен күтүүгө толгон каректерим Сенин чексиз ырыйымдуулугуңдун таң шоокумуна багытталган, таң агарып аткан чакта менин алсыраган жаным Сенин сулуулугуң менен Кынтыксыздыгыңды эскерүү аркылуу сергип күчтөнөт. Өзүңдүн ырайымың менен кут-берекең кимге жардамга келсе, ал кичинекей тамчы болсо да чексиз мухитке айланат, Өзүңдүн назик камкордугуңдун колдоосу төгүлгөндө, кичинекей бир бүртүкчө жаркыраган жылдыз болуп чыга келет.

Сага ашык болуп, алоолонуп күйгөн бул пендеңе Өзүңдүн коргооңдон түнөк бере көр, о, Сен, аруулуктун Руху, бардыгынан Жоомарт, Сыйкор. Ага бул дүйнөдө Сенин сүйүүңө туруктуу жана бекем болууга жардам бер, ушул канаты сынган кушка көктөгү бейиш дарагында курулган Теңирчилик уяңдан башпаанек бере көр.

bahaiprayers.net
Also in: en tk tvl
РУХАНИЙ ЖЫЙЫНДАР ~170w AB00388COM

РУХАНИЙ ЖЫЙЫНДАР

Руханий Жыйындын отурумун жабуу учурунда окууга багышталган дуба.

О, Кудай! О, Кудай! Өзүңдүн көзгө көрүнбөс Падышалыгыңдан туруп бизге назар сал, Өзүңө ишенип, Сенин жышаан белгилериңе таянып, мыйзамдарың менен Осуятыңа бекем болуп, Өзүңдүн махабатыңдын оту менен алоолонуп, Сенин Ишиңе берилгендер ушул руханий жолугушууга чогулдук. Биз Сенин жүзүмзарыңдын кулдарыбыз, Сенин диниңдин жарчыларыбыз, Өзүбүздү унутуп Сенин ажарыңа табынабыз, Сен сүйгөндөрдүн алдында момундук менен моюн сунуп, Сенин дарбазаңдын алдында баш ийебиз жана бизди Сен тандаган жандарга кызмат кылууга дайындай көр деп жалбарабыз, көзгө көрүнбөс кошуундарың менен бизди колдо, Сага кызмат кылууда белибизди бекем буу жана бизди Сенин алдыңда моюн сунган, Өзүңө суктанып, Өзүң менен баарлаша ала турган кызматчыларыңа айландыр деп суранабыз.

О, биздин Теңир! Биз алсызбыз, Сен Кудуреттүүсүң жана Күчтүүсүң! Биз жансызбыз, Сен жандандыруучу улуу Рухсуң. Биз муктаждыктабыз, а Сен Берүүчүсүң, Күчтүүсүң.

О, Теңир! Биздин жүзүбүздү Сенин боорукер ажарыңа бур, көктөгү дасторконуңдун мол берекеси менен тойгуз, көктөгү периштелериңдин кошууну менен колдо жана бизди Абха Падышалыгынын ыйык жандары аркылуу бекемде. Сен, акыйкатта, Жоомартсың, Ырайымдуусуң. Улуу белектердин Ээсисиң, ошондой эле Сен, акыйкатта, бардыгын Сүйүүчүсүң жана Изгисиң.

bahaiprayers.net
Жардам ~23w AB00526

Жардам

О, кагылайын Кудайым! Өзүңдүн даңктуу ысымың менен суранам: пенделериңдин бакубаттыгына жана шаарларыңдын гүлдөп-өсүшүнө салым кошууга мага көмөк бол. Акыйкатта, бардык бийлик Сенин колуңда!

bahaiprayers.net
НООРУЗ ~118w AB00527

НООРУЗ

О менин Кудайым, о менин Төрөм! Өзүңө каршы чыгып, Өзүңө каршы күнөө жасаган пенделериңдин арасында мени көрүп турасың. Ар жолу мен аларды Сенин билимиңдин мухитине чакырган сайын, алар ого бетер өжөрлөнүп Ишиңди четке кагып, Сенин Эркиңдин Таңынан барган сайын алыстап бара жатышат. Сага болгон сүйүүсү үчүн Орозо тутуп, Сенин жоомарттыгыңдын колунан момундуктун мүрөк суусун ичкендердин аты менен Өзүңө жалбарам, Өзүңдүн сыноолоруңдун куйкалаган нуру алдындагы сүйүктүүлөрүңө чыдамдуулук учугун бекем карматып, Өз Китептериң менен Ыйык Насааттарыңда аныктаган кут-берекелериңди буюра көр. Сенин атың менен кайгы-касиретке туш болуп, Сенин жолуңда шейиттикти кабылдаган пенделериңе сыйлыктарыңды тартуула. Мындан сырткары, аларга жүрөктөрүн шаттандырган, көздөрүн соороткон, жандарын жыргаткан нерселерди насип кыла көр, о Кудай! Сен, акыйкатта, эң Күчтүү, эң Бийик, коркунучта Жардамчы, баарын Билүүчү, баарынан Акылмансың.

bahaiprayers.net
ТАЙБАСТЫК ~174w AB00529

ТАЙБАСТЫК

О, айланайын Кудайым! Сенин даңкыңа ылайык келгендей деңгээлде Өзүңдү таанып-биле албадым жана менин абалыма ылайык келгендей Сенден корко албадым. Мына ушундай абалда туруп, Сен жөнүндө мен кандайча эскере алам, Сага ибадат кылуу милдетимди аткара албаган соң, жүзүмдү буруп кантип Өзүңө карай алам?

Сен мени бул жашоого Өзүңдүн күчүң менен кудуретиңди көрсөтүү үчүн чакырган жоксуң, күчүң менен кудуретиң ансыз да айдан ачык; Сен Кудайсың, эч нерсе жарала элек кезден бери эле кылымдар бою барсың. Акыйкатта, Сен Өзүңдүн Кудайлык күчүң менен бизди бир гана максатта жараттың, Өзүңдү Эскерүү Ким болсо, Ошонун керемет алдында ырайымың катары ысымыбыз аталсын дедиң.

О, айланайын Кудайым, Сен мага Өзүңдү таанып билүү үчүн үйрөткөн нерсеңден башка, Сен жөнүндө эч нерсе билбейм, ал билгеним да менин дараметим менен күнөөлөрүмдүн айынан чектелген билимимди чагылдырат. Өзүңө толугу менен берилген мен мына, о Кудайым, Сен каалаганды аткарууга даярмын. Сен Кудайсың, Сенден башка Кудай жок, Өзүңө теңдеш эч нерсе жок, Сага окшой ала турган да эч нерсе жок экендигин таанып, Сенин ырайымыңдын аяндары алдында момундук менен кулдук урам. Сенин улуулугуңа ылайык келгендей деңгээлде Сен Өзүң буга күбөсүң.

bahaiprayers.net
МАРКУМДАР ҮЧҮН ~152w AB00846

МАРКУМДАР ҮЧҮН

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сен даңктуусуң! Сен Өзүңдүн түбөлүктүү бийлигиңдин күчү менен зоболосун көтөргөндөрдү кордукка калтырбассың, Өзүңдүн түбөлүктүү мекениңе кирүүгө уруксат алгандарды Өзүңдөн алыстатпассың. О, айланайын Тенирим, Өз Өкүмчүлүгүң менен кучагыңа алгандарды кантип Өзүңдөн алыс кууйт элең, о, менин Эңсөөм, Өзүңдү баш калка кылып келгендерди кантип четке түртүп салат элең? Көккө көтөргөн пендеңди кайра төмөн кулатып, Өзүңдү эсинен чыгарбаган пендеңди Сен унутпассың?

Даңктуусуң, ченемсиз даңктуусуң Сен! Эзелтеден бери бардык жаратылыштын Падышасы Өзүңсүң, анын Баштапкы Кыймылдаткычы да Сенсиң жана кылымдар бою бардык жаратылгандардын Тескөөчүсү жана Теңири болуп кала бересиң. О, кагылайын Кудайым, Сен Даңктуусуң! Эгер пенделериңди Өзүңдүн ырайымыңан ажыратсаң, анда аларга ким ырайым көрсөтөт? Эгер сүйгөндөрүңдү колдооңдон ажыратсаң, анда аларга ким жардамга келет?

Даңктуусуң, ченемсиз даңктуусуң Сен! Өз акыйкатыңда Сен Сүйүктүүсүң, Сага бардыгыбыз табынабыз; Өз адилеттигиң менен Сен бизге анык болдуң, акыйкатта бардыгыбыз Сен жөнүндө күбө өтөбүз. Сен акыйкатта, Өзүңдүн ырайымдуулугуң менен Сүйкүмдүүсүң. Коркунучта Жардамчы, Өзүн Өзү бар Кылуучу, Сенден бөлөк Кудай жок.

bahaiprayers.net
Жардам ~221w AB01215

Жардам

О, айланайын Кудайым, Сенин Сөзүңдүн Күндүзгү Жылдызы түрмө-шаарыңдын асманында жаркырап турганын көрүп турасың, анткени анын дубалдарынын ары жагында Сенин Көрүнүшүңдүн Өзү, Сенин биримдигиңдин жарыгынын Таңкы Шоокуму үнүн көтөрдү, Өзүңө алкоо айтты. Ошентип Сенин шаарларыңдын үстүнөн сүйүүңдүн жыпары аңкыды жана Сенин падышалыгыңдын баардык тургундарын өз кучагына алды.

О, кагылайын Кудайым, Өзүңдүн кут-берекеңди ачыктоо менен кулдарыңа ага жүз бурууга тоскоол жаратпа. О, айланайын Кудайым, алардын абалына, алардын кылгандары менен түйшүктөрүнө караба. Өзүңдүн даңкыңдын улуулугуна, белектериңдин молдугуна, кудуретиңдин өкүмчүлүгүнө жана жакшылык ыроологон кынтыксыз жаратмандыгыңа кара. Сенин даңкың менен ант берем! Эгер Сен аларга адилет көз менен караган болсоң, баары Сенин жаалданган каарыңа гана татыктуу болмок. О, Кудайым, жараткан пенделериңди кут-берекеңдин алаканына сал жана Сен жараткандардын падышалыгында алар үчүн эң мыктысы эмне экендигин ачыктап бер.

О, айланайын Кудайым, биз күбөбүз, Сен нак Кудайсың, Сенден башка Кудай жок. Сен эзелтен бери болгонсуң, Сага теңдеш же салыштырууга татыктуу эч ким болгон эмес жана Сен кылымдар бою ушундай абалда кала бересиң. Биримдик менен тирлик бирдигинин тактысында отурганыңды көргөндөрдүн көзү менен Сага жалбарам: Сени сүйгөндөргө Өзүңдүн Улуу Ысымыңдын күчү менен жардам бер жана аларды ушундай бир бийиктиктерге көтөр, алар өздөрүнүн бар болгон маңызы менен, тилинин жетишинче Сенин Теңдешсиз, Жалгыз, Түбөлүк Өзгөрүлбөс Кудай экендигиңди гана күбөлөндүргөндөй болушсун. Эч качан Сага теңдеш же шерик болчу эч ким болбойт. Сен, акыйкатта, бардыгынан Даңктуусуң, бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардык адамдар жардам сурап жалбарган бир Өзүңсүң.

bahaiprayers.net
Also in: en fr ta vi
КУДАЙ ИШИНИН САЛТАНАТЫ ~76w AB01784

КУДАЙ ИШИНИН САЛТАНАТЫ

О, Теңир! Кудайлык Биримдигиң-дин Дарагына тез өсүм бер; О, Теңир, ырайымыңдын суулары менен аны сугар жана Өзүңдүн Кудайлык жардамыңдын аяндары алдында ал Өзүң каалагандай мөмө берсин, Сени даңктап көкөлөтсүн, Сени алкап ыраазылык билдирсин. Ага Сенин Ысымыңды даңазалоого, Өзүңдүн Маңызыңдын бирдигин мактоого жана Өзүңө сыйынууга мүмкүнчүлүк бер, анткени мунун бардыгы Сенин гана колуңда.

Ысымыңды жар салуу Дарагын өз каны менен сугарууга Сен тарабынан тандалгандар үчүн, ыйык жана айныксыз Сөзүңдү көкөлөтүү урматына ээ болгондор үчүн Өзүңдүн кут-берекең чексиз.

bahaiprayers.net
ЗЫЯРАТНААМАЛАР ~461w AB02580

ЗЫЯРАТНААМАЛАР

Бул дуба Бахаулланын жана Бабдын Ыйык жайында жана ошондой эле Алардын жылдыгында да окулат.

Сенин улуу Маңызыңдан чыккан алкоо жана Өзүңдүн нуру төгүлгөн Сулуулугуңдан жаркыраган даңк бир Өзүңө болсун, о Сен, асем Көрүнүштүн өзү, Түбөлүктүүлүктүн Падышасы жана көк менен жердеги бардык жандардын Теңири! Кудайдын өкүмчүлүгү жана Анын үстөмдүгү, Кудайдын улуулугу жана Анын асемдиги Сен аркылуу келгенине, түбөлүктүү даңктын Күндүзгү Жылдыздары Өзүңдүн айныксыз амириңдин асманында нурун төккөнүнө жана Көрүнбөстүн Сулуулугу жаратылыш көк мейкининде жаркырап чыкканына күбөмүн. Анан да Калемиңдин бир шилтеми менен “Бар бол!” деген буйругуң орундалып, касиеттүү Кудайлык сыр жарыяланганына, бар жаратылыш пайда болуп, бардык Аян-ачылмалар жиберилгенине күбөмүн.

Дагы да күбөмүн, Сенин Сулуулугуң аркылууу Сүйүктүүнүн сулуулугу ачылганына, Өзүңдүн ажарың аркылуу Эңсегендин жүзү жаркырап чыкканына, Өз Сөзүң менен Сен бар жаралышты соттоп, Өзүңө берилгендерди даңк чокусуна көкөлөтөсүң, ал эми адал эместерди түпсүз тунгуюукка кептейсиң. Сени таанып билгендер, Кудайды таанып билгенине, Сенин жакындыгыңа ээ болгондор Кудайдын жакындыгына жеткендер экенине күбөмүн.

Ошондуктан Өзүңө жана жышаандарыңа ишенип, өкүмчүлүгүңдүн алдында моюн сунуп, Өзүң менен жолугуу урматына ээ болуп, мээрмандыгыңа бөлөнүп, айланаңда чарк айланып, тагыңдын алдында тургандар бактылуу. Ал эми Сага каршы күнөө жасаган, Сени танып, жышаандарыңдан баш тарткан, өкүмчүлдүгүңө каршы сүйлөп, Сага каршы аттанган, ажарыңдын алдында текебердик кылган, Сенин далилдериңди четке кагып, өкүмчүлүгүң менен бийлигиңден качкан жана ысымдары Ыйык Насааттарда буйрукчул Колуң менен жазылгандардын катарындагы ишенимсиздерге бүтпөс азап.

О, айланайын Кудайым жана менин Сүйүктүүм, Сенин кайрымдуу колдоруңдан жана назик камкордугуңдан чыккан мээрмандыгыңдын ыйык жели мени желпип өтсүн, ылайым, Сенин жакындыгыңдын сарайында жана Сенин алдыңда болуум үчүн мен өзүмдөн жана бул дүйнөдөн баш тартайын. Каалаганыңды аткаруу Сенин эркиңде. Акыйкатта, Сен бар жандуулардан Бийиксиң.

Кудайды эскерүү жана Аны алкоо, Кудайдын даңкы жана Анын асемдиги бир Өзүңө болсун, о, Сен, Анын Сулуулугу! Жаратылгандардын каректери Сенчелик куугунтук жегенди эч качан көрбөгүндүгүнө күбөмүн. Өмүрүңдүн ар бир күнүндө азап-кайгыга чөмүлдүң. Бир кездери чынжырга байланып кишенделдиң, башка бир убакта душмандарыңдын кылычы Сага көтөрүлдү. Ошентсе да, ага карабастан бардыгынан Акылман, бардыгынан Даанышмандын Сага тапшырган амирин аткарууну Сен бардык адамдарга буйрудуң.

Менин рухум Сен дуушар болгон адилетсиздиктердин өтөсү болсун, ал эми жаным Сен башыңдан өткөргөн бактысыздыктардын төлөмү болсун. Өзүңдүн атың менен, жүздөрү Сенин ажарыңдын жарыгы менен нурлангандардын аты менен жана Сага болгон сүйүүсү үчүн өздөрүнө буйрук кылынгандын баарын аткаргандардын аты менен Кудайга жалбарам, жараткандарыңды Сенден бөлүп турган көшөгөлөрдү жулуп ташта жана мага бу дүйнө менен о дүйнөнөнүн кут-берекелерин насип кыл. Акыйкатта, Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Бийиксиң, бардыгынан Даңктуусуң, Түбөлүк Кечиримдүүсүң, эң Кайрымдуусуң.

О, Тенирим, айланайын Кудайым, Касиеттүү Лотос Дарагына, анын жалбырактарына, чоң жана кичине бутактарына, бүчүрлөрү менен сабактарына Өзүңдүн батаңды бере көр, Сенин өзгөчө Ысымдарың жана Сенин улуу көрүнүштөрүң канча жашаса, алкыш-батаң да ошончо созулсун. Арамза бузукунун көзүнөн, зулумдардын колунан Аны сактай көр. Сен, акыйкатта, бардыгынан Күчтүүсүң, бардыгынан Кудуреттүүсүң. О, Теңир, айланайын Кудайым, Өзүңдү таанып-билген кулдарың менен күңдөрүңө да батаңды бере көр.

Сен, акыйкатта, ырайымы чексиз Жоомартсың. Түбөлүк Кечиримдүү, эң Жоомарт, Сенден башка Кудай жок.

bahaiprayers.net
НИКЕ ~138w AB02685

НИКЕ

Ал - Кудай!

О, Теңдешсиз Теңир! Өзүңдүн бардыгын камтыган акылмандыгың менен Сен адамдарга үй-бүлө курууну буйрук эттиң, ушул өткөөл дүйнөдө муундар бирин бири алмаштырып, аалам канча жашаса, ошончо кылымдар бою Өзүңдүн биримдигиңдин босогосунда кызмат кылып, Өзүңө табынып, ыраазылык билдирип, алкоо айтып турушун кааладың. «Мен рухтар менен адамдарды Мага сыйынсын деп гана жараттым» . Ошондуктан Өзүңдүн ырайымыңдын асманында Сенин махабат уяңдан учуп чыккан ушул эки кушуңдун никесин кый жана аларды өлчөөсүз кут-берекени тартып турган коломто кыл, ушул сүйүүнүн эки деңизинин биригүүсүнөн назиктиктин толкуну көтөрүлүп, өмүр жээгине аруу жана мээрман урпактын берметтери чачылсын. «Бир-бири менен жолуксун деп Ал эки деңизди кошуп агызды: экөөнүн ортосунда тосмо бар, бири-бирине кошулбайт. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар? Ал экөөнөн улук жана кичик берметтер чыгат».

О, Сен, изги Теңир! Ушул жупка маржан менен берметтерди чачууну буюра көр. Сен, акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүүсүң, Улуксуң, түбөлүк Кечиримдүүсүң!

bahaiprayers.net
Кудай Ишинин колдору ~82w AB03097

Кудай Ишинин колдору

Анын Ишинин Колдоруна нур жана даңк, таазим жана алкыш, алар аркылуу туруктуулуктун жарыгы жаркырады жана тандоо укугу Кудайга, Ээлик Кылуучуга, Кудуреттүүгө, Чексизге таандык экендиги акыйкат бекитилди; алар аркылуу жоомарттыктын мухити көтөрүлүп жана Кудайдын ырайымдуулук эрки туш тарапка тарады. Биз Ага жалбарабыз - ылайым Анын мартабасы бийик болсун - аларды Өз кошуундарынын күчү менен коргоого алсын, аларды Өз бийлигинин кубаты менен сактасын жана бардык нерседен жогору турган Өзүнүн жеңилбес күчү менен аларга жардам берсин. Өкүмчүлүк Кудайга, көктүн Жаратуучусуна жана Ысымдар Падышалыгынын Ээсине таандык.

bahaiprayers.net
Адамзат ~89w AB03310

Адамзат

О, Кудай, айланайын Кудайым! Сенин кут-берекең мага кайрат-күч берди, ал эми адилеттигиң менин жүрөгүмдүн үшүн алды. Кут-берекең кимге төгүлсө ал бактылуу, ал эми Сенин адилеттүүлүгүңө туш болгон азапка батат.

О, Аллам! Мен Сенин адилеттигиңден качып, кут-берекеңди издейм, жүзүмдү Сенин каарыңдан качырып, кечиримиңди сурап жалбарам. Сенин күчүң менен, өкүмчүлүгүң менен, даңкың жана Сенин ырайымың менен жалынам: адамзатты Өз билимиң менен жаркырат, бардык жандар Өзүңө ылайык келген иштерди жасасын, Өзүңдүн кудуретиңдин сырларын ачып, билимиңдин жарыгын чагылдырсын.

Бардык жаратылгандарга өмүр берген, назик камкордугу менен көрөгөчтүгүнүн нурун чачкан Өзүңсүң. Сен бардыгынан Жоомартсың, Изгисиң.

bahaiprayers.net
БАЙЛАНБАСТЫК ~100w AB04980HOP

БАЙЛАНБАСТЫК

О, Кудай, айланайын Кудайым! Мен Сенин эркиңдин тегерегинде айланып, жоомарттыгыңдын асманына тигиле карап, Сенин белектериңдин жаркыраган күнүнөн нур чачкан ачылманы куштарлана күтүп турганымды көрүп турасың. Сага жалбарам, о, ар бир түшүнүгү бар жүрөктөрдүн Сүйүктүүсү жана Өзүңө жакындардын тилеги, Сен сүйгөндөргө өз калоолорунан толук баш тартып, Сенин калоолоруңа бекем болууну буюра көр. О, Теңир, аларга адалдык кийимин кийиндирип, байланбастык жарыгы менен нурландыр. Сен жараткандардын арасында Сенин Сөзүңдү көкөлөтүп, пенделериңе Өзүңдүн Ишиңди жарыялашы үчүн акылмандык менен кызыл тилдүүлүктүн кошуунун жардамга жибер. Акыйкатта, эмнени кааласаң, ошону бар кылуу Өз бийлигиңде жана бардык иштин тизгини Өз колуңда. Кудуреттүү, түбөлүк Кечиримдүү Сенден бөлөк Кудай жок.

bahaiprayers.net
КЕЧКИ ЖАНА ТYНКY ДУБА ~114w AB05024

КЕЧКИ ЖАНА ТYНКY ДУБА

О, Кудайым, айланайын Кудайым, Сенден алыс калып алсырагандар өзүңдөн ажырап көз ирмебей жаткан кезде мен кантип уктоого бет алам? Сени сүйгөн жандар Өзүңө жете албай кыйналып турганда мен кантип жайбаракат эс алам? О, менин Теңирим, өз рухумду, бар болгон жашоомду Өзүңдүн кудуретиңе жана коргооңдун колдоруна тапшырдым, Өзүңдүн күчүң менен башымды жаздыка коюп, Сенин эркиңе жана Сенин ырайыңа ылайык кайра ойгоном. Сен, акыйкатта, Сактоочусуң, Коргоочусуң, бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Күчтүүсүң.

Өзүңдүн Кудуретиң менен ант этем! Түшүмдө да, өңүмдө да, Сен эмнени кааласаң, ошону гана сурайм. Мен Сенин пендеңмин жана Өзүңдүн колуңдамын. Өзүңдүн эркиңдин жыпарын тараткан нерсени гана жасоого мага ырайым эт. Бул, акыйкатта, менин жана сага жакын болгондордун жалгыз үмүтү. О, ааламдардын Теңири, Сага алкоолор болсун!

bahaiprayers.net
Also in: hr en sm
Жардам ~165w AB05367

Жардам

Силер, Абха Падышалыгына жалынып, Андан түбөлүктүү жакшылыктарды сурашыңар керек. Жүрөгүңөр таза күзгү сыяктуу даңктуу нурга толсун деп тиленишиңер керек; ошондо Акыйкат Күнүнүн нурлары жүрөгүңөрдө чагылып жарык чачат. Силер Кудайга жалынып, Андан жардам жана колдоо сурап, ар күнү жана түнү ушул сөздөр менен Ага кайрылышыңар керек:

О, Теңир! Биз алсызбыз - бизди күчтөндүр. О, Кудай! Биз түркөйбүз - бизди жарыктандыр. О, Теңир! Биз жакырбыз - бизди байыт. О, Кудай! Биз өлүкпүз - бизди тирилт. О, Теңир! Биз кордолдук - Өз Падышалыгыңда бизди даңазала. О, Теңир! Сенин жардамың менен биз жаркыраган жылдызга айланабыз, Сенин колдооңсуз биз топурактан да төмөн күл болобуз, о, Теңир! О, Кудай! Бизге күч бер. О, Кудай! Бизге жеңиш тартуула. О, Кудай! Кумарлыгыбызды ооздуктап, өзүбүздү жеңгенге жардам бер. О, Теңир! Бизди көр дүйнөнүн кулчулугунан куткар. О, Теңир! Бизди Ыйыктыктын Рухунун деми менен жандант, ылайым, биз Сенин кызматыңа көтөрүлүп чыгалы, ылайым, биз Өзүңө ибадат кылып, Өзүңдүн Падышачылыгыңда чын ыклас менен бар күчүбүздү жумшайлы. О, Кудай, Сен Кудуреттүүсүң! О, Кудай, Сен Кечиримдүүсүң! О, Теңир, Сен Мээримдүүсүң!

bahaiprayers.net
Also in: sne nl en de gil gu ho ms es tet tpi
БАЙЛАНБАСТЫК ~183w AB05494

БАЙЛАНБАСТЫК

Жараткан Алланын аты менен, Өкүмдар, бардыгына Жеткилең, Бакубат, эң Мартабалуу, ар бир адам жардамга чакырган Теңирдин аты менен.

Айт: О, кагылайын Кудайым! О, Сен, көк менен жердин Жаратуучусу, о, Падышачылыктын Теңири! Сен менин жүрөгүмдүн бардык сырларын билесиң. Ал эми Сенин Маңызың Өзүңдөн бөлөк эч кимге жеткиликсиз. Менде эмне болсо, бардыгын көрүп турасың, Сенден башка аны эч ким көрө албайт. Мага Өз ырайымың менен Сенден башка эч нерсесиз жашоону насип кыл жана Сенден башкалардын баарынан көз карандысыз кыла турган нерсени буюр. Бу дүйнө менен келечек дүйнөдөгү жашоомдун түшүмүн алууга уруксат эт. Сенин кут-берекеңдин дарбазасын менин ажарымдын алдында ач жана Өзүңдүн ырайымдуулугуң менен мээрмандыгыңды жана белектериңди мага жөнөт.

О, Сен, мол берекенин Теңири! Сени сүйгөндөргө көктөн жардамыңды жөнөт жана Өзүңдө болгон кут-берекеңден тартуула. Бир Өзүңдөн канагат табалы, биздин күнөөлөрүбүздү кечир жана ырайым кыл. Сен биздин Теңирибизсиң жана бардык жаратылыштын Теңирисиң. Сага жалынабыз жана Өзүңдүн мээрмандыгыңдан башканы сурабайбыз. Сен кең пейилдиктин жана ырайымдын Теңирисиң, жеңилбес күчкө Ээсиң, Өз ишиңдин Чеберисиң. Баарына Ээлик Кылуучу, баарынан Бийик Сенден башка Кудай жок.

Элчилерге, олуяларга жана такыбаларга Өзүңдүн батаңды бере көр, о, кагылайын Теңирим. Акыйкатта, Сен Теңдешсиз, бардыгын Багындыруучу Кудайсың.

bahaiprayers.net
Also in: tpi
АРА КҮНДӨР ~233w AB05849

АРА КҮНДӨР

«Айам-и-Ха» Бахаи календарындагы Мүлк (Үстөмдүк) жана Ала (Бийиктик) айларынын ортосундагы, 26-февралдан тартып 1-март аралыгындагы күндөр, бул күндөрү Орозого даярдык көрүлөт жана меймандостук, кайрымдуулук, бири-бирине белек берүү менен коштолот.

О, менин Кудайым, жанган Отум жана жарык Нурум! Мына, Өзүңдүн Китебиңде жазылган Айам-и-Ха күндөрү башталды, о, Сен, ысымдардын Өкүмдары, Сенин жаратуу дүйнөңдө бардык жандар үчүн тутууга туура келген Сенин улуу Калемиң менен аныкталган Орозо жакындап калды. О, айланайын Теңирим, ушул күндөрдүн урматына жана бул күндөрү Сенин осуяттарыңдын учугуна жармашып, Өзүңдүн буйругуңдун дарагын карманган бардык адамдар үчүн Өзүңө жалынам, ар бир жан Сенин корооңдун чегинен жай тапсын жана дидарыңдын жарыгы асемдик менен көрүнгөн саатта тактын ээси болууну аларга насип кыла көр.

О, кагылайын Теңирим, Сен Китебиңде түшүргөн нерселерден эч бир азгырык алагды кыла албаган пенделериң мына. Алар Сенин Ишиңдин алдында башын ийип, Өзүң жиберген чечкиндүүлүк менен Китебиңди кабылдашты, аларга эмнени буйруган болсоң, бардыгын карманышты, Өзүң жиберген жолду жолдоону тандашты.

О, айланайын Теңирим, Өз жазмаларыңда ачкандардын баарын кабылдап, ошону жолдоп келген пенделериңди көрүп турасың. О, Аллам, Өзүңдүн ырайымдуу колуңдан мүрөк суусун аларга ичире көр. Сенин жакындыгыңдын мухитине чөмүлүп, Өзүң менен жүз көрүшүү шарабынан даам таткандарга аныктаган сыйлыктарыңды аларга да насип кыл.

О, падышалардын Падышасы, басынгандарга Жан Тартуучу; бу дүйнө менен о дүйнөнүн жакшылыктарын алар үчүн аныктай көр деп Сага жалынам. Өзүң жараткандардын эч кимиси ача албаганды аларга жибере көр, Сенин баардык ааламдарыңда Өзүңдү курчап, тагыңдын айланасында жүргөндөрдүн катарына кош.

Сен, акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүү, бардыгын Билүүчү, бардыгынан Билермансың.

bahaiprayers.net
Адамзат ~102w AB07157

Адамзат

Мен сыйынган жана таазим кылган Кудайым! Сенин бирдигиңе жана жалгыздыгыңа күбөмүн жана Сенин өткөндөгү да, учурдагы да сый-белектериңди тааныйм. Сен бардыгынан Жоомартсың, ырыймыңдын нөшөр жамгыры өйдөдөгүлөргө да, төмөндөгүлөргө да бирдей төктү, мээримиңдин ажайып көркү баш ийгендерге да, ийбегендерге да бирдей жөнөтүлдү.

О, ырайымдуу Кудай, ырайымдуулуктун бар болгон маңызы Сенин эшик алдыңда кулдук урат, касиеттүү Ишиң ыйык рухтун назик камкордугу менен курчалган, Өзүңө жалбарып сурайбыз – түбөлүктүү кут-берекелериңди бизге төгө көр, ушул күндөрдө бизге ырайымдуу көздөрүң менен кара, болмуш дүйнөсүнүн бар-жогуна мээримиңди төк, Өз күндөрүңдө аларды кайрымыңдын берекесинен ажыратпа. Биз бир бечара мусаапырбыз, а Сен, акыйкатта, бардыгына ээлик Кылуучусуң, бардыгын Багындыруучусуң, бардыгынан Кудуреттүүсүң.

bahaiprayers.net
Also in: en ha ko zh-Hans ta th
НИКЕ ~113w AB07158

НИКЕ

О, айланайын Кудайым, Сага даңк! Акыйкатта, ушул Сенин кулуң менен күнүң Өзүңдүн ырайымдуулугуңдун көлөкөсү алдында жолугушуп, Өзүңдүн мээрмандыгың жана айкөлдүгүң менен баш кошууда. О, Теңир! Бул дүйнө менен Өзүңдүн Падышалыгыңда аларга жардам бер, жоомарттыгың менен кут-берекеңдин аркасында бар жакшылыктарды арна. О, Теңир! Өз бийлигиңдин алдында аларды бекемде жана Сага кызмат кылууга көмөк бол. Өз ааламыңда аларды Сенин Ысымдарыңдын белгилери болууга ракым эт жана Өзүңдүн түгөнбөс сыйларың аркылуу бул дүйнөдө да, келечек дүйнөдө да аларды корго.

О, Теңир! Алар Сенин ырайымдуулук Падышалыгыңа жалынып, Сенин жалгыздыгыңдын Падышалыгына сыйынышат. Акыйкатта, алар Сенин осуяттарыңа багынуу анты менен никеге турууда. Аларды өмүрүнүн акырына чейин ынтымак менен биримдиктин жышаандары кыл. Акыйкатта, Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардык жерди Мекендөөчүсүң, бардыгына Үстөмдүүсүң!

bahaiprayers.net
Коргоо ~110w AB07759

Коргоо

О, Теңирим! Адамдарды азап-кайгы менен кырсыктар тооруп, ар тараптан кыйынчылык менен бактысыздык кысып жатканын билесиң. Аларга оор сынактар опурулуп жана ар кандай муң-кайгы жыландын уусу сымал алсыратууда. Сенин канатыңдын алдындагы коргоо, колдоо, сактоо жана камкордуктан башка анын жашынар жайы да, башпаанек кылуучу жери да жок.

О, Мээримдүү Алла! Сенин коргооңду - менин зоотум кыл, Сенин колдооңду - менин калканым кыл, Сенин бирдигиңдин дарбазасы алдындагы момундугум - менин сакчым болсун жана Сенин камкордугуң менен жан тартууң - менин бекем чебим жана турагым болсун. Мени өзүмчүлдүктүн жана кумардын азгырыктарынан сакта жана ар кандай оорудан, кырсыктан, кыйынчылыктан жана оор сыноодон коргой көр.

Сен, акыйкатта, Колдоочусуң, Сактоочусуң, Камкорсуң, Бакубатсың жана Сен, акыйкатта, боорукерлердин Боорукерисиң!

bahaiprayers.net
Балдар жана жаштар ~47w AB10450

Балдар жана жаштар

О, Кудай! Ушул наристени Өз сүйүүңдүн бешигинде тарбияла жана Көрөгөчтүгүңдүн ак сүтүн эмиз. Ушул жаш көчөттү Өз сүйүүңдүн гүлдүү багында асырап, жоомарттыгыңдын нөшөрү менен ага өсүүгө жардам бер. Аны Падышалыгыңдын перзенти кыл жана Өзүңдүн асмандагы ээлигиңе багытта. Сен Кудуреттүүсүң жана Изгисиң, Сен Сыйкорсуң, Айкөлсүң, чексиз жоомарттыктын Теңирисиң.

bahaiprayers.net
Also in: en gil tvl
Балдар жана жаштар ~53w AB10714

Балдар жана жаштар

О, изги Теңир! Бул аруу балдар - Сенин кубаттуулугуңдун манжаларынан жаралгандар жана Сенин Улуулугуңдун ажайып жышаандары. О, Кудай! Ушул балдарды сакта, ырайымдуулугуң менен аларды өз билимиңе сугар жана адамзатка кызмат кылышына көмөкчү бол. О, Кудай! Бул урпактар нак берметтин маңызы, ылайым, алар Сенин назик камкордугуңдун асыл казынасында бапестеп багылсын.

Сен Жоомартсың, бардыгын Сүйүүчүсүң.

bahaiprayers.net
АТА-ЭНЕЛЕР YЧYН ~61w AB11035

АТА-ЭНЕЛЕР YЧYН

О, Теңир! Ушул улуу Осуятта балдардын ата энесине багышталган дубасын кабыл кыласың. Бул Осуяттын өзгөчө белектеринин бири мына ушул. Ошондуктан, о, берекелүү Теңирим, Өзүңдүн ак босогондо туруп, атамды ырайым мухитиңе чөмүлтө көр деп жалбарган пендеңдин дубасын кабыл кыл, анткени бул уул Өзүңө кызмат кылууга көтөрүлдү жана ар убакытта Сенин сүйүүңдүн чыйыр жолунда жигердүү аракетин жумшап келет. Акыйкатта, Сен Берүүчүсүң, Кечиримдүүсүң, Изгисиң.

bahaiprayers.net
Also in: en
МАРКУМДАР ҮЧҮН ~56w AB11094

МАРКУМДАР ҮЧҮН

О, Теңирим! О, Сен, күнөөлөрдү Кечирүүчү, көктөн ырыскы Жөнөтүүчү, кырсыктан Арылтуучу!

Акыйкатта, Өзүңө жалбарып, дуба кылам, дене чүмбөтүн таштап, ыйык рух дүйнөсүнө учуп кеткен маркумдарды күнөөсүнөн арылта көр.

О, Жараткан, алардын күнөөсүн тазалап, капасын айдап, караңгы түнүн жарык кыл. Бейиш багына кирүүгө ырайым эт, туптунук мөлтүр сууга чайка жана эң бийик тоо чокусунан Сенин асемдигиңди көрүшсүн!

bahaiprayers.net
Жыйындар ~146w ABU0070GAT

Жыйындар

О, изги Теңир! Момундук менен башыбызды ийип, Сенин босогоңдун алдында туруп жалынып сурайбыз, Өзүңдүн эсепсиз жышаандарың менен чексиз колдооңо муктажбыз. О Теңир, бул жандарды тирилтип, жаңы өмүр тартуула. Рухтарын сергитип, жүрөктөрүн билимге толтур, көздөрүн ачып, кулактарына кыраакылык бер. Өзүңдүн эзелки казынаңдан жаңы болмуш, жаңы рух жөнөт жана Өзүңдүн түбөлүктүү мекен-жайыңдан аларды жаңы жышаандарга ээ кыл.

О Аллам! Акыйкатта, дүйнө жаңыланууга муктаж. Ага жаңы болмуш тартуула, жаңы ой берип, асман билимдериңден жөнөт. Жаңы рух менен сергит жана ага ары улуу, ары ыйык максаттарыңды көрсөт.

О Кудайым! Акыйкатта, Сен бул кылымды нурлуу кылдың, Өзүңдүн мээрмандыгыңдын жарыгын ачып бердиң. Жалган ынанымдардын караңгылыгын таркатып, ишенимдүүлүк жарыгын төктүң. О Теңир! Бул пенделериңди Өзүңдүн босогоңо кабыл ал. Жаңы асманыңды жай, адамдарга жаңы жер жарат, алар анда бакубат жашасын. Асмандан жаңы Иерусалим түшүр. Адамзатына жаңы ой, жаңы жашоо бер. Жандарга жаңы түшүнүк, жаңы изгиликтерди тартуула.

Сен, акыйкатта, баарынан Кудуреттүүсүң, Күчтүүсүң. Сен Берүүчүсүң, Айкөлсүң.

bahaiprayers.net
ООР УЧУРДА КОЛДОО ~153w BB00001KNO

ООР УЧУРДА КОЛДОО

О, Кудай, айланайын Кудайым! Менден алыстай көрбө, анткени кайгынын артынан кайгы басып, мени кысып барат. О, Кудай, айланайын Кудайым! Мени өз алдымча калтырба, анткени азаптардын азабы башыма түштү. Сенин назик камкордугуңдун көкүрөгүнөн чыккан ак сүтүңдөн ууртат, анткени чаңкоом мени азапка салып турат. Сенин ырайымдуулугуңдун канатынын көлөкөсүндө мени калкала, анткени душмандарымдын баардыгы мени көздөй опурулду.

Сенин улуулугуңдун тактысына, Өзүңдүн даңкыңдын жышаандарынын ачылышына мени жакындат, анткени бактысыздык жүрөгүмдү жаралап турат. Сенин Түбөлүктүүлүк Дарагыңдын жемиштери менен тоюндур, анткени алсыздык мени бийлеп алды. Сенин ырайымдуу камкордугуңдун колдору менен сунулган кубанычтын чөйчөгүнөн азыктандыр, анткени сансыз кайгынын оор түйшүгү мени басты. Сенин бардыгынан кудуреттүү өкүмчүлүгүңдөн тигилген жабууга оро, анткени жокчулук мени толук жакырлантты. Түбөлүктүүлүгүңдүн Көгүчкөнүнүн добушу алдында уйкуга кетүүгө уруксат эт, анткени тагдырыма оор азаптар жазылды. Өзүңдүн Жалгыздык тактыңдын алдында, жүзүңдүн сулуулугунун нуруна бөлөнүүгө уруксат эт, анткени коркуу жана калтыроо мени аёосуз эзди. От бүрккөн даңк ажыдаарынын алдында мени Өзүңдүн кечирим мухитиңе чөмүлт, анткени күнөөлөрүм үчүн акыры жоопко тартылдым.

bahaiprayers.net
Also in: az bg da nl en et fr de gil el ht is lb pl pt ro se es tl tvl
БИРИМДИК ~97w BB00060

БИРИМДИК

Даңкың арта берсин, о, Кудайым, Сен адамзатка арнап сүйүүңдү жараттың. О, Сен, биздин Өмүрүбүз жана Жарыгыбыз, пенделериңди Өзүңдүн ак жолуңа сал, Өзүңдөн башканын баарынан бизди бошотуп, Өзүң менен гана байыта көр.

О, Кудай, бизди Өзүңдүн жалгыздыгыңды түшүнүү жолуна сал жана Сенден бөлөк эч кимди көрбөш үчүн жалгыздыгыңды аңдап-билүүгө жардам бер. Сен Ырайымдуусуң, кут Берүүчүсүң!

О, Кудай, Өз сүйүктүүлөрүңдүн жүрөктөрүнө Сага деген махабат отун жандыр, алар Өзүңдөн башка бардык ой-санаалардан кутулсун.

О, Кудайым, бизге Өзүңдүн улуу түбөлүктүүлүгүңдү көрсөт, Сен дайыма бар болгонсуң жана кылымдар бою каласың, Сенден башка Кудай жок. Акыйкатта, Өзүң менен сооронуп, Өзүңдөн гана күч-кубат табабыз.

bahaiprayers.net
БАЙЛАНБАСТЫК ~68w BB00096

БАЙЛАНБАСТЫК

О, Жараткан Алла! Бир Өзүңдөн гана башпаанек издейм жана жүрөгүмдү Сенин жышаандарыңа багыттайм.

О, Теңир! Жолдо жүрсөм да, үйдө болсом да, өзүмдүн бардык иштеримде бир Өзүңө гана таянам.

Мен эч нерседен көз каранды болбош үчүн ар тараптуу жардамыңды жөнөт, о, ырайымдуулардын Ырайымдуусу!

Менин үлүшүмдү Өзүң каалагандай аныктап бер, о, Теңирим, жана мени Өзүңдүн ошол эркиңе канагаттанган пенделериңден кыл.

Чексиз бийлик Сага гана таандык жана бийлик жүргүзүүчү жалгыз Өзүңсүң.

bahaiprayers.net
Also in: en ta zh-Hant tk
Коргоо ~99w BB00100

Коргоо

Даңкың арта берсин, о, Кудай! Баарынан мурда Сен болгонсуң, бардыгынан кийин да Сен болосуң жана бардык нерселер өткөн кезде да Сен кала бересиң, Сен - Кудайсың. Сен баарын Билүүчү жана бардык нерседен жогору турган Кудайсың. Сен бардыгына ырайымдуу, бардык нерсеге өкүм кылуучу, бардык нерсени көз алдында кармап турган Кудайсың. Сен менин Теңиримсиң, болгон абалымды билесиң, сырткы да, ички да маңызым Өзүңө маалым.

Мага жана Сенин Чакырыгыңа жооп кайтарып ишенимге келгендерге Өзүңдүн кечиримиңди бере көр. Мага жамандык ойлоп, кыянат кылууну каалагандардан коргой турган ишенимдүү коргоочум бол. Акыйкатта, Сен бардык жандардын Теңирисиң. Сен бардыгына Берүүчүсүң; Сенсиз эч ким өмүр сүрө албайт.

bahaiprayers.net
АЛКОО ЖАНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК ~442w BB00100GOD

АЛКОО ЖАНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК

О, айланайын Кудайым, бардык улуулук жана даңк, бардык үстөмдүк жана нур, асемдик жана жаркыроо Сага таандык. Кимге кааласаң, өкүмдарлык тартуулайсың. Кимден кааласаң, аны тартып аласың. Бардыгына ээлик Кылуучу, бардыгынан Бийик Сенден башка Кудай жок. Сен бүткүл ааламды жана андагы бардык жандарды жоктон бар кыласың. Өзүңдөн башка Сага тең келе турган эч нерсе жок - Сенден башканын баары Өзүңдүн ыйык алдыңда жана Затыңдын даңкы алдында эч нерсеге арзыбайт.

Өзүңдүн улуу Китебиңде: “Ага каректер жетпейт, бирок Ал каректерге жетет. Ал Көрөгөч, Билерман ” деп Өзүң айтканыңдан артык мен Сенин изгиликтериңди даңазалай албасмын. Даңкың арта берсин, о, Кудайым, акыйкатта, кандай гана өткүр көз, курч акыл болбосун Сенин эң жупуну белгиңдин да табиятын түшүнүүгө дарамети жетпейт. Акыйкатта, Сен нак Кудайсың, Сенден бөлөк Кудай жок. Касиеттериңди бир Өзүң гана көрсөтө аласың, Өзүңдөн бөлөк эч кимдин алкоосу ыйык сарайыңа жете албайт жана сапаттарыңды Өзүңдөн башка эч ким түшүнө албай тургандыгына күбөмүн.

Сага даңк - Өзүңдөн артык эч ким Сени сыпаттай албагандай бийиктесиң Сен, анткени адам баласынын түшүнүк дарамети Сенин нарктуулугуңду ага ылайык деңгээлде алкоого же Сенин Маңызыңдын терең табиятын түшүнүүгө жетишсиз. Өзүңдөн башка эч бир жараткандарың Сенин даңкыңды сүрөттөөгө же толук таанууга күчү жетпейт. Мен өзүңдү таанып-билдим, о, айланайын Кудайым, анткени Сен жөнүндө мага Өзүң билдирдиң, Өзүңдү ачпаганыңда, мен Сени таанып-биле албас элем. Өзүңө таазим кылам, анткени Сен мени чакырдың, Өзүңдүн чакырыгың болбосо, мен Сага таазим кыла албас элем. О, айланайын Кудайым, Сен даңктуусуң; менин айыптарым оор жана күнөөлөрүм өтө чоң. Сенин ыйык тагыңдын алдыңда кандай гана маскара тагдырга туш болом. Өзүңдү мага ачып бергендей деңгээлде мен Сени тааный албадым; Сенин чакырыгыңа ылайык келгендей берилгендик менен Өзүңө ибадат кылбадым; Сага татыктуу деңгээлде баш ийе албадым, анткени сүйүүңдүн жолунда Өзүң шыктандыргандай таризде жүргөн жокмун.

Мага Өзүңдүн кудуретиң күбө - о, айланайын Кудайым, жараткандарың жетүүгө аракет кылгандан алда канча улуксуң, чексиз бийиксиң. Акыйкатта, Сага татыктуу боло тургандай эч ким Сени таанып биле албайт жана Өзүңдүн улуулугуңа ылайык келгендей бир да пенде Өзүңө урмат көрсөтө албайт. О, кагылайын Кудайым, Сенин далилиң ушунчалык кынтыксыз жана бардыгын камтыйт, андыктан анын терең маңызы кандай жандын болбосун ой-санаасынан алда-канча жогору турат, төгүлгөн сыйларыңдын молдугунан, алардын эсепсиз санын эч бир сезим камтый албайт.

О, Аллам! О, менин Төрөм! Сенин бар берекелериң менен жана Сенин даңк тагыңдын түркөктөрү менен жалбарам – өткөөл өмүрдүн сынактарын көтөргөнгө дармансыз бул момун жандарыңа ырайым кыл, Өзүңдүн адилеттигиңе ылайык Сенин каарың менен бериле турган түбөлүктүү жазаңдын оордугуна туруштук бере албайт, аларга жардамыңды жөнөт.

Өзүңдүн Ысымың менен жалбарам, о Кудайым, менин Төрөм жана Өкүмдарым – мага жан тартып болуша көр. Мен Сенин адилеттигиңден ырайымдуулугуңа качтым. Сенин жолуңдан бир көз ирмем да айныбагандар үчүн Сен Өз ырайымыңдын жана жоомарттыгыңдын белгиси катары бар жаратылышты жасадың, өзүмдү куткаруу үчүн мен ошол жандарды жана Сени гана издейм.

bahaiprayers.net
Also in: en
Коргоо ~120w BB00147ORD

Коргоо

О, Теңирим, мага жана Өзүңө ишенгендердин бардыгына Китептер-Энесинде айтылгандай, биз үчүн эң жакшысы эмне деп тапсаң, ошону буюра көр, анткени бардык нерселер үчүн аныкталган ченемдерди Сен өз колуңда кармап турасың.

Изги белектериң Сени сүйгөндөргө тынбай берилип жана Кудай Бирдигин тааныгандарга көктөгү ырайымдуулугуңдун кереметтүү жышаандары мол төгүлөт. Бешенебизге эмне жазсаң да, баарын Өзүңдүн камкордугуңа тапшырабыз, Сенин билимиңде эмне жакшылыктар болсо, бизге тартуулай көр деп жалынып сурайбыз.

О, Теңирим, Сенин бардыгын билүүчү илимиң көрүп турган бардык жамандыктан мени сакта, анткени Сенден башка кудурет да, күч да жок, Өзүң катышпаган жерде салтанат да жок жана Өзүң гана буйрук кыла аласың. Кудай каалагандын баары болот, Ал каалабаган нерсе эч качан болбойт.

Эң Бийик, эң Күчтүү Алладан башка эч кандай күч да, кудурет да жок.

bahaiprayers.net
Кечирим ~52w BB00617

Кечирим

О, Теңирим, кечир мени, Өзүңдөн башканы оозанганым үчүн, Сенден башкага алкоо айтканым үчүн, Сенден башка менен жакындыктан ырахат алганым үчүн; Сени менен баарлашуудан башкадан бакыт тапканым үчүн; Өзүңдүн сүйүүңдүн жана ырайымыңдын бактысынан тышкары кубанычка батканым үчүн; Сага жакындыгы жок нерселерге ээлик кылганым үчүн кечир, о Сен, Теңирлердин Теңири, каражат берип, эшиктерди Ачуучу.

bahaiprayers.net
ТАЙБАСТЫК ~101w BB00621

ТАЙБАСТЫК

О, Кудай, Сага Даңк жана Мактоолор болсун! Өзүңдүн ыйык жакындыгыңа жеткен күндү келтире көр. Сүйүүңдүн күчү жана ырайымың менен биздин жүрөктөрүбүздү шыктандыр жана Өзүңдүн эркиң менен буйругуңа чын көңүлдөн баш ийгендей бизге туруктуулук бер. Акыйкатта, Сенин билимиң Өзүң жараткан же жарата турган нерселердин баарын камтыйт, ал эми Сенин күчүң Өзүң жашоо берген жана жашоо бере турган нерселердин бардыгынан жогору турат. Сенден башка сыйына турган эч ким жок, Сенден башка эңсей турган эч нерсе жок, Өзүңдөн бөлөк аздектей турган эч ким жок, Сенин ырайымыңдан башка сүйө турган эч нерсе жок.

Акыйкатта, Сен жогорку Башкаруучусуң, жогорку Акыйкатсың, коркунучта Жардамчысың, Өзүн Өзү бар Кылуучусуң.

bahaiprayers.net
ООР УЧУРДА КОЛДОО ~26w BB00623

ООР УЧУРДА КОЛДОО

Айт: Кудай баарын берет, баарынан жогору турат. Асманда да, жерде да Кудайдан бөлөк эч ким ырыскы бербейт. Акыйкатта, Ал Өзүн Өзү Башкаруучу, күч-кубат Берүүчү, баарынан Кудуреттүү.

bahaiprayers.net
Кечирим ~57w BH00005SEE

Кечирим

О, Теңир, колдорубузду Сенин ырайымыңдын жана берекеңдин асманына карай сунуп, алакан жайып жалбарып турганыбызды көрүп турасың. Ченемсиз жоомарттыгыңдын жана молчулугуңдун кенчи менен алакандарыбызды толтур. Бизди, аталарыбызды жана апаларыбызды кечир, Сенин ырайымдуулугуңдун жана Кудайлык жоомарттыгыңдын мухитинен биз зар болгон кут-белектериңди тартуула. О, жүрөгүбүздүн Ашыгы, Сенин жолуңда жасаган иштерибизди кабыл кыл. Сен, акыйкатта, Бийлик Ээси, Теңдешсиз, Жалгыз, Кечиримдүү, Боорукерсиң.

bahaiprayers.net
ТАҢКЫ ДУБА ~39w BH00009SHE

ТАҢКЫ ДУБА

Сенин башпаанаң астында уйкудан ойгондум, о, айланайын Кудайым; Сенин бул түнөгүңдү издегендер Өз коопсуздугуңдун ыйык жайында жана коргооңдун чебинде болууга тийиш. О, Теңирим, денемди Өзүңдүн ырайымдуулугуңдун таңкы нуру менен жарык кылгандай, жанымды да Өз Аяныңдын таңынын көркү менен нурландыр.

bahaiprayers.net
НООРУЗ ~90w BH00296

НООРУЗ

Бардыгын Билүүчү, Көрөгөч Кудайдын Китептеринде Убада кылынгандын аты менен! Өзүңдүн Тагыңды курчап, жакындыгыңа ээ болгон кулдарың туткан Орозо күндөрү келди. Айт: О, асман-жердин Жаратуучусу, ысымдардын Кудайы! Баарынан Даңктуу деген Өзүңдүн ысымың менен жалбарам, Өзүңө болгон сүйүүсү үчүн жана ырайымың үчүн Орозо кармап, Китебиңде, Ыйык Насааттарыңда айтылган буйруктарыңды аткаргандардын Орозосун кабыл кыла көр. Алардын аты менен Сага жалынам, мага Өзүңдүн Ишиңди илгерилетүүгө жардам бер, Өзүңө болгон сүйүүмдү туруктуу кыл, жараткандарыңдын жосундары жолумдан тайдыра албагандай болсун. Эмнени кааласаң, ошону буйрук кыла аласың. Жандандыруучу, баарынан Күчтүү, баарынан Жоомарт, Түбөлүктүү Сенден башка Кудай жок.

bahaiprayers.net
Also in: en
Жардам ~103w BH00438

Жардам

О, менин Кудайым, менин Ашыгым, менин Султаным, менин Эңсөөм! Сага болгон алкоомду кандай тил жеткире алмак? Бейгам элем, Сен мени ойготтуң. Өзүңдөн терс бурулдум, Өз ырайымың менен кайра Өзүңө кайтууга жардам бердиң. Өлүк сыяктуу элем, мүрөк суусу менен мага жан киргиздиң. Соолуп бараттым, Ырайымдуунун Калеминен төгүлгөн Өзүңдүн сөз берметтериңдин көктөгү агымы менен мени жанданттың.

О, жараткан Кудурет! Бардык жандуулардын тирлиги Сенин мээримиңен башталган; Өзүңдүн жоомарттыгыңдын сууларынан бизди айрый көрбө жана ырайымдуулугуңдун мухитине жетүүгө тоскоолдук жаратпа. Сага жалбарам, ар убакта жана ар кырдаалда мага жардам бер жана мени колдо; мен Сенин ырайымдуулугуңдун асманынан түбөлүктүү сыйларыңды сурайм. Сен, акыйкатта, жоомарттыктын Теңирисиң жана түбөлүк падышалыктын Өкүмдарысың.

bahaiprayers.net
Кечирим ~119w BH00634

Кечирим

О, Сен, кечиримдүү Теңир! Сен бардык пенделериң үчүн жашынаар жайсың. Бардык сырлар Сага белгилүү, бардыгынан кабардарсың. Биз алсызбыз, а Сен - Күчтүүсүң, бардыгынан Кудуреттүүсүң. Биз күнөкөрбүз, Сен – күнөөлөрдү Кечирүүчүсүң, Ырайымдуусуң, Боорукерсиң. О, Теңир! Биздин кылган жорук-жосундарыбызга караба. Өз ырайымдуулугуң менен жоомарттыгыңды көрсөт. Биздин кылган күнөөлөрүбүз эсепсиз, Сенин кечиримдүүлүк мухитиң чексиз. Биздин алсыздыгыбыз кайгылуу, бирок Сенин жардамың менен колдооң анык. Ошондуктан бизди чыңда жана күч-кубат бер. Касиеттүү босогоңо ылайык келген гана иштерди жасоону насип кыл бизге. Жүрөгүбүздү нурландыр, көздөрүбүзгө курчтук бер, кулактарыбызды ач. Өлүүлөрдү тирилт жана ооруларды сакайт. Кедейлерге байлык бер жана коркунучтун кучагында калгандарга тынчтык жана коопсуздук тартуула. Бизди Өз падышалыгыңа кабыл ал жана жетекчилигиңдин жарыгы менен нурландыр.

Сен бардыгынан Күчтүүсүң жана бардыгынан Кудуреттүүсүң. Сен Жоомартсың, Ырайымдуусуң, Изгисиң.

bahaiprayers.net
ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ ~150w BH00661

ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ

Ал Кудуретүү, Кечиримдүү, Боорукер!

О, Кудай, айланайын Кудайым! Пенделериң адашып жок болуунун туңгуюгуна кептелгенин көрүп турасың - Кудайлык жетекчилигиңдин жарыгы кайда, о, Сен, дүйнөнүн эңсөөсү? Алардын жардамсыздыгы жана алсыздыгы Сага белгилүү - Өзүңдүн кудуретиң кайда, о, Сен, көк менен жердеги күчтөрдүн Ээси?

О, Теңир, айланайын Кудайым! Сенин назик камкордугуңдун шамынын жарыгы менен, Сенин билимиңдин жана акылмандыгыңдын мухитинин толкундары менен жана ээлигиңдеги калктын баарын башкарган Өзүңдүн Сөзүң менен жалынам - Китебиңдеги буйруктарыңды аткаргандардын бири болуума уруксат эт. Сенин береке чөйчөгүңдөн Кудайлык илхамыңдын шарабын татып, Сага жакканды гана жасоого ашыккан, Осуятың менен Керээзиңди аткарууга шашылган ишенимдүү пенделериңе эмне дайындасаң, ошону мага да насип кыла көр. Өзүңдүн эркиң менен каалаганыңды буюра алган бийлигиң бар. Бардыгын Жетектөөчү, бардыгынан Акылман Сенден башка Кудай жок.

О, Теңир, Өзүңдүн ырайымың менен мага бул дүйнөдө жана акыретте пайда алып келе турган, ар бир адамды Кудайга жакындата турган нерсени мага насип кыл. Жалгыз, Кудуреттүү, Даңктуу, Сенден башка Кудай жок.

bahaiprayers.net
Also in: en hi ru uk
НООРУЗ ~100w BH00778

НООРУЗ

Даңкың арта берсин, о менин Кудайым! Өзүңдүн тандалма жандарыңа, сүйүктүүлөрүңө жана кулдарыңа буйрук кылган Орозо күндөрү келди.

Сенин Бирдигиңди тааныгандар үчүн Намаз парзын Өзүңдү көздөй көтөрүлүүгө шаты кылып берген сыяктуу эле, Орозону да Өз падышалыгыңдын адамдары үчүн жарыкка айланттың. Жалпы адамзат үчүн даңк менен урмат катары аныктаган бул эки кудуреттүү тирегиңдин аты менен жалынам, Өз диниңди ыймансыздар менен ар кандай бузукунун арам оюнан корго.

О, Жараткан Алла, Өзүңдүн күчүң жана кудуретиң менен түшкөн жарыкты жашырба. Өзүңө чын дили менен ишенген пенделериңе Өз амириң менен, кудурет-күчүң менен көрүнгөн жана көрүнбөгөн кошуундарыңды жардамга жөнөт.

Баарынан Кудуреттүү, баарынан Күчтүү Сенден башка Кудай жок.

bahaiprayers.net
АЙЫКТЫРУУЧУ УЗУН ДУБА ~905w BH00870

АЙЫКТЫРУУЧУ УЗУН ДУБА

Ал Дарыгер, Ал Берүүчү, Ал Жардамчы, бардыгын Кечирүүчү, эң Ырайымдуу.

Сага жалынам, о Жогорку, о Ишенимдүү, о Даңктуу! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Бийлик Ээси, о Дем Берүүчү, о Өкүм Чыгаруучу! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Тендешсиз, о Түбөлүктүү, о Жападан-жалгыз! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Даңазалуу, о Касиеттүү, о Жардам Берүүчү! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о бардыгын Билүүчү, о акылмандардын Акылманы, о улуулардын Улуусу! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Кайрымдуу, о Улуу Даражалуу, о Өкүмдар! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Сүйүктүүм, о Унутулбас, о Шыктандыруучу! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Башкаруучу, о Өзүн Өзү бар Кылуучу, о бардыгын Билүүчү! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Рух, о Нур, о аныктардын Аныгы! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о бардыгынын Башпаанеги, о бардыгына Белгилүү, о бардыгынан Жашырылган! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Касиеттүү, о бардыгын Жеңүүчү, о Сыйкор! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о эң Кудуреттүү, о Жардам Берүүчү, о Жашыруучу! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Өлчөп-бычуучу, о Тоюндуруучу, о Жок Кылуучу! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Тирилтүүчү, о Чогултуучу, о Көкөлөтүүчү! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Жакшыртуучу, о Эркин, о Жоомарт! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о жакшылык Жаратуучу, о Кармап Туруучу, о Жаратман! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о эң Жогорку, о Керемет, о Сыйкор! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Адилеттүү, о Кайрымдуу, о Жоомарт! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о баарын Багындыруучу, о Түбөлүк Туруктуу, о баарын Билүүчү! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Кереметтүү, о Эзелки, о Айкөл! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, О Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Жеңилбес, о кубанычтын Теңири, о менин Көксөөм! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о бардыгына Мээрман, о бардыгына Боорукер, о Сүйкүмдүү! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о бардыгына Баш Калка Берүүчү, о бардыгы үчүн Башпаанек Болуучу, о бардыгын Сактоочу! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о бардыгына Жардам Берүүчү, о бардыгын Чакыруучу, о Өмүр Берүүчү! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Ачыктоочу, о Кыйратуучу, о Боорукер! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, О Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о менин Жаным, о менин Сүйүктүүм, о менин Ишенимим! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о чаңкаганды Кандыруучу, о кол жеткис Теңир, о асылдардын Асылы! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Улуу Эскерүү, о ысымдардын Асылы, о Эң Байыркы Жол! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о алкоолордун Ээси, о ыйыктын Ыйыгы, о бийиктин Бийиги! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Ачуучу, о Устат, о Арылтуучу! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Дос, о Эмдөөчү, о Ашык Кылуучу! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Даңк, о Сулуулук, о Молчулук! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о эң Ишенимдүү, о сүйүктүүлөрдүн Мыктысы, о таң шоокумунун Ээси! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Жалындатуучу, о Нурландыруучу, о Тамшандыруучу! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о жоомарттыктын Теңири, о эң Боорукер, о эң Кайрымдуу! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Туруктуу, о Өмүр Берүүчү, о бардык жандуунун Башаты! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Көрөгөч, о бардыгын Көрүүчү Кудай! о Асыл Сөздүн Теңири! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о Анык, бирок Жашырылган, о Көрүнбөс, бирок Даңктуу, о бардыгы издеген Даанышман! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

Сага жалынам, о ашыктардын Өмүрүн Кыюучу, о күнөкөрлөргө Кайрымдуу Кудай! Сен Берүүчүсүң, Сен Дарыгерсиң, о Түбөлүк-Туруктуу, Туруктуусуң Сен!

О Берүүчү, Сага жалынам, о Берүүчү!

О Дарыгер, Сага жалынам, о Дарыгер!

О Туруктуу, Сага жалынам, о Туруктуу!

О Түбөлүк-Туруктуу, Сага жалынам, о Түбөлүк -Туруктуу!

Сен Улуксуң, о Кудайым! Сенин жоомарттыгың менен берекеңдин дарбазасын кеңири ачып, Сенин Касиеттүү Ибадатканаңды орноткон, Өзүңдүн берекелүү сый-дасторконуңа ар жаратылгандарды чакырган Сенин айкөлдүгүңө жалынам, Өзүңдүн бийлигиң менен улуулугуңдун эшиги ачылган саатта, өкүм-кудуретиң жарыя кылынган таңкы шоокум нур чачкан саатта, көк менен жердегилердин бардыгынын атынан Сен Өзүңө Өзүң “Ооба!” деген сөзүң менен жооп берген кут-берекеңе сыйынам! Анан кайрадан ошол кереметтүү ысымдарың менен, асыл жана улуу сапаттарың менен жалынам, Сенин өтө жогору көкөлөтүлгөн Эске алууң менен да, Сенин таза жана булганбаган Сулуулугуң менен да, касиеттүү чатырдагы Сенин жашыруун жарыгың менен да, ар бир күндүн чыгышында жана батышында аза чапанын кийген Өзүңдүн Ысымың менен жалынам – бул Ыйык Насаатка ээлик кылганды, аны окуганды, ага жакындаганды, ал сакталып турган үйдүн жанынан өтүп бара жаткандын баарын коргой көр! Аны менен ар бир оору-кеселди айыктыр жана бечараны ар кандай азап менен жокчулуктан куткар жана ал аркылуу Сенин жетекчилигиңдин чыйыр жолуна, Сенин кечиримиңдин жана жыргалыңдын жолуна түшүүнү каалагандарга жол көрсөтүп бер.

Сен, акыйкатта, Кудуреттүү, бардыгына ырыскы Берүүчү, Айыктыруучу, Сактоочу, Берешен, Боорукер, бардыгынан Жоомарт, бардыгынан Кайрымдуусуң.

bahaiprayers.net
ООР УЧУРДА КОЛДОО ~242w BH01693

ООР УЧУРДА КОЛДОО

О, айланайын Кудайым! Сенден бөлөк эч ким менин жан дүйнөмдүн убайын жеңилдете албайт, Сен менин эң жогорку умтулуумсуң, о, Теңирим. Жүрөгүм Сага жана Сен сүйгөндөргө гана байланган. Менин өмүрүм да, өлүмүм да Сага таандык экенин жар салам. Акыйкатта, Сен Теңдешсизсиң жана Сенде шерик жок.

О, айланайын Теңирим! Экөөбүздүн ортобузга тосмо койгонум үчүн Сенден кечирим сурайм. Өзүңдү бизге таанытып, бийик абалыңа ылайык эскерип жүрүүбүздү буйрук кылган болсоң да, Өзүңдүн даңкың жана улуулугуң менен ант берем, татыктуу деңгээлде Өзүңдү таанып, ибадат кыла албадым. О, менин Теңирим, менин кылган жосундарым менен күнөөлөрүм үчүн жоопко чакырганыңда, оор азап башыма түшөт. Сенден бөлөк жардамчым жок. Сенден бөлөк жашына турган жайым жок. Өзүңдүн эркиң болбосо, жараткандарыңдын ичинен эч ким Сага кайрылууга батына албайт. Сенин сотуңдун алдында мен Өзүңдүн сүйүүңө гана үмүт артам жана буйругуңа баш ийүү менен Сенин даңкыңа ылайык келгендей деңгээлде дуба кылууга жан үрөйм. Өзүңдүн убадаңа ылайык, үнүмдү ук деп жалбарам. Акыйкатта, Кудайдын өзү Сенсиң; Сенден башка Кудай жок. Жалгызсың жана жардамга муктаж эмессиң, бардык жаратылгандан Көз Карандысызсың. Сени сүйгөндөрдүн Өзүңө берилгендиги Сага эч пайда алып келбейт, арам жолдогулардын жосундары Сага эч зыянын тийгизе албайт. Акыйкатта, Өз убадаларын эч качан бузбаган, Сен менин Кудайымсың.

О, Жараткан Аллам! Ырайымыңдын белгилери менен Сага жалбарам, Өзүңдүн касиеттүү жакындыгыңдын эң жогорку бийиктигине жакындоого мага уруксат бер жана Сенден башканы оозангандан мени сакта. О, менин Кудайым, Сен эмнени мага ылайык көрсөң, ошого карай кадамдарымды багытта. Өз Кудуретиң аркылуу мени Өзүңдүн каарың менен жазаңдан сакта жана Сага жагымсыз жерлерге баруума жол бербе.

bahaiprayers.net
ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ ~87w BH02214

ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ

Даңктуусуң Сен, о Кудайым! Өзүңдүн жышаандарыңдын Таңы менен жана анык белгилериңдин Жарчысы менен жалынам, кандай күнгө туш болсом да, Өзүңдүн сүйүүгө толгон жетекчилигиңдин учугун бекем кармап, жоомарттыгыңдын этегине жармашканымдан жазбайын. Өзүңө кызмат кылууда бул дүйнөнүн оомал-төкмөлүнө алдырбай, Өзүңө болгон ишениминен баш тартпаган пенделериңден кыла көр, Ысымыңды даңазалоодо, Өзүңө алкоо айтууда адамдардын чабуулуна кулак салбагандардын катарына мени да кош. Сага жакканды жана Сен каалаганды гана жасоого мага Өз кайрымың менен жардам бер. Ысымыңды даңазалай турган, сүйүүңдүн отун алоолонтуп жандыра турган иш жасоого татыктуу кыл. Сен, акыйкатта, Кечиримдүүсүң, Жоомартсың.

bahaiprayers.net
НООРУЗ ~156w BH02896

НООРУЗ

Бахаи орозосу Бахаи календарынын Ала (Бийиктик) айы ичинде кармалат.

О, Кудайым, Сүйүктүүлөрүңө туткула деп буйрук кылган Орозоңдун биринчи күнү мына. Өзүңдүн маңызың менен жалынам, өз кызыкчылыгы же кумар-каалоосу менен эмес же Өзүңдүн каарыңдан коркконунан эмес, Сага болгон сүйүүсү жана ырайымың үчүн Орозо туткандардын аты менен, ошондой эле Өзүңдүн кынтыксыз ысымдарың менен, улуу касиеттериң менен жалынам, кулдарыңды Өзүңдөн башканы сүйгөндөн сакта, аларды Өзүңдүн ажарыңдын жаркыраган Таңына, Өзүңдүн бирдигиңдин Тагына жакындат. О Кудай, алардын жүрөктөрүн Өзүңдүн билимиң менен нурландыр жана жүздөрүн Өзүңдүн Эркиңдин көк мейкининде жанган Күндүзгү Жылдызыңдын нурлары менен жаркырат. Каалаганыңды ишке ашырууга Бийлигиң бар. Бардыгын Башкаруучу, бардык адамдар жардам сурап кайрылган Сенден бөлөк Кудай жок. О, Аллам, аларга Сенин Сөзүңдү көкөлөтүүгө, Өзүңө жеңиш алып келүүгө жардам бер. Аларга пенделериңдин арасындагы Сенин Ишиңдин колдору болууга уруксат эт, адамдар арасындагы Өз диниңдин көрүнүшү кыл, Өз жышаандарыңа айлант, ошентип бүт аалам Өзүңдү эске алып, Өзүңө айтылган алкоолорго, Өзүңдүн жышаандарың менен далилдериңе толсун. Акыйкатта, Сен Жоомартсың, Бийиксиң, Өкүмдарсың, Кубаттуусуң, Мээрмансың.

bahaiprayers.net
Also in: bs nl en fj hi ja lo lb ms mn es
ОКУУНУ ТАРКАТУУ ~87w BH03262

ОКУУНУ ТАРКАТУУ

(Дуба батыш Штаттардагы бахаилер үчүн ачылган)

Бардык алкоолор Сага, о, айланайын Кудайым! Сенин ырайымыңдын жыпар жытына тартылган, жалгыздыгыңдын дарагында алоолонгон отуңдан тутанып жалындаган Өзүңдүн пенделериң мына; алардын көздөрү Сенин жалгыздыгыңдын Синайында жаркырап турган керемет нур менен нурланган.

О, Теңир! Аларга тил бер, калк арасында алар Сени эскерип жүрүшсүн; ырайымың жана назик камкордугуң менен Өзүңдү алкоого аларды татыктуу кыл, периштелериңдин кошууну менен аларга жардам бер, Өзүңө кызмат кылууга алардын белин бекем буу жана жараткандарыңдын арасындагы Өзүңдүн жетекчилигиңдин жышаандары кыл.

Акыйкатта, Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, эң Бийиксиң, түбөлүк Кечиримдүүсүң, Ырайымдуусуң.

bahaiprayers.net
Also in: hy bn bi en fi lg kn ko ta
АЛКОО ЖАНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК ~125w BH03270

АЛКОО ЖАНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК

Даңкың арта берсин, о, айланайын Кудайым! Сага алкышымды айтам, анткени Өзүңдүн маңызың болгон Жарчыңды мага тааныттың, душмандарыңдан мени оолак кылдың, Сенин Күндөрүңдөгү алардын кылган күнөөлөрүн жана арамдыктарын менин көздөрүмө ачып бердиң, аларга болгон жакындыктан куткардың жана Өзүңдүн кут-берекең менен жоомарт ырайымыңа толугу менен жүзүмдү бурганга мүмкүнчүлүк бердиң. Дагы да Сага алкыш айтам, анткени Өз эркиңдин булуттарынан мага жөнөткөн аруулугуң Сенин ишенимиңден тайгандардын азгырыгынан жана ишенимсиздердин тукуруусунан мени тазартып, Сага бүткүл жүрөгүм менен умтула алдым жана Өзүңдүн ажарыңдын жарыгын четке каккандардан оолак болдум. Анан да, Сага болгон сүйүүмдө бекем болууга күч бергениң үчүн, Өзүңө алкыш айтууга, изгиликтериңди даңазалоого мүмкүнчүлүк бергениң үчүн, көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөндүн баарынан артык болгон ырайым чөйчөгүңдөн даам сызууга ракым эткениң үчүн алкыш айтам.

Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Бийиксиң, бардыгынан Даңктуусуң, бардыгын Сүйүүчүсүң.

bahaiprayers.net
Also in: ceb en fj fi ha no tvl
ООР УЧУРДА КОЛДОО ~164w BH03629GRI

ООР УЧУРДА КОЛДОО

Өзүңдүн тартуу-сыйларың жана жоомарттыгың менен менин кайгымды тарата көр, о, Кудай, айланайын Кудайым; Өзүңдүн кудуретиң жана күчүң менен капамды таркат. Өзүң көрүп турасың, о, менин Кудайым, кырсыктар туш тараптан тооруп турган ушул саатта Сага жүзүмдү буруп жалбарып турам.

Көзгө көрүнгөн да, көрүнбөгөн да бардык жараталгандардын Теңири, адамдардын жүрөктөрү менен жандарын багындырган Өзүңдүн Ысымың менен, ырайым мухитиңдин толкундары менен, жоомарттыгыңдын Күндүзгү Жылдызы менен сага жалбарам - Сага жүзүн бурууга эч нерсе тоскоол кыла албагандардын катарына мени да кош, о, бардык ысымдардын Теңири жана асмандын Жаратуучусу.

О, Аллам, Сенин күндөрүңдө башыма түшкөндөрдү көрүп турасың. Сенин ысымдарыңдын жана касиет-сапаттарыңдын Таңы менен жалбарам, Өзүңө кызмат кылууга жана изгиликтериңди даңазалоого жардам берген нерселерди тагдырыма жаза көр. Сен, акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүүсүң, эң Күчтүүсүң, бардык адамдардын дубасына жооп кайтарасың!

Акырында, Сенин жүзүңдүн нуру менен суранам, иштериме батаңды бер, карыздарымдан кутулт жана муктаждыктарымды канааттандыр. Ар бир тил Сенин кудуретиңе жана Сенин бийлигиңе күбө, улуулугуңду жана өкүмдарлыгыңды ар бир акыл-эстүү жүрөк тааныйт. Пенделеринин зарына кулак салган жана жооп берген, Сенден бөлөк Кудай жок.

bahaiprayers.net
Кыйынчылыктар жана сыноолор ~166w BH04092

Кыйынчылыктар жана сыноолор

О, кагылайын Кудайым, мени туш тараптан азап басканы Сага белгилүү, Сенден башка эч ким алардан кутулта албайт, каршы турууга күчү жетпейт. Сага болгон сүйүүмдүн аркасында мен бул акыйкатты жакшы билем - эгер Сен көктөгү Бейишиңде даражасын көтөрүп жана жердеги жашоодо жүрөгүн Өзүңдүн баарын жеңүүчү кудуретиң менен бекемдөөнү каалабасаң, Сен бир да жанга кайгы-касирет жөнөтпөйсүң, анткени Сен анын көр тирликтин түйшүгүнө берилбешин каалайсың. Акыйкатта, Өзүңө маалым, көк менен жердегилердин баарына ээлик кылуу мен үчүн кымбат эмес, кандай жагдай болбосун Өзүңдү эскерип жүрүү мен үчүн артык. О, айланайын Кудайым, Сага башымды ийип, Өзүңдү сүйүүм үчүн жүрөгүмдү чыңда жана Сенин душмандарыңдан алыс болууну буюр. Акыйкатта, Өзүңдүн даңкың менен ант этем, Сенден башка эч нерсеге умтулбайм, ырайымыңдан башка эч нерсени каалабайм, адилеттүүлүгүңдөн башка эч нерсени кабыл албайм. Суранам Сенден, эгер эркиңе туура келсе, мени жана Өзүң сүйгөндөрдү кечире көр. Акыйкатта, Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Жоомартсың.

О, көк менен жердин Теңири, бардык адамдардын алкоосунан Сен чексиз бийиксиң; Сенин адал пенделериң үчүн тынчтык болсун, ал эми даңк Кудайга таандык, бардык ааламдардын Теңири.

bahaiprayers.net
НООРУЗ ~319w BH04569

НООРУЗ

(Нооруз – бахаи календарында жылдын биринчи күнү)

О менин Кудайым, Сага деген сүйүүсү үчүн Орозо кармап, Сага жакпагандын баарынан баш тарткандарга Ноорузду майрам кылып тартуулаганың үчүн Өзүңө алкоо айтабыз. О, Жараткан Теңир, Өзүңдүн сүйүүңдүн оту жана Орозонун ысык илеби аларды Ишиңе кызмат кылууга жалындатып, бар өмүрүн Сени эскерүү менен Өзүңө алкоо айтууга арнасын.

Аларды Өзүң буйрук кылган Орозонун саймалары менен кооздодуң, о Кудайым, изгилигиң жана жоомарттыгың аркылуу аларды Өзүңдүн кабылдооң менен да көрктөндүр. Анткени, адамдардын бардык иштери Өзүңдүн ак батаңдан көз каранды жана Сенин буйругуң менен аныкталган. Эгер Сен кааласаң, Орозо мыйзамын бузган адам аны кармаган катары кабылданып, ал кылымдардан бери орозо туткандардын катарына кошулат. А эгер Сен орозо кармагандарды бул мыйзамыңды бузду деп эсептесең, алар Сенин Ачылмаңдын Көркүн булгагандардын катарына кошулуп, бул мөлтүр тунук мүрөк сууңдун Башатынан алыс калат.

Сен аркылуу “Өз эмгектериңде Сен алкоого татыктуусуң” деген туу көккө көтөрүлдү жана “Сенин мыйзамдарыңды аткарууда Сага багынышат” деген желек желбиреди. О, Кудайым, Өзүңдүн бул акыйкатыңды кулдарыңа айкын эте көр, алар бар жаралыштын кынтыксыздыгы Өзүңдүн амириң менен Сөзүңдөн көз каранды экенин, бардык иштердин маңызы Өзүңдүн эркиң менен ырайымыңа шартталганын анык билишсин жана адамдардын бардык иш-аракетинин тизгини Өзүңдүн кабылдооң менен Осуятыңдын колунда экенин түшүнүшсүн. Муну пенделериңе жеткиз, бул күндөрдө аларды Сенин Сулуулугундан эч нерсе баш тарттыра албагандай болсун, бул күндөрдө Иса мындай деп жар салган эле: “Сен бардыгына үстөмдүк кыласың, о Рух Атасы” жана сенин Досуң үн каткан: “Бардык алкоолор Сага болсун, о менин эң Сүйүктүүм, анткени Сулуулугуңду көрсөттүң жана Өзүңдүн тандалма жандарыңа Жогорку Ысымыңдын Аян Тагына жетүүгө көмөгүңдү айкындап бердиң, ал аркылуу Сенден башканын баарынан баш тартып, касиет-маңызыңдын Ачылмасына жүз бурбагандардын бардыгы көз жаш төгүп мөгдөмөкчү”.

О, Жараткан Аллам, Сенин Бутагың жана Сенин бардык жамаатың Өзүңдүн

ырайымыңа үмүт кылып кармаган орозолорун аяктап жатат. Ал үчүн жана алар үчүн, бул күндөрү Сенин жакындыгыңа ээ болгондор үчүн Китебиңде аныктаган бардык кут-берекеңди насип кыла көр. Аларга бул дүйнө менен о дүйнөдө пайда алып келе тургандарды аныктап бер. Акыйкатта, Сен баарын Билүүчүсүң, баарынан Акылмансың.

bahaiprayers.net
БАЙЛАНБАСТЫК ~149w BH04626

БАЙЛАНБАСТЫК

О, айланайын Кудайым, Өз жериңде кандай От тутандырганыңды мен биле албайм. Жердин күл-топурагы анын жарыгын тосо албас, жалынын суу да өчүрө албас. Бүт аалам элдери анын кудуретине каршы турууга алсыз. Ким ага карай жакындаса жана анын добушун уга алса, ал бактылуу.

О, айланайын Кудайым, Сен Өзүңдүн кут-берекең аркылуу кээ бирлерге ага жетүүгө жол көрсөттүң, башкаларды өз колу менен жасаган иштери үчүн андан четтеттиң. Ага карай шашыла умтулуп жана Ага жеткендер, сулуулугуңду көрүүнү ушунчалык каалагандыктан Сенин жолуңда өмүрүн берди, бул дүйнөдө эч нерсеге байланбастан, Сага карай көтөрүлдү.

О, Аллам, болмуш ааламында алоолонуп күйүп жаткан ушул оттун күчү менен Өзүңө жалбарам, Сенин улуулугуңдун тактысы алдына келүүмө жана дарбазаңдын эшиги алдында туруума жолтоо болгон көшөгөлөрдүн барын жок кыла көр. О, кагылайын Кудайым, Сенин Китебиңде аныкталган кут-берекенин баарын менин маңдайыма да жаза көр жана мени Өзүңдүн ырайымдуулук түнөгүңдөн алыстата көрбө. Эмнени кааласаң, ошону бар кылуу Өз бийлгиңде. Сен, акыйкатта, бардыгынан Күчтүүсүң, бардыгынан Жоомартсың.

bahaiprayers.net
Also in: en ta
ДАБА ~178w BH04990

ДАБА

О, айланайын Кудайым, Өзүңдүн ысымың менен сыркоолор айыгат, алсыздар күчтөнөт, суусагандардын суусуну канып, оорудан кыйналгандар тынчтанат, адашкандар насаат алып, кор болгондор көтөрүлөт, жакырлар байыйт, билимсиздер агартылып, түнт болгондор ачылат, капалуулар шаттанат, тоңгондор жылыйт жана жеңилгендер баш көтөрөт. О, жараткан Кудайым, Сенин ысымың менен бардык жаратылгандар ойгонуп, асман менен жер орноду, булуттар жаратылып, жамгыр жерге төгүлдү. Бул, акыйкатта, Өзүңдүн жараткандарыңа болгон ырайымыңдын белгиси.

Ошондуктан, Өзүңдүн Кудайлык Табиятыңды ачыктаган ысымың менен, Сенин Ишиңди бардык жаратылгандардын үстүнөн бийик көтөргөн ысымың менен, улуу касиеттериң жана керемет ысымдарыңдын ар бири менен, көккө көтөрүлгөн маңызыңды данкка бөлөгөн баардык изгилигиң менен жалбарып сурайм, Өз жаратылыштарыңдын Падышалыгында Өзүңдүн данктуу маңызыңа бириктирип байлаган ушул чабал пендеңе бүгүн түнү ырайымдуулук булуттарыңан эм боло турган жамгырыңды төгө көр. О, кагылайын Кудайым, Өзүңдүн кут-берекең аркылуу аны саламаттык жана бакубаттык кийимине оро, ар кандай оору-кеселден, Сага жагымсыз нерсенин баарынан сактай көр, о, менин Сүйүктүүм. Акыйкатта, бардыгы Сенин кудуретиңдин бийлиги алдында. Сен, акыйкатта, баарынан Кудуреттүүсүң, Өзүн Өзү бар Кылуучусуң. О, жараткан Алла, ага ушул дүйнө менен келечек дүйнөнүн, мурдагы жана кийинки муундардын кут-берекесин жөнөтө көр. Сенин кудуретиң менен акылмандыгың, акыйкатта, бардыгын камтыйт.

bahaiprayers.net
ООР УЧУРДА КОЛДОО ~158w BH05071

ООР УЧУРДА КОЛДОО

Сен мактоого татыктуусуң жана даңктуусуң, о, айланайын Кудайым! Сени сүйгөндөрдүн үшкүрүгү жана Сени көрүүнү эңсегендердин төгүлгөн көз жашы менен жалынам, Өзүңдүн Күндөрүңдө мени ырыскыңдан куру калтыра көрбө, Жүзүңдүн жарыгы алдында Жалгыздыгыңды даңазалаган Көгүчкөндүн обондорунан ажыратпа. Мен муктаждардын биримин, о, Кудайым! Баарына ээлик Кылуучу деген ысымыңа канчалык берилгендигиме назар салчы. Мен маңдайына өлүм жазылгандардын биримин, Сенин Өчпөс ысымыңды канчалык бекем карманганымды карачы. Ошондуктан баарынан Бийик, бардыгынан Жогору Өзүң менен жалынам, мени өз эркиме калтыра көрбө, жаман адаттар бийлеп алышына жол бербе. Сенин кудуретиңдин колу менен менин колумду карма, мени куру кыялдарым менен маанисиз ойлорумдун тереңинен бошот жана Сага жагымсыз болгон нерселерден тазала.

Өзүмдү толугу менен Сага тапшырууга, Өзүңө гана үмүт кылууга, Сенден гана башпаанек издеп, Сенин ажарыңа карай умтулууга ракым эт.

Өз кудуретинин бийлиги менен каалаганын ишке ашырган Сенсиң, Өз эркинин күчү менен тандаганын буюрган да Сенсиң. Сенин амириңе эч ким каршы боло албайт; Сенин жазмышыңды өзгөртүүгө эч кимдин күчү жетпейт. Сен акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Даңктуусуң, бардыгынан Жоомартсың.

bahaiprayers.net
РУХАНИЙ САПАТТАР ~41w BH05543

РУХАНИЙ САПАТТАР

О, Теңирим! О, Жараткан Аллам! Сенин сүйүүңдүн оту менен жандырылган жана ырайымыңдын дарагында алоолонуп жалындаган чырак мына. О, менин Теңирим, Ачылмаңдын Синай тоосунда жагылган отуңдун күчү менен анын табын, ысык илебин жана жалынын чыңда. Сен, акыйкатта, Тастыктоочусуң, Жардамчысың, Кудуреттүүсүң, Жоомартсың, Сүйүүчүсүң!

bahaiprayers.net
Кечирим ~215w BH05768

Кечирим

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сага даңк! Ар жолу Сени эскерүүгө батынган кезде Сага каршы жасаган күнөөлөрүм менен оор айыптарым мени токтотуп турат, ошондо мен Сенин кут-берекеңден толугу менен айрылганымды жана Өзүңдү алкоого таптакыр алсыз экенимди көрөм. Ага карабай Сенин жоомарттыгыңа болгон бекем ишенимим үмүтүмдү жандандырып, мага ырайым кылаарыңа болгон ишенимим Өзүңдү даңктоого, Өзүңдө бар нерселерди суроого кайрат берет.

О, кагылайын Кудайым, бардык жаратылгандардан ашып түшкөн Сенин ырайымдуулугуң менен, Сенин ысымыңдын мухитине чөмүлгөндөр күбө өткөн мэрримдүүлүгүң менен жалынам: мени өз эркиме калтырба, анткени менин жүрөгүм жаманга жакын. Ошондуктан Өз коргооңдун чебинде камкор башпаанегиң менен мени корго. О, айланайын Кудайым, Сенин бийлигиңдин күчү менен эмнени аныктаган болсоң, мен ошону гана каалайм. Менин бир гана эңсөөм - Өзүңдүн берекелүү насааттарың, эркиңдин жетекчилиги аркылуу мага жардам бер жана Өзүңдүн жышаандарың менен жана адилет сотуң менен мага колдоо көрсөт.

О, Сен, сүйүүдөн азап чеккен жүрөктөрдүн Ашыгы, Өзүңдүн Ишиңди Алып Келүүчүлөр менен, Шыктандыруучу Таңың менен, Сенин улуулугуңдун Көрүнүшү менен жана Сенин билимиңдин казынасы менен Өзүңө жалынам - мени Өзүңдүн ыйык мекен-жайыңдан, Өзүңдүн Ибадатканаңдан жана Сенин Чатырыңдан ажырата көрбө. О, кагылайын Теңирим! Анын куттуу сарайына жетүүгө, Анын айланасында жүрүүгө жана Анын эшигинин алдында момундук менен турууга мага жардам бер.

Кудурети кылымдарга кала берген Өзүңсүң. Сенин илимиңден эч нерсе четте калбайт. Сен, акыйкатта, күчтүн, даңктын жана акылмандыктын Кудайысың. Ааламдардын Кудайы, даңкың арта берсин!

bahaiprayers.net
Also in: eu bs ca da en fr de el ht id no pt ro ru sk tl th
ТАЙБАСТЫК ~151w BH05799

ТАЙБАСТЫК

О, кагылайын Теңирим, Сен эзелтен бери болгонсуң жана кылымдар бою жападан жалгыз акыйкат Кудай болуп кала бересиң, ал эми Сенден башканын бардыгы жакыр жана бечара. О, айланайын Кудайым, Сенин Жол башчы учугуңду бекем кармап, адамдар дүйнөсүнөн баш тарттым, өзүмдүн жүзүмдү Сенин назик ырайымдуулугуңдун мекен-жайына буруп, бүтүндөй бардык жаратылгандардан терс бурулдум. О, Кудайым, Өзүңдүн ырайымың жана берекең менен, даңкың жана улуулугуң, күчүң жана көркүң менен шыктандыр мени, анткени мен Сенден башка күчтүү жана баарын билүүчү эч кимди таба албайм. О, Алла Таалам, Өзүңдүн бардыгын камтый алган жана бардыгына жеткилең даңкыңдын кудурети менен, көктөгү жана жердеги күчтөр менен корго мени, анткени Сага ишенгендей башка эч кимге толугу менен ишене албайм жана Сенден башка жубата турган да эч кимим жок.

Кагылайын Теңирим, нак Кудайдын өзү Сенсиң, менин муктаждыгым Сага белгилүү, менин абалымды да көрүп турасың, Өзүңдүн эркиң менен тагдырыма эмне туш келгенин, Өзүңдүн Жоомарттыгың жана Мээримиң менен бу дүйнөдө башымдан кандай азаптар өткөнүн билесиң.

bahaiprayers.net
ООР УЧУРДА КОЛДОО ~220w BH05837

ООР УЧУРДА КОЛДОО

О, Теңир, айланайын Кудайым, бактысыз күндөрүмдө жашынаар жайымсың! Кырсык тооруганда Калканым менен Башпаанамсың! Кыйын күндөрдө Баш Калкамсың, жалгыздыгымда Шеригимсиң! Убайым тартканда - Жубатаарымсың, жалгыз калганымда - сүйкүмдүү Досумсуң! Күйүтүмдү басып, күнөөлөрүмдү Кечирүүчүсүң!

Бүтүндөй маңызым менен Өзүңө кайрылам, жүрөгүм, ойлорум жана сөздөрүм менен Сага жалбарам: Өзүңдүн ыйык биримдигиңдин алкагында Сенин эркиңе каршы келген бардык нерседен мени сакта; Сенин кут дарагыңдын көлөкөсүн издөөгө тоскоол болгон бардык ыпыластыктан мени тазала.

О, Теңир, алсыздарга ырайымдуу бол, сыркоолорду айыктыр жана катуу чаңкагандардын суусунун кандыр. Сүйүүңдүн оту жанып турган жүрөктү кубант, Сенин көктөгү сүйүүңдүн жана рухуңдун жалыны менен аны алоолонт. Кудай биримдигинин чатырына ыйыктыктын жабуусун жап жана башыма Өз ырайымыңдын таажысын тага көр.

Жүзүмдү жоомарттыгыңдын нуру менен жаркырат жана Өзүңдүн ыйык босогоңдо кызмат кылууга ырайымың менен жардам бер.

Жүрөгүмдү Сен жараткандарга болгон сүйүүгө толтур жана мени ырайымыңдын белгиси, кут-берекеңдин жышааны, сүйгөндөрүңдүн ортосундагы ынтымактын жарчысы кыл, Сени алкоодон чарчабаган, Өзүңө берилген пендең болоюн, өзүн унутуп, бирок ар дайым Сага эмне ылайыктуу экенин эсинен чыгарбаган кулуң кыл.

О, Кудай, кагылайын Кудайым! Сенин кечиримиңдин назик желаргысын менден аяба, Өзүңдүн жардамыңдын жана ырайымыңдын булактарынан мени айырба.

Сенин коргоочу канаттарыңдын көлөкөсү алдына баш калкалоого уруксат эт жана бардыгын кайтарып турган каректериң менен мага назарыңды сала көр.

Оозума сөзүмдү салып бер, элиңдин арасында ысымыңды даңазалайын, улуу жыйындарда үнүмдү бийик кыл, эриндеримден Сага карата алкоолор куюлсун.

Сен, Акыйкатта, Изгисиң, Даңктуусуң, Кудуреттүүсүң, бардыгынан Күчтүүсүң.

bahaiprayers.net
РУХАНИЙ САПАТТАР ~126w BH06026

РУХАНИЙ САПАТТАР

О, Кудайым! Жараткан Кудайым! Сага жакын болууну самап, жүрөгүндө Сени тапкан нурлуу пендең, Сенин руханий туткунуң мына алдыңда турат! Ал жүзүн Сенин ажарыңа буруп, Сенин жалгыздыгыңды таанып, жалгыздыгыңа табынып жана Сенин ысымың менен элдер арасында үнүн көтөрдү жана ырайымыңдын шар аккан агымына карай адамдарды алып барат, о Жоомарт Теңир! Ал чаңкагандарга Сенин чексиз ырайымыңдын шарабына толтурулган жетекчилигиңдин чөйчөгүнөн даам сыздырды.

О, Теңир, аны дайыма колдоп, Сенин ыйык сырларыңды тааныта көр жана касиеттүү берметтериңди ага төк. Аны Өзүңдүн асмандан түшүрүлгөн колдоо шамалыңа желбиреп турган, мунара башындагы тууң кыл жана туптунук сууларыңдын булагына айлант.

О, менин кечиримдүү Теңирим! Өзүңдүн мээриң түшкөндөргө бар жаралыштын акыйкатын ачып, бүт жерге жарыгын чачып турган чырактын нуру менен жүрөктөрдү нурландыр.

Сен, акыйкатта, Кудуреттүүсүң, Өкүмдарсың, Колдоочусуң, Күчтүүсүң, жакшылык Жаратуучусуң! Акыйкатта, Сен бардык ырайымдуулуктун Теңирисиң!

bahaiprayers.net
Ахмадка кат-наама ~466w BH06249

Ахмадка кат-наама

Ал - Падыша, бардыгын Билүүчү, Акылман! Мына, Түбөлүктүүлүк Дарагынын бутактарына конгон Бейиш Булбулу жан жыргаткан ыйык обон менен сайрап жатат, ал адал пенделерге Кудайдын жакындыгы жөнүндөгү кубанычтуу кабарды жар салууда, Кудайдын Бирдигине ишенгендерди Айкөл Теңирдин Сарайына чакырат, эч нерсеге байланбаган такыбаларга нак Падыша, Даңктуу, Теңдешсиз Кудай тарабынан ачылган билдирүүнү кабарлап, сүйүктүүлөрүнө ыйыктыктын тактысына жана ушул нуру төгүлгөн Сулуулукка жол көрсөтүп сайрап жатат.

Акыйкатта, ал - Элчилердин Китебинде эскертилген Улуу Сулуулуктун өзү, ал аркылуу чындык жалгандан ажыратылып, ар бир осуяттын аныктыгы ырасталат. Акыйкатта, Ал - баарынан Бийик, Кудуреттүү, Улуу Кудайдын жемиштерин бере турган Өмүр Дарагынын өзү.

О, Ахмад! Акыйкатта, Ал - Падыша, Колдоочу, Теңдешсиз, бардыгынан Күчтүү Кудай экенине, андан башка Кудай жоктугуна күбө бол. Жана да Анын Али деген ат менен жиберилген өкүлү ырасында эле, биз баарыбыз амирине баш ийген Кудайдан экенине күбө бол.

Айт: О, адамдар, Даңктуу, Даанышмандын Байан Китебинде жазылган Кудайдын осуяттарына баш ийгиле. Акыйкатта, Ал Элчилердин Падышасы, ал эми Анын Китеби Китептердин Энеси, ушуну билгиле.

Караңгы зындандын түбүнөн Булбул өзүнүн бул чакырыгын кабарлайт. Ал бул анык кабарды гана жеткирүүнү көздөйт. Ким кааласа, ушул кеңештен баш тартсын, ал эми ким кааласа, өзүнүн Теңирине карай жолду тандасын.

О, адамдар, эгерде силер ушул сөздөрдү четке кага турган болсоңор, анда Кудайга болгон ишенимиңерди кантип далилдейсиңер? Далилиңерди айткылачы, о, жалганчылардын тобу!

Жок, менин жаным Кимдин колунда болсо, Ошонун аты менен ант берем, алар бири-бирине жардам берүү үчүн биригишсе да, муну эч качан жасай алышпайт.

О, Ахмад! Мен жок болгон кезде белектерим жөнүндө унутпа. Өз күндөрүңдө менин күндөрүмдү эсиңе ала жүр, Менин тарткан азаптарымды, алыскы зынданда куугунтук көргөнүмдү эсиңден чыгарба. Мага болгон сүйүүңдө ушунчалык бекем бол, душмандардын кылычтары жамгырдай жаап, көк менен жердегилердин баары сага каршы турса да жүрөгүң солк этпесин.

Душмандарым үчүн оттун жалыны бол, сүйүктүүлөрүм үчүн түбөлүктүү жашоонун өзөн суусу бол жана да күмөндүүлөрдүн катарында боло көрбө.

Эгерде Менин жолумда азап чегип же Менин Ысымым үчүн жоготууга учурасаң, ал үчүн капаланба.

Кудайга таян, ата-бабаларың жана өзүң ишенген Кудайыңа таян. Анткени адамдар адашуу жолунда каңгып жүрөт, алар кыраакы көз менен кулактан ажыраган, Кудайды өз көздөрү менен көрө албайт, Кудайдын обонун өз кулактары менен уга албайт. Биз аларды ушундай абалда таптык, ага өзүң күбөсүң.

Ушинтип жалган ойлор адамдардын жүрөктөрүн калкалаган көшөгөгө айланып, Бийик, Улуу Кудайдын ак жолунан адаштырды.

Акыйкатта, чын жүрөгүңдөн ишен, бул Сулуулуктан баш тарткандар, Анын мурдагы Элчилеринен да терс бурулуп, Кудайга текеберлик көрсөткөндөр.

Ушул Ыйык Насаатты тереңдеп оку, о, Ахмад. Өз күндөрүңдө аны обон салып ырда, андан карманба. Анткени, акыйкатта, аны ырдагандарга Кудай жүздөгөн шейиттердин сообун жана эки дүйнөдө кызмат кылууну аныктаган. Сен да ыраазылардын катарында болсун деп, Биз сага Өзүбүздүн мээрмандагыбыздын белгиси жана жакындыгыбыздын кайрымы катары ушул кут-берекени тартуу кылдык.

Кудайдын аты менен ант этем! Азап чеккен, кайгыга баткан пенденин кимиси болбосун, бул Ыйык Насаатты чын жүрөгү менен окуса, Кудай анын кайгысын таркатат, кыйынчылыгын жеңилдетет, азабынан куткарат.

Ал, акыйкатта, Ырайымдуу, Кайрымдуу, бардык ааламдардын Теңири, даңкың арта берсин!

bahaiprayers.net
РУХАНИЙ САПАТТАР ~66w BH06296

РУХАНИЙ САПАТТАР

О, Теңирим! Сенин сулуулугуң - менин азыгым, Сенин жүрөгүмдө бардыгың - менин суусундугум, Сенин эркиң – менин үмүтүм, Сени алкоо - менин кылаар ишим, Сени эскерүү - менин шеригим жана Сенин кудуреттүү үстөмдүгүң - менин колдоочум, Сенин мекен жайың - менин үйүм болсун. Сенден көшөгө менен калкаланып алгандарга коюлган чектөөлөрдөн Өзүң тазарткан жер - менин турагым болсун.

Акыйкатта, Сен эң Кудуреттүүсүң, бардыгынан Даңктуусуң жана бардыгынан Күчтүүсүң.

bahaiprayers.net
Адамзат ~128w BH07650

Адамзат

О, изги Теңир! О, Сен, Жоомарт жана Кайрымдуу! Биз Сенин биримдигиңдин көлөкөсүнө чогулган босогоңдун алдындагы пенделериңбиз. Өзүңдүн ырайымдуулугуңдун Күнү бардыгына бирдей жаркырап тийип турат, кайрымдуулук булуттарың бардыгына төгүлүүдө. Сенин белектериң бардыгына бирдей жетет, даанышман Жетекчилигиң бардыгын чыңдайт, Өзүңдүн камкордугуң бардыгын шыктандырат жана мээримдүү каректериң ар бирине тигилген. О, Теңир! Түгөнбөс белектериңди жөнөт бизге жана Сенин жетекчилигиңдин жарыгы жаркырап төгүлсүн. Көзүбүздү жарык кыл, жан дүйнөбүздү түбөлүктүү бакыт менен кубант. Бардык адамдарга жаңы рух түшүр жана түбөлүктүү өмүр тартуула. Чыныгы түшүнүктүн дарбазасын ач, ылайым, ишенимдин жарыгы бүт көркөмү менен жаркырасын. Өзүңдүн жоомарттыгыңдын көлөкөсү алдында бардык адамдарды чогулт жана алар бир күндүн нурлары, бир мухиттин толкундары, бир дарактын жемиштери сымал ынтымакта жана тынчтыкта жашасын. Чаңкоолорун бир булактан кандырсын. Бардыгын бир желаргы сергитсин. Бир жарыктын булагынан нурлансын. Сен Сыйкорсуң, Ырайымдуусуң, бардыгынан Кудуреттүүсүң.

bahaiprayers.net
Also in: en mi tvl
ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ ~64w BH07775

ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ

Ысымың даңазалана берсин, о менин Аллам! Бар болгон үмүтүн артуу менен Өзүңө кайрылган кулуң менмин. Сөзүңдүн мухитин толкутуп, билимиңдин желаргысын желпиткен Өзүңдүн Ысымың менен жалынам, Сенин Ишиңе кызмат кылууга мээрмандыгың менен жардам бер, Өзүңдү эскерип, алкоо айтууга шыктандыр. Жоомарттык асманыңдан мени Өзүңдөн башканын баарынан тосуп турган, Сенин бардык ааламдарыңда мага пайда алып келе турган нерселерди жибер.

Акыйкатта, Сен Кудуреттүүсүң, Кол Жеткиссиң, Бийиксиң, Билүүчүсүң, Акылмансың.

bahaiprayers.net
ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ ~134w BH08244

ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ

Ысымың даңазалана берсин, о Жараткан Кудай! Адамдар арасында Кудай Сөзүнүн асманы кенен жайылган саатта, даанышмандык жарыгынын улуулугун жаркырата чыгарган Өзүңдүн ысымың менен жалынам, асман жышаандарың аркылуу мага көмөк болуп, пенделериңдин арасында Өзүңдүн ысымыңды даңазалоого уруксат эт.

О Теңир! Сенден башканын баарынан баш тартып, Сенин мүмкүн болчу бардык кут-берекеңдин этегине жармашып Өзүңө кайрылып турам. Адамдардын акылын туткундап, алардын жаны менен рухун шаттандырган кабарды жарыялоо үчүн менин оозума сөзүмдү салып бер. Өзүңдүн Ишиңде мени ушунчалык бекемде, пенделериңдин арасындагы зулумдардын үстөмдүгү да, Сенин падышалыгыңды мекендеген ыймансыздардын кысымы да мени токтото албагандай болсун. Мени Өз жерлериңде жаркырап жанган чырак кыл, анын жарыгы аркылуу жүрөгүндө Өзүңдүн билимиңдин жарыгы жанган, сүйүүңө чаңкаган жандарга жол көрсөтүп, багыт берейин.

Акыйкатта, эмнени кааласаң ишке ашыра алган кудуретке ээсиң жана бар жаралыш падышалыгын алаканында кармап турасың. Баарынан Кудуреттүү, баарынан Акылман Сенден башка Кудай жок.

bahaiprayers.net
МАРКУМДАР ҮЧҮН ~325w BH08308

МАРКУМДАР ҮЧҮН

Ал Кудайдын өзү, Бийик, Ырайымдуу жана Жоомарт Теңир!

Даңкың арта берсин, о, Кудайым, бардыгынан Кудуреттүү Теңир! Мен Өзүңдүн кудуреттүүлүгүңө жана күчүңө, өкүмчүлүгүңө жана назик камкордугуңа, Өзүңдүн ырайымдуулугуң менен бийлигиңе, маңызыңдын Жалгыздыгына жана бөлүнбөс Болмушуңа, ыйыктыгыңа жана бул дүйнөдөгү бар нерсенин баарынан жогору экениңе күбөмүн.

О, менин Кудайым, Өзүңө бекем карманып, Сенден бөлөк бардык нерселерден баш тартып, Сенин жоомарттыгыңдын мухитине карай, Сенин ырайымыңдын асманына карай жана Өзүңдүн ырайымдуулугуңдун Күндүзгү Жылдызына карай жүзүмдү бурганымды көрүп турасың.

О Аллам! Өз пендеңе Ишенимиңди артып, ушул Жанга жашоо бергениңе күбөмүн.

Сенин Ачылмаңдын Жарык Жылдызынын сонундугу менен жалынам – Өз күндөрүңдө бул пендеңдин жетишкендиктерин мээримдүү ырайымың менен кабылда. Ырайымыңдын даңкына бөлөп жана Өзүңдүн кабылдооңо ээ кыла көр.

О, айланайын Теңирим! Мен жана бардык жаратылгандар Сенин кудуретиңе күбө жана Өзүңө жалынам - көктөгү мекениңе, жогорку бейишиңе, жакындыгыңдын турагына учуп кеткен ушул жанды четке какпа, о, Сен, бардык адамдардын Теңири!

О, айланайын Жараткан, эч бир калем да, тил да баяндап берүүгө күчү келбеген көктөгү мекениңе кайтып барган кулуңа Өзүңдүн тандалмаларың менен, ыйык жандарың менен жана Элчилериң менен баарлашууну насип кыл.

О, айланайын Теңирим! Ушул бечара, акыйкатта, Сенин молчулугуңдун Падышалыгына, ушул жолоочу Сенин мекениңдеги үйүнө, ушул чаңкаган жан Өзүңдүн жоомарттыгыңдын көктөгү дарыясына ашыкты. О, Алла, Өз ырайымдуулугуңдун салтанатындагы үлүшүнөн жана жоомарт белектериңден аны айырба. Сен, акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүүсүң, Ырайымдуусуң, Жоомартсың.

О, кагылайын Кудайым! Сенин аманатың Өзүңө кайтты. Кайрадан Өзүңө барган пендеңе сыйларың менен белектериңди, ырайымдуулук дарагыңдын жемиштерин тартуулоо - көк менен жерди камтыган Өзүңдүн кайрымдуулугуң менен жоомарттыгыңа ылайыктуу! Сен Өз эркиңе ылайык бийлик кыласың; Боорукер, Ырайымдуу, Жоомарт, Кайрымдуу, Сыйкор, Кечиримдүү, Сүйүктүү, Даанышман Сенден бөлөк Кудай жок.

О, айланайын Теңирим, мейманга сый көрсөтүүнү адамдарга буюрганыңа күбөмүн, ал эми Сага көтөрүлгөн пендең, акыйкатта Өзүңө жетип, жакындыгыңа ээ болду. Ага Өзүңдүн ырайымдуулугуң жана жоомарттыгың менен карай көр! Сенин даңкың менен ант берем, пенделериңе эмнени буюрган болсоң, Өзүң да андан баш тартпайсың, Сенин жоомарттыгыңдын учугунан кармагандарды жана молчулугуңдун Күндүзгү Жарыгына карай көтөрүлгөндөрдү үлүшүнөн айырбасыңды мен жакшы билем.

Бирдиктүү, Жалгыз, Кудуреттүү, бардыгынан Даанышман, бардыгынан Жоомарт, Сенден бөлөк Кудай жок.

bahaiprayers.net
Жардам ~127w BH08363

Жардам

О, Сен, куттуу-кудуреттүү Кудай! Биз Сенин касиеттүү Дарбазаңдын алдында коргологон босогоңдун кулдарыбыз. Кудуреттүү ошол тиректен башка жашынаар жай издебейбиз, Сенин коргооңдон бөлөк баш калкага умтулбайбыз. Бизди корго, колдо, батаңды бер, Сен сүйгөндү гана сүйдүр, Өзүңө гана алкоо айткандай бололу, акыйкат жолун жолдоп, Өзүңдөн башка бардык нерседен баш тарткандай кылып бизди байыт, ырайым деңизиңдин белектерине ээ кыл, Ишиңди түбөлүк даңктоого умтулуп, бардык жерде Сенин жыпарыңды тараткандай бололу, өзүбүздү унутуп, Сенде эрип жок бололу, бардык нерседен баш тартып, Өзүңө толугу менен берилгендей бололу.

О, Сыйкор, о, Кечиримдүү Кудай! Өзүңдүн кут-берекеңди төк бизге, назик камкордугуң менен молчулуктарыңа бөлө, максаттарыбызга жетүү үчүн бизди колдо. Сен Кудуреттүүсүң, Күчтүүсүң, Билүүчүсүң, Көрүүчүсүң; акыйкатта, Сен баарынан Жоомартсың; акыйкатта, Сен баарынан Ырайымдуусуң; акыйкатта, Сен баарын Кечирүүчүсүң, пенделериң кулдук урган, кандай оор күнөө болбосун кечире турган Өзүңсүң!

bahaiprayers.net
Кечирим ~85w BH08600FAC

Кечирим

О, Теңир, мына мен - Сага карай жүзүн бурган, Сенин Берекеңдин кереметинен жана жоомарттыгыңдан үмүт кылган - ошол мен. Сенин мээримиңдин эшигине жетпей, көңүлүм сынып артка кайтуума жол бербе жана Өзүңдүн Ишиңден терс бурулган пенделериңдин колуна мени калтыра көрбө деп Өзүңө жалынам.

О, айланайын Кудайым, мен Сенин кулуңмун жана кулуңдун урпагымын. Сенин Күндөрүңдө акыйкатыңды моюндадым жана Өзүңдүн жалгыздыгыңды таанып, Сенин кечиримиңе жана ырайымыңа үмүт артып, жалгыздык маңызыңдын жээктерин көздөй кадамдарымды багыттадым. Эмнени кааласаң, ошону жасоого кудуретиң жетет. Бардыгынан Даңктуу, түбөлүк Кечиримдүү Сенден башка Кудай жок.

bahaiprayers.net
Кыйынчылыктар жана сыноолор ~71w BH08600TES

Кыйынчылыктар жана сыноолор

О, Сен! Сыноолоруң - Өзүңө жакын болгондор үчүн даба, кылычың – Сени сүйгөндөрдүн жалындаган эңсөөсү, жебең - Сага куса болгон жүрөктөрдүн эң кымбат каалоосу, буйругуң - Сенин акыйкатыңды тааныгандардын жалгыз үмүтү! Кудайлык ширин маңызың ме¬нен жана Өзүңдүн ажарыңдын даңкынын улуулугу менен жалбарам, өз асманыңдан бизди Сага жакындата турган күч жөнөт. О, айланайын Кудайым, Сенин Ишиңде биздин кадамдарыбызды чыңда, жүрөктөрүбүздү билимиңдин жарыгы менен нурландыр жана Өз ысымдарыңдын нуру менен жан дүйнөбүздү жаркырат.

bahaiprayers.net
МАРКУМДАР ҮЧҮН ~109w BH09085

МАРКУМДАР ҮЧҮН

О, айланайын Кудайым! О, жараткан Алла! Сенин алдындагы кулуң, Өзүңдүн кудуреттүү күчүңдүн улуулугу алдында моюн сунуп, Сенин биримдик дарбазаңдын алдында башын ийип, акыйкатта, Сага жана Сенин ырларыңа ишенди, Сөзүңө күбөлүк кылды, сүйүүңдүн оту менен жалындады, Сенин билим мухитиңдин тереңине чөмүлдү, Өзүңдүн желаргыңа туткундалып, Өзүңө ишеним артты, жүзүн Өзүңө бурду, Сага өзүнүн дубаларын багыштады, Сенин кечиримиң менен ырайымыңа ынанды. Ал ушул өткөөл дүйнөнү калтырып, Өзүңө жолугуу үмүтү менен өлбөстүктүн Падышалыгына карай учту.

О, Теңир, анын абалын жогорулат, Өзүңдүн улуу ырайымдуулук чатырыңдын астына ал, ажайып Бейишиңе кирүүгө уруксат эт жана анын көктөгү раушан багыңдагы өмүрүн түбөлүктүү кыл, ылайым, сыр дүйнөсүндө ал нур деңизине чөмүлсүн.

Сен, акыйкатта, Жоомартсың, Кудуреттүүсүң, Кечиримдүү жана Берүүчүсүң.

bahaiprayers.net
РУХАНИЙ САПАТТАР ~215w BH09289

РУХАНИЙ САПАТТАР

Сенин түбөлүктүүлүгүңдүн ширин агындарынан мага даам сыздыр, о, айланайын Кудайым, Сенин болмуш дарагыңдын жемиштеринен даам татууга уруксат бер, о, Yмүтүм менин! Сенин сүйүүңдүн мөлтүрөгөн булактарынан чаңкоомду кандыр о, менин Даңкым; Өзүңдүн түбөлүктүү жазмышыңдын көлөкөсүнөн орун алууга мүмкүндүк бер, о, Жарыгым менин! Сага жакындыктын көк жайыгында жайбаракат серүүндөп жүрүүгө ракым эт, о, менин Сүйүктүүм, жана Сенин кайрымдуулук тагыңдын оң жак босогосунда отурууга уруксат бер, о, Эңсөөм менин! Сенин кубанычыңдын жыпар жыттуу шамалы мени желписин, о, Максатым менин, Сенин болмушуңдун эң бийик бейишине киргизе көр, о, менин Кадырманым!

Сенин болмушуңдун көгүчкөнүнүн обондоруна кулак төшөйүн, о Кереметтүү, жана Өз күчүң менен кудуретиңдин руху аркылуу мени тирилт, о менин Камкорчум! Өз сүйүүңдүн рухунда мени бекемде, о, менин Коргоочум, ошондой эле, Сенин ырайымыңдын жолунда менин кадамдарымды чыңда, о, менин Жаратуучум! Сенин өлбөстүк багыңда, Сенин ажарыңа карап кылымдар бою өмүр сүрүүгө уруксат эт, о мага Ырайым Кылуучу жана Сенин даңкыңдын тактысына мени бекемде, о мага Ээлик Кылуучу! Өзүңдүн назик камкордугуңдун асманына карай мени көтөр, о мени Тирилтүүчү жана Сенин жетекчилик жарыгыңа карай мени багытта, о мени Ашык Кылуучу! Сенин көрүнбөс рухуңдун Ачылышы алдына мени чакыр, о менин Кайнар Көзүм, эң бийик Умтулуум! Өзүң ачыктаган Сенин сулуулугуңдун жыпар жыттанган маңызына менин кайтып баруума көмөктөш, о, нак Кудайдын Өзү!

Эмнени кааласаң, ошону жасоо Сенин эркиң. Сен, акыйкатта, эң Бийиксиң, бардыгынан Даңктуусуң, бардыгынан Улуксуң.

bahaiprayers.net
Хукукулла ~160w BH09404

Хукукулла

О, менин кайрымдуу Теңирим, Сен даңктуусуң! Касиеттүү Сөзүңдүн мухитинин толкуну менен, жогорку өкүмчүлүгүңдүн түрлүү жышаандары менен, Кудайлык маңызыңдын айныксыз далилдери менен, Билимиңде жашырылган касиеттүү сырларың менен жалынам, Өзүңдүн ырайымың менен Сага жана тандалган пенделериңе кызмат кылууга жана Китебиңде осуятталган Укугуңду урмат менен сунууга ракым эт.

О, Теңир, Сенин даңкыңдын падышалыгына Өзүңө деген сүйүүсү менен умтулган жана жоомарттыгыңдын кийиминин этегин бекем кармаган пендең мына менмин. О, Сен, бар болмуштун Теңири жана Ысымдар падышалыгынын Өкүмдары, Сен эмнеге ээлик кылсаң, ошондон мени айырба, Өзүңдүн тандалган пенделериң үчүн эмнени багыштасаң, андан мени да куру калтырба деп Сага жалынам. О, бардык ысымдардын Теңири жана көктүн Жаратуучусу, Өзүңө жалбарам, Сенин Ишиңде мени туруктуу кыла көр; ырайымдуулугуң аркылуу мени ушунчалык бекемде, бул дүйнөнүн убаракерчилиги мени парда сымал ороп албасын, Өз күндөрүңдө калкыңды жолдон тайдырууга ниеттенген зулумдар жолумду тоспосун. О, менин жүрөгүмдүн Эңсөөсү, мен үчүн бу дүйнө менен о дүйнөнүн жакшылыктарын аныктай көр. Акыйкатта, каалаган эркиңди аткарууга Сенин бийлигиң бар. Түбөлүк Кечирүүчү, баарынан Жоомарт Сенден башка Кудай жок.

bahaiprayers.net
Also in: az bi nl en fr gil hz hu iba is mr mn ro diu sm tvl
Жыйындар ~241w BH09848

Жыйындар

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сен Даңктуусуң! Сенин кут-берекеңдин учкул шамалы менен, Сенин ой-болжомуңдун Күн Чыгышы жана илхамыңдын Таңы болгондордун аты менен жалынам, мага жана Сенин ажарыңды издегендерге Өзүңдүн кең пейилдигиң менен ырайымдуулугуңа ылайык келген кут-берекелериңди төгө көр. О, айланайын Теңирим, Мен жакырмын жана жалгызмын, Аллам, мени Өз байлыгыңдын мухитине чөмүлт; мен чаңкап турам - назик камкордугуңдун мүрөк сууларынан жуткуза көр.

Сенин Ысымың менен, жер менен көктөгү бар жаралышты камтыган өткүр Сөзүң менен, Өзүңдүн маңызың кылып дайындагандардын аты менен жалбарам - бардык пенделериңди изги ой-болжомуңдун дарагынын көлөкөсүнө бириктирип чогулта көр. Аларга анын жемиштеринен даам сызып, жалбырактарынын шыбырына жана бутактарында сайраган Куштардын таттуу добушуна кулак салууга жардам бер. Сен, акыйкатта, коркунучта Жардамчысың, Кол Жеткиссиң, Кудуреттүүсүң, баарынан Жоомартсың.

Бахаулла

О, изги Теңир! Бул жолугушууга чогулган, Сенин Падышалыгыңа кайрылып, белектериңе жана Өзүңдүн кут-берекеңе муктаж пенделериң мына. О, Кудай! Жашоонун бардык маңыздарында камтылган Өзүңдүн бирдигиңдин белгилерин ачып көрсөт. Адамзаттын маңызына Өзүң салып берген асыл изгиликтерди айкындап көрсөтүп бер.

О, Кудай! Биз өсүмдүк сымалбыз, ал эми Сенин жоомарттыгың жамгыр сыяктуу; ушул өсүмдүктөрдү сергит, алар Сенин берекеңдин аркасында гүлдөп өссүн. Биз Сенин кулдарыңбыз; бизди көр турмуштун чынжырынан бошот. Түркөйбүз - бизге акылмандык бер. Өлүкпүз - бизди тирилт. Затпыз – бизге рух бер. Таалайсызбыз - бизге Өзүңдүн сырларыңды ач. Муктажбыз - чексиз казынаңдан бизди байыт жана кут-берекеңди тартуула. О, Кудай! Бизди кайрадан жарат; көзүбүз менен кулагыбызды ач, жашоо сырларын айкындап, Өзүңдүн падышалыгыңдын сырларын бизге ачыктап, жалгыздыгыңды тааныт. Береке- жакшылыктын баары бир Өзүңдөн.

Сен Кудуреттүүсүң, Күчтүүсүң, Сыйкорсуң, Сен түбөлүк Жоомартсың.

bahaiprayers.net
ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ ~44w BH09850

ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ

О, Теңир, кагылайын Кудайым! Ишенимиңе туруктуу калууга, Өзүңдүн жолуң менен басууга жана Сенин Ишиңде тайбас болууга сүйүктүүлөрүңө жардам бер. Өзүңдүн кут-берекеңди төк, алар өзүмчүлдүк менен кумар-каалоолорунун кысымына алдырбай, Кудайлык жетекчилигиңдин нурун ээрчисин. Сен Кубаттуусуң, Ырайымдуусуң, Өзүн Өзү бар Кылуучусуң, Боорукерсиң, бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Жоомартсың.

bahaiprayers.net
Also in: hy en hi iba ja mi ne zh-Hant tvl uk
БОЛОЧОК ЭНЕЛЕР YЧYН ~81w BH09947

БОЛОЧОК ЭНЕЛЕР YЧYН

Менин Теңирим! Менин Аллам! Ушул момун күңүңө берген сыйың үчүн Сага алкоо айтам жана ыраазычылыгымды билдирем, Сен аны Өзүңдүн айкын Падышалыгыңа багыттадың, бул өткөөл дүйнөдө Сенин улуу чакырыгыңа кулак салууга жана бардык жандуунун үстүнөн бийлик кылган Өкүмчүлүгүңдүн орун алганын күбөлөндүргөн аян-белгилериңди көрүүгө татыктуу кылдың.

О, менин Теңирим, жүрөгүмдүн алдында көтөрүп жүргөн перзентимди Өзүңө арнайм. Бул перзентке Өзүңдүң ырайымыңдын, жоомарттыгыңдын аркасында Сенин Падышалыгыңа татыктуу кыл жана бактылуу болуу тагдырын жаз, Сенин насаатыңдын көлөкөсүндө өсүп-өнүксүн. Акыйкатта, Сен Берекелүүсүң! Акыйкатта, Сен Улуу Ырайымдын Теңирисиң!

bahaiprayers.net
АЛКОО ЖАНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК ~107w BH09960

АЛКОО ЖАНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК

О, Теңир, айланайын Кудайым, ысымың даңктала берсин! Бардыгы Сага сыйынышат, бирок Сен эч нерсеге сыйынбайсың; бардыгынын үстүнөн үстөмдүк кыласың жана эч кимге кызмат кылбайсың; Сен бардыгы жөнүндө билесиң, Өзүң эч кимге белгисизсиң. Өзүң жөнүндө адамдар билишин кааладың, ошондуктан бир ооз Сөзүң менен бардык жаралышка жан бердиң, ааламды жараттың. Ааламды өлчөп-бычкан Жаратуучу, бардыгынан Кудуреттүү, бардыгынан Күчтүү Сенден башка Кудай жок.

Эркиңдин асманында жаркырап чыккан Сөзүң менен жалынам - Өзүң тандагандардын жүрөктөрүн тирилткен жана Өзүңдү сүйгөндөрдү жанданткан мүрөк суусунан мага да жуткуза көр, ар убакта жана ар жагдайда жүзүмдү Өзүңө гана бургудай болоюн.

Сен кудуреттин, молчулуктун жана даңктын Кудайысың. Башкы Өкүмдар, бардыгынан Даңктуу, бардыгын Билүүчү Сенден башка Кудай жок.

bahaiprayers.net
Балдар жана жаштар ~63w BH10076

Балдар жана жаштар

О, Теңир! Ушул жаш өспүрүмдү Өз нуруңа бөлөп, ушул чабал жанга Өзүңдүн берекеңди төк. Ага билим энчиле, ар бир күндүн таңында күчүнө күч кош, Өз коргооңдун башпаанегине ал, адашуулардан бошонуп, өзүн Сенин Ишиңе арнасын, адашкандарды жолго салсын, бактысыздарды жетелесин, кул болгондорду куткарсын жана кайдыгерлерди ойготсун, ошентип бардык адамдар Сен жөнүндө оозанып, Өзүңдү мактоого алганы үчүн Сенин батаңа ээ болсун. Сен Кудуреттүүсүң жана Күчтүүсүң.

bahaiprayers.net
НООРУЗ ~64w BH10581

НООРУЗ

Даңкың арта берсин, о Жараткан Алла! Сенин буйругуңа ылайык Орозо тутуп, эми Сенин эркиң менен ооз ачып жатабыз. Сенин сулуулугуңа суктанып, Өзүңдүн ишиңе берилип, Өзүңдөн башканын баарынан бошонуп Сенин жолуңда жасаган иштерибизди кабыл кыла көр. Бизге, ата-бабаларыбызга жана бул ары улуу, ары даңктуу Ачылмаңда Сенин кудуреттүү жышаандарыңа, Өзүңө ишеним арткандардын баарына кечиримиңди тартуула. Каалаганыңды жасоо Өз эркиңде.

Сен, акыйкатта, эң Бийиксиң, эң Кудуреттүүсүң, Чексизсиң.

bahaiprayers.net
Жардам ~81w BH10973

Жардам

О, Сен, ажарың - менин аздектөөм, Сулуулугуң - менин турагым, мекен-жайың - менин умтулууларымдын максаты, алкооң - менин үмүтүм, жетегиң - менин шеригим, сүйүүң - менин тирлигимдин себеби, эске алууң - менин көңүл жубатаарым, жакындыгың - менин эңсөөм, Өзүңдү тапканым - менин көксөгөн тилегим жана жогорку умтулуум; Өзүңө жалбарам - пенеделериңдин арасындагы тандалгандар үчүн эмнени аныктаган болсоң, ошону мага да буюра көр. Бу дүйнөнүн жана келечек дүйнөнүн жакшылыктары менен мени азыктандыр. Сен, акыйкатта адамдардын Падышасысың, Сенден башка Кудай жок, Кечиримдүүсүң, Жоомартсың.

bahaiprayers.net
Жыйындар ~108w BH11262

Жыйындар

О, менин Аллам! О, Жараткан! Акыйкатта, бул пенделериң Өзүңдүн кайрымдуулук падышалыгыңа жалынып кайрылат. Акыйкатта, алар Өзүңдүн ыйыктыгыңа ашык болгондор, Өзүңдүн сүйүүң аркылуу алоолоп жангандар, алар Өзүңдүн керемет падышалыгыңдан жышаандарыңды издейт жана Өзүңдүн асмандагы мекен-жайыңа жетүүгө умтулат. Акыйкатта, алар Өзүңдүн тартуу-белектериңдин жамгырын күтөт жана Акыйкат Күнү жаркырап тийишин эңсейт. Аларды жаркырап жанган чырак кыл, кайрымдуулугуңдун жышаандары кыл, мөмөлүү дарак кыл, көктөгү жылдызга айлант. Алар Сага кызмат кылууга көтөрүлсүн, сүйүүңдүн учугуна байланып, Өзүңө кошулсун, Өзүңдүн мээрман ырайымыңа умтулсун. О Теңир, аларды жол көрсөтүүчү белгилериңден кыл, Өзүңдүн өлбөс падышалыгыңдын туусу кыл, ырайымдуулук деңизиңдин толкундары кыл, Өзүңдүн улуулугуңду чагылдырган күзгү кыл.

Сен, акыйкатта, Айкөлсүң. Сен, акыйкатта, Боорукерсиң. Сен, акыйкатта, баа жеткис Сүйүктүүсүң.

bahaiprayers.net
Also in: ja
ФОНД ~158w PIN

ФОНД

Кудайдын бардык достору… мейли аз болсо да, марттык менен мүмкүнчүлүгүнө жараша кайыр-төлөмдөрүн берүүлөрү керек. Кудай өз пендесине ал көтөрө алгыс түйшүк бербейт. Кайыр-төлөмдөр бардык борборлордон жана ишенимдеги бардык адамдардан келүүгө тийиш.… О, Кудайдын достору! Ушул берген кайыр-төлөмүңөр үчүн айыл чарбада болобу, өнөр жай же соодаңарда болобу өсүп-өнүгүү ыроолоп, эселеген кут-берекеге ээ болооруңарга ишенип койгула. Ким бир жакшы иш кылса, ал он эсе сыйлык алат. Ким Анын жолуна Өзүнүн байлыгын сарптаса, аларга Тирүү Теңир көмөгүн молунан берээри шексиз.

О, Кудай, айланайын Кудайым! Сени чындап сүйгөндөрдүн маңдайын жарык кыл жана периштелериңдин жеңиштүү кошуундары менен аларды колдо. Өзүңдүн түз жолуңда кадамдарын чыңда, эзелтен берки түбөлүктүү жоомарттыгың менен алардын алдына кут-берекеңдин дарбазасын кенен ач, анткени алар Сенин Ишенимиңди коргоп, Өзүңө үмүт артып, Сага болгон сүйүүгө жүрөктөрүн арнап, Сулуулугуңа суктанып, Сени ыраазы кылууга умтулуп, ээлик кылгандарын эч аябастан, Өзүң берген ырыскыны Сенин жолуңда сарпташууда.

О, менин Теңирим! Аларга мол ырыскыңды, убада кылынган сый-белектериңди насип кыл. Сен, акыйкатта, Коргоочусуң, Жардамчысың, Жоомартсың, Изгисиң, Түбөлүк Сыйкорсуң.

bahaiprayers.net
Also in: en ko lo mi zh-Hant uk