Days of Remembrance
Kirghiz ·
НООРУЗ BH00296
НООРУЗ BH02896
Бахаи орозосу Бахаи календарынын Ала (Бийиктик) айы ичинде кармалат.
О, Кудайым, Сүйүктүүлөрүңө туткула деп буйрук кылган Орозоңдун биринчи күнү мына. Өзүңдүн маңызың менен жалынам, өз кызыкчылыгы же кумар-каалоосу менен эмес же Өзүңдүн каарыңдан коркконунан эмес, Сага болгон сүйүүсү жана ырайымың үчүн Орозо туткандардын аты менен, ошондой эле Өзүңдүн кынтыксыз ысымдарың менен, улуу касиеттериң менен жалынам, кулдарыңды Өзүңдөн башканы сүйгөндөн сакта, аларды Өзүңдүн ажарыңдын жаркыраган Таңына, Өзүңдүн бирдигиңдин Тагына жакындат. О Кудай, алардын жүрөктөрүн Өзүңдүн билимиң менен нурландыр жана жүздөрүн Өзүңдүн Эркиңдин көк мейкининде жанган Күндүзгү Жылдызыңдын нурлары менен жаркырат. Каалаганыңды ишке ашырууга Бийлигиң бар. Бардыгын Башкаруучу, бардык адамдар жардам сурап кайрылган Сенден бөлөк Кудай жок. О, Аллам, аларга Сенин Сөзүңдү көкөлөтүүгө, Өзүңө жеңиш алып келүүгө жардам бер. Аларга пенделериңдин арасындагы Сенин Ишиңдин колдору болууга уруксат эт, адамдар арасындагы Өз диниңдин көрүнүшү кыл, Өз жышаандарыңа айлант, ошентип бүт аалам Өзүңдү эске алып, Өзүңө айтылган алкоолорго, Өзүңдүн жышаандарың менен далилдериңе толсун. Акыйкатта, Сен Жоомартсың, Бийиксиң, Өкүмдарсың, Кубаттуусуң, Мээрмансың.
ОКУУНУ ТАРКАТУУ BH03262
(Дуба батыш Штаттардагы бахаилер үчүн ачылган)
Бардык алкоолор Сага, о, айланайын Кудайым! Сенин ырайымыңдын жыпар жытына тартылган, жалгыздыгыңдын дарагында алоолонгон отуңдан тутанып жалындаган Өзүңдүн пенделериң мына; алардын көздөрү Сенин жалгыздыгыңдын Синайында жаркырап турган керемет нур менен нурланган.
О, Теңир! Аларга тил бер, калк арасында алар Сени эскерип жүрүшсүн; ырайымың жана назик камкордугуң менен Өзүңдү алкоого аларды татыктуу кыл, периштелериңдин кошууну менен аларга жардам бер, Өзүңө кызмат кылууга алардын белин бекем буу жана жараткандарыңдын арасындагы Өзүңдүн жетекчилигиңдин жышаандары кыл.
Акыйкатта, Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, эң Бийиксиң, түбөлүк Кечиримдүүсүң, Ырайымдуусуң.
НООРУЗ BH04569
(Нооруз – бахаи календарында жылдын биринчи күнү)
О менин Кудайым, Сага деген сүйүүсү үчүн Орозо кармап, Сага жакпагандын баарынан баш тарткандарга Ноорузду майрам кылып тартуулаганың үчүн Өзүңө алкоо айтабыз. О, Жараткан Теңир, Өзүңдүн сүйүүңдүн оту жана Орозонун ысык илеби аларды Ишиңе кызмат кылууга жалындатып, бар өмүрүн Сени эскерүү менен Өзүңө алкоо айтууга арнасын.
Аларды Өзүң буйрук кылган Орозонун саймалары менен кооздодуң, о Кудайым, изгилигиң жана жоомарттыгың аркылуу аларды Өзүңдүн кабылдооң менен да көрктөндүр. Анткени, адамдардын бардык иштери Өзүңдүн ак батаңдан көз каранды жана Сенин буйругуң менен аныкталган. Эгер Сен кааласаң, Орозо мыйзамын бузган адам аны кармаган катары кабылданып, ал кылымдардан бери орозо туткандардын катарына кошулат. А эгер Сен орозо кармагандарды бул мыйзамыңды бузду деп эсептесең, алар Сенин Ачылмаңдын Көркүн булгагандардын катарына кошулуп, бул мөлтүр тунук мүрөк сууңдун Башатынан алыс калат.
Сен аркылуу “Өз эмгектериңде Сен алкоого татыктуусуң” деген туу көккө көтөрүлдү жана “Сенин мыйзамдарыңды аткарууда Сага багынышат” деген желек желбиреди. О, Кудайым, Өзүңдүн бул акыйкатыңды кулдарыңа айкын эте көр, алар бар жаралыштын кынтыксыздыгы Өзүңдүн амириң менен Сөзүңдөн көз каранды экенин, бардык иштердин маңызы Өзүңдүн эркиң менен ырайымыңа шартталганын анык билишсин жана адамдардын бардык иш-аракетинин тизгини Өзүңдүн кабылдооң менен Осуятыңдын колунда экенин түшүнүшсүн. Муну пенделериңе жеткиз, бул күндөрдө аларды Сенин Сулуулугундан эч нерсе баш тарттыра албагандай болсун, бул күндөрдө Иса мындай деп жар салган эле: “Сен бардыгына үстөмдүк кыласың, о Рух Атасы” жана сенин Досуң үн каткан: “Бардык алкоолор Сага болсун, о менин эң Сүйүктүүм, анткени Сулуулугуңду көрсөттүң жана Өзүңдүн тандалма жандарыңа Жогорку Ысымыңдын Аян Тагына жетүүгө көмөгүңдү айкындап бердиң, ал аркылуу Сенден башканын баарынан баш тартып, касиет-маңызыңдын Ачылмасына жүз бурбагандардын бардыгы көз жаш төгүп мөгдөмөкчү”.
О, Жараткан Аллам, Сенин Бутагың жана Сенин бардык жамаатың Өзүңдүн
ырайымыңа үмүт кылып кармаган орозолорун аяктап жатат. Ал үчүн жана алар үчүн, бул күндөрү Сенин жакындыгыңа ээ болгондор үчүн Китебиңде аныктаган бардык кут-берекеңди насип кыла көр. Аларга бул дүйнө менен о дүйнөдө пайда алып келе тургандарды аныктап бер. Акыйкатта, Сен баарын Билүүчүсүң, баарынан Акылмансың.