Prayers & Meditations

Kirghiz · Bahá'u'lláh

Add range:
Бардыгын Билүүчү, Көрөгөч Кудайдын Китептеринде Убада кылынгандын аты менен! Өзүңдүн Тагыңды курчап, жакындыгыңа ээ болгон кулдарың туткан Орозо күндөрү келди. Айт: О, асман-жердин Жаратуучусу, ысымдардын Кудайы! Баарынан Даңктуу деген Өзүңдүн ысымың менен жалбарам, Өзүңө болгон сүйүүсү үчүн жана ырайымың үчүн Орозо кармап, Китебиңде, Ыйык Насааттарыңда айтылган буйруктарыңды аткаргандардын Орозосун кабыл кыла көр. Алардын аты менен Сага жалынам, мага Өзүңдүн Ишиңди илгерилетүүгө жардам бер, Өзүңө болгон сүйүүмдү туруктуу кыл, жараткандарыңдын жосундары жолумдан тайдыра албагандай болсун. Эмнени кааласаң, ошону буйрук кыла аласың. Жандандыруучу, баарынан Күчтүү, баарынан Жоомарт, Түбөлүктүү Сенден башка Кудай жок.

КҮНҮНӨ БИР ЖОЛУ ОКУЛАТ

Бул дубаны окугусу келген адам түз туруп, Кудайга кайрылып жана эң Мээримдүү, Боорукер Теңиринин ырайымын күткөн сыяктуу оң жана сол жагын карап, анан мындай деп айтышы керек:

О, Сен, бардык ысымдардын Теңири, көктү Жаратуучу! Өзүңдүн көзгө көрүнбөс эң Бийик, эң Даңктуу Улуу Маңызыңдын ак Таңы ким болсо, ошонун ысымы менен өзүңө жалбарам, менин дубамды Сенин сулуулугуңдан далдалап турган көшөгөлөрдү өрттөп салчу отко жана Өз жакындыгыңдын мухитине алып бара турган нурга айланта көр.

Андан кийин, Кудайга кайрылган алакандарын жайып, - Ал Кут-берекелүү жана Бийик,- мындай деп айтуу керек:

О, Сен, жарык дүйнөнүн Эңсөөсү жана бүт элдердин Сүйүктүүсү! Сенден башканын баарынан баш тартып, Өзүңө жүз бурганымды жана кыймылы бардык жаратылган нерселерге өмүр берген Өзүңдүн учугуңду бекем кармап турганымды көрүп турасың. О, менин Теңирим, мен Сенин пендеңмин жана Өзүңдүн пендеңдин урпагымын. Мына, мен Сенин алдыңда Сенин эркиңди жана каалооңду аткарууга даяр турам, Өзүңдүн ырайымың менен ыраазылыгыңдан башка эч нерсе издебейм. Өз мээримиңдин мухити менен жана кереметиңдин Күндүзгү Жылдызы менен жалбарам - пендеңе Өзүң эмнени каалап, эмнени тилесең, ошону буюра көр. Ар кандай эскерүү жана алкоолордон жогору турган Сенин кудуретиң менен ант берем! Өзүң тарабынан ачылгандын баары менин жүрөгүмдүн эңсөөсү жана жанымдын каалоосу. О, Аллам, айланайын Кудайым! О, жок, менин үмүттөрүмө жана жосундарыма карай көрбө! Көк менен жерди камтыган Өзүңдүн эркиңди гана аткар! О, Сен, бардык элдердин Теңири, Сенин Эң улуу Ысымың менен ант берем! Сен эмнени кааласаң, мен ошону гана эңседим, Сен эмнени сүйсөң, ошону гана сүйдүм.

Андан кийин чөгөлөп, чекесин жерге тийгизип, мындай деп айтуу керек:

Өзүңдөн башка бардыгынын элестеткенинен Сен алда канча бийиксиң жана Өзүңдөн башка бардыгынын түшүнүгүнөн алда канча Улуксуң.

Андан кийин өйдө туруп айтуу керек:

О, Жараткан Аллам, менин дубаларымды мүрөк суусуна айландыр, алар менен Сенин эгедерлигиңдин акырына чейин өмүр сүрөйүн, Сенин ааламдарыңдын ар биринде Өзүңдү эскерип жүрөйүн.

Андан кийин кайрадан сыйынууга алакандарын жайып, мындай деп айтуу керек:

Өзүңдөн алыстаганда жүрөктөр менен жандар эзилип, сүйүү отуң менен бүткүл дүйнөнү тутандырган, о Сен, Улуу Теңир! Бүт жаратылышты өзүңө баш ийдирген ысымың менен Сага сыйынам, Өзүңдө бар нерселерден мени куру калтыра көрбө, о, Сен, бардык адамдардын Башкаруучусу! Көрүп турасың, О, менин Теңирим, ушул жолоочу Сенин улуулугуңдун көлөкөсүндөгү, Өзүңдүн ырайымыңдын чегиндеги эң бийик жайына ашыгып турат, ушул күнөкөр - Сенин кечиримиңдин мухитине, ушул басынган шордуу - Өзүңдүн даңк сарайыңа, ушул жакыр - Сенин байлыгыңдын таңына умтулат. Эмнени кааласаң, ошону буйрук кылуу – Сенин гана бийлигиңде. Сенин иштериңди даңктоо, осуяттарыңа баш ийүү парз экенине күбө этем, ал эми Сен - эмнени кааласаң, ошону буюрууга эрктүүсүң.

Андан кийин алакан жайып Улуу Ысымды үч ирет кайталайт. Андан соң колдорун тизесине алып Кудай алдында таазим этип, - ылайым Анын даңкы арта берсин, - мындай деп айтуу керек:

О, Кудайым, Сага сыйынып, Сени эскерип, Сени алкоого болгон жалындуу каалоо менен умтулуу бүт тулку боюмдагы рухумду жалындатып турганын көрүп турасың, Сөзүңдүн Падышалыгында жана Сенин билимиңдин асманында Осуятыңдын Тили күбө эткен нерсеге ал да күбө. Ушул абалда туруп, о менин Теңирим, Өзүңдө бар нерселерди сурап жалбарам, өзүмдүн жакырлыгымды көрсөтүп, Сенин жоомарттыгың менен байлыгыңды даңктайын, өз алсыздыгымды моюндап, Сенин күчүң менен кудуретиңди ачыктай алгыдай болоюн.

Андан кийин өйдө туруп, сыйынууга колдорун эки ирет көтөрүп айтуу керек:

Бардыгынан Кудуреттүү, бардыгынан Жоомарт Сенден башка Кудай жок. Башында да, акырында да баарын Тейлөөчү Сенден башка Кудай жок. О, Жараткан Аллам, айланайын Кудайым! Сенин кечиримиң мага дем берип, ырайымың мага күч берди, Сенин чакырыгың мени ойготту, мээрмандыгың ордумдан көтөрүп Сага карай алып келди. Болбосо Өзүңдүн жакындыгыңдын шаарынын дарбазасы-нын алдында тургандай же Сенин эркиңдин асманынан жаркырап турган жарыктарга жүзүмдү бургудай мен ким элем? О, менин Теңирим, Сенин ырайымыңдын эшигин каккылап турган бул мусаапыр пендеңди жана ырайымыңдын колунан чексиз өмүр дарыясын издеген бул өткүн жанды көрүп турасың. Бардык заманда бир Өзүң гана бийлик кыласың, о Сен бардык ысымдардын Теңири; мага болсо момундук менен Сенин эркиңе ыктыярдуу моюн сунганым оң, о, көктүн Жаратуучусу!

Андан кийин, сыйынуу ишаратын жасап, колдорун үч ирет көтөрүп, алакан жайып айтуу керек:

Улуктардын улугу – бир гана Кудай!

Андан кийин чөгөлөп, чекесин жерге тийгизип айтуу керек:

Сага жакындардын мактоосу Өзүңдүн жакындыгыңдын асманына жетиш үчүн жана Өзүңө дили менен берилген жүрөктөрдүн куштары Өзүңдүн дарбазаңдын эшигине көтөрүлүш үчүн Сен өтө эле бийиксиң. Бар аныктамалардын бардыгынан жогору экениңе, бар ысымдардын бардыгынан ыйык экениңе күбө этем. Бардыгынан Бийик, бардыгынан Даңктуу, Сенден башка Кудай жок.

Андан кийин отуруп айтуу керек:

Бардык жаратылгандар жана Көктүн Кошуундары, эң бийик Бейиштин тургундары жана алардан тышкары даңктуу Асмандагы Улуулук Сөзү күбө эткенге мен да күбөмүн, Сенин Кудай экениңе, Сенден башка Кудай жок экенине жана Анын Өзүң тарабынан ачылган Ыйык Сыр экендигине, асыл Белги экенине, Ал аркылуу «Бар бол» деген сөздүн тамгалары биригип, бири-бирине байланганына күбө этем.

Андан кийин өйдө туруп айтуу керек:

О, бардык нерселердин Теңири, көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселердин ээси! Сен менин көз жашымды, үшкүрүгүмдү, онтогон үнүмдү жана жүрөгүмдүн ыйын угуп турасың. Сенин кудуретиң менен ант этем! Менин кылган жорук-жосундарым Сага жакындоого жол бербей, кетирген күнөөлөрүм Сенин ыйыктык корооңдон мени оолактатып алыс кармайт. О, Теңирим, Сенин сүйүүң мени байытса, Сенден оолак болуу мени алсыратып, Сенден алыстоо мени жок кылат. Ошол чөлдө баскан изиң менен, Тандалма жандарыңдын «Мына, менмин» деген сөздөрү менен, Сенин Аяныңдын деми менен жана Өзүңдүн Жарчыларыңдын таңынын назик желдери менен Өзүңө жалбарам - Сенин сулуулугуңду көрүүнү жана Китебиңде жазылгандардын баарын аткарууну мага буюра көр.

Андан кийин колдорун көтөрүп, Улуу Ысымды үч ирет кайталаган соң, колдорун тизелерине алып, эңкейип айтуу керек:

О, Кудайым, Өзүңдү эстеп жана алкоо айтууга мага жардам бергениң үчүн, Өзүңдүн аят-белгилериңдин Таңын мага таанытканың үчүн, Теңирлигиңдин алдында таазим кылып, Өзүңдүн Кудайлыгыңдын алдында моюн сунууга мажбур кылганың үчүн жана Улуулугуңдун Тили жарыя кылганды таанууга жардам бергениң үчүн Өзүңө чексиз алкоо айтам.

Андан кийин өйдө туруп айтуу керек:

О, Аллам! Айланайын Кудайым! Күнөөлөрүмдүн оордугунан белим бүгүлүп, бейкапарлыгым менин түбүмө жетчүдөй. Өзүмдүн кылган иштеримди, ага карабай Сенин кылган ырайымың жөнүндө ойлогон сайын жүрөгүм эрип, тамырымда каным кайнайт. Сенин сулуулугуң менен ант берем, о, дүйнөнүн Эңсөөсү! Сага жүзүмдү бургандан тартынып, жалбарган колумду Сенин жоомарттыгыңдын асманына көтөрүүдөн уялам. О, Кудайым, аккан көз жашым Сени эстегенге, касиетиңди даңазалоого жол бербей жатканын көрүп турасың, О, асман-жер Тагынын Теңири! Сенин Падышалыгыңдын белгилери жана Бийлигиңдин ыйыктыгы менен жалбарам, сүйүктүүлөрүңө Өзүңдүн жоомарттыгыңа жараша жана Өзүңдүн ырайымыңа ылайык келгенди насип кыл, о, бардык нерсенин Теңири, о, көрүнгөндүн жана көрүнбөгөндүн Өкүмдары!

Андан кийин колдорун көтөрүп, Улуу Ысымды үч ирет кайталаган соң, чөгөлөп, чекесин жерге тийгизип айтуу керек:

О, Алла, биз үчүн Өзүңө жакындата турган күчтү жибергениң үчүн, Өзүңдүн китептериңде жана Жазмаларыңда айтылган изгиликтерди ачып бергениң үчүн Сага миң мертебе алкыш. О, Кудайым, бизди маанисиз ойдон жана пайдасыз куру кыялдардан сакта деп Сага жалбарабыз. Сен акыйкатта, Кудуреттүүсүң, баарын Билүүчүсүң.

Андан кийин башын көтөрүп, отуруп айтуу керек:

О, Кудайым, Сенин Тандалма Жандарың күбө эткенге мен да күбө этем жана Улуу Бейиштин тургундары менен Сенин кудуреттүү тактыңды курчап тургандар тааныган нерсени мен да тааныйм. Жер менен көктүн Падышалыгы - Сенин маңызың, О, ааламдардын Теңири!

Даңкың арта берсин, о, айланайын Кудайым! Сага алкышымды айтам, анткени Өзүңдүн маңызың болгон Жарчыңды мага тааныттың, душмандарыңдан мени оолак кылдың, Сенин Күндөрүңдөгү алардын кылган күнөөлөрүн жана арамдыктарын менин көздөрүмө ачып бердиң, аларга болгон жакындыктан куткардың жана Өзүңдүн кут-берекең менен жоомарт ырайымыңа толугу менен жүзүмдү бурганга мүмкүнчүлүк бердиң. Дагы да Сага алкыш айтам, анткени Өз эркиңдин булуттарынан мага жөнөткөн аруулугуң Сенин ишенимиңден тайгандардын азгырыгынан жана ишенимсиздердин тукуруусунан мени тазартып, Сага бүткүл жүрөгүм менен умтула алдым жана Өзүңдүн ажарыңдын жарыгын четке каккандардан оолак болдум. Анан да, Сага болгон сүйүүмдө бекем болууга күч бергениң үчүн, Өзүңө алкыш айтууга, изгиликтериңди даңазалоого мүмкүнчүлүк бергениң үчүн, көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөндүн баарынан артык болгон ырайым чөйчөгүңдөн даам сызууга ракым эткениң үчүн алкыш айтам.

Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Бийиксиң, бардыгынан Даңктуусуң, бардыгын Сүйүүчүсүң.

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сага алкоо! Караңгылыкты жарыкка айланткан, эл каттаган Ибадаткана курган, Ыйык Насааттар менен ыйык Түрмөк Катты ачыктаган Өзүңдүн Ачылмаң менен Сага жалынам – мага жана менин шериктериме Өзүңдүн көктөгү даңк асманыңа көтөрө турган жана ишеними бошторго Өзүңдүн биримдик чатырыңа кирүүгө тоскоол болчу бузуку күмөн ойлордон тазалай турган көмөгүңдү жибер.

О, айланайын Теңирим, Сенин назик камкордугуңдун учугун бек кармап, Өзүңдүн мээримиң менен берекеңдин этегине жармашкан пендеңмин. Мага жана мен сүйгөндөргө бу дүйнө менен о дүйнөнүн жыргалчылыктарын бере көр. Жараткандарыңдын ичинен эң тандалма пенделериңе даярдаган Касиеттүү Сыйыңды алар үчүн да аныкта.

О, Теңирим, Өз пенделериңе буйрук кылган орозо күндөрү мына. Өзүңдөн башканын баарынан баш тартып, Сенин ыраазылыгың үчүн гана орозо туткан пенделериң бактылуу.

Жараткан Алла, мага жана аларга бир Өзүңө багынууга, буйруктарыңды аткарууга жардам бер.

Акыйкатта, эмнени кааласаң ошону жүзөгө ашыруу Өзүңдүн эркиң. Бардыгын Билүүчү, бардыгынан Акылман Сенден бөлөк Кудай жок. Бардык алкоолор бүт ааламдардын Теңири, Кудуреттүү Кудайга болсун.

О, айланайын Кудайым, Өзүңдүн ысымың менен сыркоолор айыгат, алсыздар күчтөнөт, суусагандардын суусуну канып, оорудан кыйналгандар тынчтанат, адашкандар насаат алып, кор болгондор көтөрүлөт, жакырлар байыйт, билимсиздер агартылып, түнт болгондор ачылат, капалуулар шаттанат, тоңгондор жылыйт жана жеңилгендер баш көтөрөт. О, жараткан Кудайым, Сенин ысымың менен бардык жаратылгандар ойгонуп, асман менен жер орноду, булуттар жаратылып, жамгыр жерге төгүлдү. Бул, акыйкатта, Өзүңдүн жараткандарыңа болгон ырайымыңдын белгиси.

Ошондуктан, Өзүңдүн Кудайлык Табиятыңды ачыктаган ысымың менен, Сенин Ишиңди бардык жаратылгандардын үстүнөн бийик көтөргөн ысымың менен, улуу касиеттериң жана керемет ысымдарыңдын ар бири менен, көккө көтөрүлгөн маңызыңды данкка бөлөгөн баардык изгилигиң менен жалбарып сурайм, Өз жаратылыштарыңдын Падышалыгында Өзүңдүн данктуу маңызыңа бириктирип байлаган ушул чабал пендеңе бүгүн түнү ырайымдуулук булуттарыңан эм боло турган жамгырыңды төгө көр. О, кагылайын Кудайым, Өзүңдүн кут-берекең аркылуу аны саламаттык жана бакубаттык кийимине оро, ар кандай оору-кеселден, Сага жагымсыз нерсенин баарынан сактай көр, о, менин Сүйүктүүм. Акыйкатта, бардыгы Сенин кудуретиңдин бийлиги алдында. Сен, акыйкатта, баарынан Кудуреттүүсүң, Өзүн Өзү бар Кылуучусуң. О, жараткан Алла, ага ушул дүйнө менен келечек дүйнөнүн, мурдагы жана кийинки муундардын кут-берекесин жөнөтө көр. Сенин кудуретиң менен акылмандыгың, акыйкатта, бардыгын камтыйт.

Сен мактоого татыктуусуң жана даңктуусуң, о, айланайын Кудайым! Сени сүйгөндөрдүн үшкүрүгү жана Сени көрүүнү эңсегендердин төгүлгөн көз жашы менен жалынам, Өзүңдүн Күндөрүңдө мени ырыскыңдан куру калтыра көрбө, Жүзүңдүн жарыгы алдында Жалгыздыгыңды даңазалаган Көгүчкөндүн обондорунан ажыратпа. Мен муктаждардын биримин, о, Кудайым! Баарына ээлик Кылуучу деген ысымыңа канчалык берилгендигиме назар салчы. Мен маңдайына өлүм жазылгандардын биримин, Сенин Өчпөс ысымыңды канчалык бекем карманганымды карачы. Ошондуктан баарынан Бийик, бардыгынан Жогору Өзүң менен жалынам, мени өз эркиме калтыра көрбө, жаман адаттар бийлеп алышына жол бербе. Сенин кудуретиңдин колу менен менин колумду карма, мени куру кыялдарым менен маанисиз ойлорумдун тереңинен бошот жана Сага жагымсыз болгон нерселерден тазала.

Өзүмдү толугу менен Сага тапшырууга, Өзүңө гана үмүт кылууга, Сенден гана башпаанек издеп, Сенин ажарыңа карай умтулууга ракым эт.

Өз кудуретинин бийлиги менен каалаганын ишке ашырган Сенсиң, Өз эркинин күчү менен тандаганын буюрган да Сенсиң. Сенин амириңе эч ким каршы боло албайт; Сенин жазмышыңды өзгөртүүгө эч кимдин күчү жетпейт. Сен акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Даңктуусуң, бардыгынан Жоомартсың.

Даңкың арта берсин, о, Теңирим, жараткан Аллам! Өз күндөрүңдө мага өмүр берип, сүйүүң менен билимиңе кандырганың үчүн Сага ыраазымын.

Акылмандыгыңдын ажайып берметтери менен, Өзүңө жакын болгон пенделериңдин жүрөк казынасынан чыккан Сенин сөздөрүң менен, жана көк менен жерди жаркыраткан Өзүңдүн Кайрымдуу деген ысымыңдын Күндүзгү Жылдызы менен жалбарам: Өзүңдүн изгилигиң менен жоомартыгыңа жараша, ажайып жана касиеттүү белектериңди мага ыйгара көр.

Бул күндөр менин өмүрүмдүн башаты, о, Кудайым, анткени Сен аларды Өзүңдүн күндөрүң менен байланыштырдың. Сен мага улуу сыймык тартууладың, Өзүңдүн тандалгандарың үчүн эмнени даярдасаң, аны менден да аяба.

О, Кудайым, мен бар болгону Өзүңдүн сүйүүңдүн топурагына отургузулуп, жоомарт колуң менен өнүп чыгууга буюрулган бир тоголок данмын. Ошол дан өз маңызынын түпкүрүнөн жалбарып, ырайымдуулугуңдун суулары менен Сенин жыргалдарыңдын мүрөк булагын сурайт. Өзүңдүн назик камкордугуңдун асманынан, Сенин көлөкөңдүн алдында гүлдөп турууга күч-кубат бер деп жалбарат. Сени кабыл алгандардын жүрөгүн Өзүңдүн берекелүү агымың менен жана өмүр булагың менен сугарган бир Өзүңсүң, ааламдардын Теңири, Кудайдын даңкы арта берсин!

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сага даңк! Ар жолу Сени эскерүүгө батынган кезде Сага каршы жасаган күнөөлөрүм менен оор айыптарым мени токтотуп турат, ошондо мен Сенин кут-берекеңден толугу менен айрылганымды жана Өзүңдү алкоого таптакыр алсыз экенимди көрөм. Ага карабай Сенин жоомарттыгыңа болгон бекем ишенимим үмүтүмдү жандандырып, мага ырайым кылаарыңа болгон ишенимим Өзүңдү даңктоого, Өзүңдө бар нерселерди суроого кайрат берет.

О, кагылайын Кудайым, бардык жаратылгандардан ашып түшкөн Сенин ырайымдуулугуң менен, Сенин ысымыңдын мухитине чөмүлгөндөр күбө өткөн мэрримдүүлүгүң менен жалынам: мени өз эркиме калтырба, анткени менин жүрөгүм жаманга жакын. Ошондуктан Өз коргооңдун чебинде камкор башпаанегиң менен мени корго. О, айланайын Кудайым, Сенин бийлигиңдин күчү менен эмнени аныктаган болсоң, мен ошону гана каалайм. Менин бир гана эңсөөм - Өзүңдүн берекелүү насааттарың, эркиңдин жетекчилиги аркылуу мага жардам бер жана Өзүңдүн жышаандарың менен жана адилет сотуң менен мага колдоо көрсөт.

О, Сен, сүйүүдөн азап чеккен жүрөктөрдүн Ашыгы, Өзүңдүн Ишиңди Алып Келүүчүлөр менен, Шыктандыруучу Таңың менен, Сенин улуулугуңдун Көрүнүшү менен жана Сенин билимиңдин казынасы менен Өзүңө жалынам - мени Өзүңдүн ыйык мекен-жайыңдан, Өзүңдүн Ибадатканаңдан жана Сенин Чатырыңдан ажырата көрбө. О, кагылайын Теңирим! Анын куттуу сарайына жетүүгө, Анын айланасында жүрүүгө жана Анын эшигинин алдында момундук менен турууга мага жардам бер.

Кудурети кылымдарга кала берген Өзүңсүң. Сенин илимиңден эч нерсе четте калбайт. Сен, акыйкатта, күчтүн, даңктын жана акылмандыктын Кудайысың. Ааламдардын Кудайы, даңкың арта берсин!

О, айланайын Кудайым, Өз жериңде кандай От тутандырганыңды мен биле албайм. Жердин күл-топурагы анын жарыгын тосо албас, жалынын суу да өчүрө албас. Бүт аалам элдери анын кудуретине каршы турууга алсыз. Ким ага карай жакындаса жана анын добушун уга алса, ал бактылуу.

О, айланайын Кудайым, Сен Өзүңдүн кут-берекең аркылуу кээ бирлерге ага жетүүгө жол көрсөттүң, башкаларды өз колу менен жасаган иштери үчүн андан четтеттиң. Ага карай шашыла умтулуп жана Ага жеткендер, сулуулугуңду көрүүнү ушунчалык каалагандыктан Сенин жолуңда өмүрүн берди, бул дүйнөдө эч нерсеге байланбастан, Сага карай көтөрүлдү.

О, Аллам, болмуш ааламында алоолонуп күйүп жаткан ушул оттун күчү менен Өзүңө жалбарам, Сенин улуулугуңдун тактысы алдына келүүмө жана дарбазаңдын эшиги алдында туруума жолтоо болгон көшөгөлөрдүн барын жок кыла көр. О, кагылайын Кудайым, Сенин Китебиңде аныкталган кут-берекенин баарын менин маңдайыма да жаза көр жана мени Өзүңдүн ырайымдуулук түнөгүңдөн алыстата көрбө. Эмнени кааласаң, ошону бар кылуу Өз бийлгиңде. Сен, акыйкатта, бардыгынан Күчтүүсүң, бардыгынан Жоомартсың.

О, Теңирим! Сенин сулуулугуң - менин азыгым, Сенин жүрөгүмдө бардыгың - менин суусундугум, Сенин эркиң – менин үмүтүм, Сени алкоо - менин кылаар ишим, Сени эскерүү - менин шеригим жана Сенин кудуреттүү үстөмдүгүң - менин колдоочум, Сенин мекен жайың - менин үйүм болсун. Сенден көшөгө менен калкаланып алгандарга коюлган чектөөлөрдөн Өзүң тазарткан жер - менин турагым болсун.

Акыйкатта, Сен эң Кудуреттүүсүң, бардыгынан Даңктуусуң жана бардыгынан Күчтүүсүң.

О, Жараткан Алла! Мен Өзүңө ашык болуп суктанган пендеңмин, Сенин Биримдигиңдин дарбазасына момундук менен жакындап келем жана Сенин ырайымыңдын Падышалыгына кайрылам.

О, Кудайым! Толугу менен Сеники болууну насип кыл жана Сен жөнүндө гана ойлоп, Са¬га болгон сүйүүмдүн оту менен жалындап күйүүгө, Сенден башканын баарынан баш тартып, Өзүңдүн Ишиңдин урматына эмгектенүүгө, акылмандыгыңды жайылтууга, окууңду таратууга жана Сени таанып-билүүнүн кубанычы менен бөлүшүүгө ракым эт.

О, Кудайым, мен Сенин бийлигиңдин колдору менен жандырылган отмун; сыноолордун шамалынан ал оттун өчүп калуусуна жол бербе. Са¬га болгон сүйүүмдү жана Сенин Жалгыздыгыңдын көркөмүнө суктануумду бекемде. Жалгыздык маңызыңдын Синайында жалындаган отту күчтөнт, Өз ырайымың жана жоомарттыгың менен мага түбөлүктүү өмүр тартуула. Сен Сакчысың, Коргоочусуң, Кайрымдуусуң жана Ырайымдуусуң.

Бардык алкоолор бир Өзүңө болсун, о, айланайын Кудайым, бардык даңктын жана улуулуктун, күчтүн жана сыймыктын, өкүмчүлүктүн жана бийликтин, улуулуктун жана ырайымдын, кут-берекенин жана кудуреттин Башаты - Өзүңсүң. Кимди кааласаң улуу Мухитиңе жакындатасың жана каалаганыңа эң байыркы Ысымыңды билүү сыймыгын тартуулайсың. Көк менен жердегилердин эч кимиси Сенин өкүмдүү Эркиңди аткарууга каршы тура албайт. Бардык жаратылгандарды Сен түбөлүк башкарасың жана кылымдан кылымга бардык жаратылгандардын үстүнөн Өз бийлигиңди жүргүзөсүң. Бардыгынан Кудуреттүү, Бийик, Күчтүү, Акылман Сенден башка Кудай жок.

О, Теңир, пенделериңдин жүзүн жарык кыл, ылайым, алар Сени көрө алгыдай болушсун; жүрөктөрүн тазала, алар Сенин көктөгү ырайымыңдын сарайына кайрылып, Өзүңдүн Келишиңди жана Маңызыңдын Таңын таанышсын. Акыйкатта, Сен бардык ааламдардын Теңирисиң. Чексиз, бардыгын Багындыруучу Сенден башка Кудай жок.

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сен даңктуусуң! Сен Өзүңдүн түбөлүктүү бийлигиңдин күчү менен зоболосун көтөргөндөрдү кордукка калтырбассың, Өзүңдүн түбөлүктүү мекениңе кирүүгө уруксат алгандарды Өзүңдөн алыстатпассың. О, айланайын Тенирим, Өз Өкүмчүлүгүң менен кучагыңа алгандарды кантип Өзүңдөн алыс кууйт элең, о, менин Эңсөөм, Өзүңдү баш калка кылып келгендерди кантип четке түртүп салат элең? Көккө көтөргөн пендеңди кайра төмөн кулатып, Өзүңдү эсинен чыгарбаган пендеңди Сен унутпассың?

Даңктуусуң, ченемсиз даңктуусуң Сен! Эзелтеден бери бардык жаратылыштын Падышасы Өзүңсүң, анын Баштапкы Кыймылдаткычы да Сенсиң жана кылымдар бою бардык жаратылгандардын Тескөөчүсү жана Теңири болуп кала бересиң. О, кагылайын Кудайым, Сен Даңктуусуң! Эгер пенделериңди Өзүңдүн ырайымыңан ажыратсаң, анда аларга ким ырайым көрсөтөт? Эгер сүйгөндөрүңдү колдооңдон ажыратсаң, анда аларга ким жардамга келет?

Даңктуусуң, ченемсиз даңктуусуң Сен! Өз акыйкатыңда Сен Сүйүктүүсүң, Сага бардыгыбыз табынабыз; Өз адилеттигиң менен Сен бизге анык болдуң, акыйкатта бардыгыбыз Сен жөнүндө күбө өтөбүз. Сен акыйкатта, Өзүңдүн ырайымдуулугуң менен Сүйкүмдүүсүң. Коркунучта Жардамчы, Өзүн Өзү бар Кылуучу, Сенден бөлөк Кудай жок.

О, Сен, куттуу-кудуреттүү Кудай! Биз Сенин касиеттүү Дарбазаңдын алдында коргологон босогоңдун кулдарыбыз. Кудуреттүү ошол тиректен башка жашынаар жай издебейбиз, Сенин коргооңдон бөлөк баш калкага умтулбайбыз. Бизди корго, колдо, батаңды бер, Сен сүйгөндү гана сүйдүр, Өзүңө гана алкоо айткандай бололу, акыйкат жолун жолдоп, Өзүңдөн башка бардык нерседен баш тарткандай кылып бизди байыт, ырайым деңизиңдин белектерине ээ кыл, Ишиңди түбөлүк даңктоого умтулуп, бардык жерде Сенин жыпарыңды тараткандай бололу, өзүбүздү унутуп, Сенде эрип жок бололу, бардык нерседен баш тартып, Өзүңө толугу менен берилгендей бололу.

О, Сыйкор, о, Кечиримдүү Кудай! Өзүңдүн кут-берекеңди төк бизге, назик камкордугуң менен молчулуктарыңа бөлө, максаттарыбызга жетүү үчүн бизди колдо. Сен Кудуреттүүсүң, Күчтүүсүң, Билүүчүсүң, Көрүүчүсүң; акыйкатта, Сен баарынан Жоомартсың; акыйкатта, Сен баарынан Ырайымдуусуң; акыйкатта, Сен баарын Кечирүүчүсүң, пенделериң кулдук урган, кандай оор күнөө болбосун кечире турган Өзүңсүң!

КҮН САЙЫН ЭРТЕҢ МЕНЕН ТҮШТӨ ЖАНА КЕЧИНДЕ ОКУЛАТ.

Дубаны айтуу алдында колду жууп жана жуунуу учурунда төмөнкү сөздөрдү айтуу керек:

О, айланайын Кудайым! Колдорума кубат бер, дүйнөдөгү бардык күчтөр да алсырата албагандай Китебиңди бекем кармайын. Бирөөнүн энчисине кол салгандан сакта. Акыйкатта, Сен бардыгын Кармап Туруучусуң, баарынан Кудуреттүүсүң.

Бетти жууп жатканда мындай деп айтуу керек:

О, айланайын Теңирим! Жүзүмдү Сага бурдум. Жанарыңдын жарыгы менен аны нурлант! Өзүңдөн башкага жүз бургандан сакта!

Анан түз туруп, жүзүн Кыбылага (ибадат кылуучу жайга б.а. Акка, Бахжи тарапка) буруп мындай деп айтуу керек:

Андан башка Кудай жок экенине Кудай Өзү күбө. Аян Падышалыгы да, Жаратылгандар Падышалыгы да Ага таандык. Акыйкатта, Ал Ачылма таңы ким экенин көрсөттү, Синай тоосунда Ким маектешкенин, Ким аркылуу көк мейкиндиги жаркырап чыкканын жана жол сонуңдагы Лотос дарагына тил бүткөнүн, асмандагы жана жердеги бардык жандыктарга: «Кулак салгыла, баарына Ээлик Кылуучу келди. Жер жана асман, даңк жана бийлик Кудайга таандык, адамзаттын Теңири жана асман-жер Тагынын Ээсине таандык» деген чакырык Ким аркылуу жарыя кылынганын ачыктады!

Анан белин бүгүп, колдорун тизесине коюп, мындай деп айтуу керек:

Сен менин алкоомдон жана менден башкалардын алкоосунан жогору турасың, менин жана көк менен жердегилердин бардыгынын түшүнүгүнөн алда канча бийиксиң!

Андан кийин, тикесинен туруп жана алакандарын жайып мындай деп айтуу керек:

О, Кудайым, Сенин ырайымдуу-лугуңдун жана Сенин берекеңдин этегин кармап жалбарган пендеңдин үмүтүн үзө көрбө, о, Сен ырайымдуулардын Ырайымдуусу!

Андан кийин отуруп мындай деп айтуу керек:

Сенин биримдигиңе жана Өзүңдүн жалгыз экендигиңе, Кудай экендигиңе жана Сенден башка Кудай жок экендигине күбөмүн. Акыйкатта, Сен өз Ишиңди алып келдиң, Осуятыңдагы шертиңди аткардың жана ким көк менен жерди мекендеген болсо, бардыгы үчүн Өзүңдүн ырайымыңдын дарбазасын кенен ачтың. Бул дүйнөнүн оомал-төкмөлүнө карабай өзүңдөн жүз бурбаган, сага тиешелүүгө кол жеткизүү үмүтү менен, колунда бар нерсесин Өзүңө багыштаган сүйүктүүлөрүңө кут-береке жана тынчтык, сый жана даңк буюрсун. Сен, акыйкатта, түбөлүк Кечиримдүүсүң, бардыгынан Жоомартсың.

(Эгер кимде-ким кааласа соңку узун дубанын ордуна:

«Коркунучта Жардамчы, Өзүн Өзү бар Кылуучу Андан башка Кудай жок экендигине Кудай Өзү күбө» деп айтса ошол жетиштүү болот.

Же болбосо отурган абалда, төмөнкү сөздөрдү айтса жетиштүү болот:

«Сенин биримдигиңе жана Өзүңдүн жалгыз экендигиңе, Кудай экендигиңе жана Сенден башка Кудай жок экендигине күбөмүн».)

О, Теңир, кагылайын Кудайым, Ысымың даңктала берсин! Бардык жерди караңгылык каптады, козголоңчу күчтөр бардык адамдарды басып алышты. Ошентсе да, мен Сенин акылмандыгыңдын шооласын көрүп, Өзүңдүн ой-болжомуңдун жарык нурун ажыратып баамдап турам.

Көшөгө менен бөлүнгөн сыяктуу Өзүңдөн алыстаган адамдар Сенин нуруңду өчүрүүгө, отуңду басып жана кут-берекеңдин демин токтотууга кудурети жетет деп ойлошот. Жок, бирок андай болбойт, Сенин кудуретиң күбө. Ар убак кайгы-кырсыктар Сенин акылмандыгыңдын жол көрсөткүчү болуп келген жана оор сыноолор - Сенин ой-болжомуңдун куралы эмеспи, болбосо жер менен асмандын бардык күчтөрү бизге карай опурулса да, эч ким бизге каршы тура албайт. Эгер мага жиберилген Сенин акылмандыгыңдын ажайып сырларын ачкан болсом, душмандарыңдын башкаруу тизгини чачырап жок болмок.

О, айланайын Кудайым, даңкың арта берсин! Эң улуу Ысымың менен жалынам: Сенин ырайымыңдан төгүлгөн Мыйзамыңдын тегерегине Сени сүйгөндөрдү чогулт, жүрөктөрүндөгү ишеничин бекемдей турган күч жөнөтө көр.

Каалаганыңды кыла алган бийлик Өзүңдө. Акыйкатта, Сен коркунучта Жардамчысың, Өзүн Өзү бар Кылуучусуң.

Ысымың даңктала берсин, о, менин Кудайым жана бардык жандардын Кудайы, менин жана бардык жандардын Даңкы, менин жана бардык жандардын Эңсөөсү, менин жана бардык жандардын Күчү, менин жана бардык жандардын Падышасы, менин жана бардык жандардын Эгеси, менин жана бардык жандардын Максаты, мени жана бардык жандарды Кыймылга Келтирүүчү! Өзүңө жалбарам, Сенин назик ырайымыңдын мухитинен ажыратпа жана Сага жакындыктын жээгинен алыстата көрбө.

О, айланайын Теңирим, Сенден башкасынын баары мага пайдасыз, Өзүңдөн башкасынын баарына жакын болуу мага кажетсиз. Сени Өзүңдөн башка бардык нерседен көз карандысыз кылып турган байлыгыңдын берекеси менен Сага жалбарам: Өзүңө жүзүн бурган жана кызматыңа көтөрүлгөн пенделериңден кыл мени.

О, кагылайын Теңирим, пенделериңди кечир. Сен, акыйкатта, түбөлүк Кечиримдүүсүң, баарынан Кайрымдуусуң.

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сен Даңктуусуң! Сенин кут-берекеңдин учкул шамалы менен, Сенин ой-болжомуңдун Күн Чыгышы жана илхамыңдын Таңы болгондордун аты менен жалынам, мага жана Сенин ажарыңды издегендерге Өзүңдүн кең пейилдигиң менен ырайымдуулугуңа ылайык келген кут-берекелериңди төгө көр. О, айланайын Теңирим, Мен жакырмын жана жалгызмын, Аллам, мени Өз байлыгыңдын мухитине чөмүлт; мен чаңкап турам - назик камкордугуңдун мүрөк сууларынан жуткуза көр.

Сенин Ысымың менен, жер менен көктөгү бар жаралышты камтыган өткүр Сөзүң менен, Өзүңдүн маңызың кылып дайындагандардын аты менен жалбарам - бардык пенделериңди изги ой-болжомуңдун дарагынын көлөкөсүнө бириктирип чогулта көр. Аларга анын жемиштеринен даам сызып, жалбырактарынын шыбырына жана бутактарында сайраган Куштардын таттуу добушуна кулак салууга жардам бер. Сен, акыйкатта, коркунучта Жардамчысың, Кол Жеткиссиң, Кудуреттүүсүң, баарынан Жоомартсың.

Бахаулла

О, изги Теңир! Бул жолугушууга чогулган, Сенин Падышалыгыңа кайрылып, белектериңе жана Өзүңдүн кут-берекеңе муктаж пенделериң мына. О, Кудай! Жашоонун бардык маңыздарында камтылган Өзүңдүн бирдигиңдин белгилерин ачып көрсөт. Адамзаттын маңызына Өзүң салып берген асыл изгиликтерди айкындап көрсөтүп бер.

О, Кудай! Биз өсүмдүк сымалбыз, ал эми Сенин жоомарттыгың жамгыр сыяктуу; ушул өсүмдүктөрдү сергит, алар Сенин берекеңдин аркасында гүлдөп өссүн. Биз Сенин кулдарыңбыз; бизди көр турмуштун чынжырынан бошот. Түркөйбүз - бизге акылмандык бер. Өлүкпүз - бизди тирилт. Затпыз – бизге рух бер. Таалайсызбыз - бизге Өзүңдүн сырларыңды ач. Муктажбыз - чексиз казынаңдан бизди байыт жана кут-берекеңди тартуула. О, Кудай! Бизди кайрадан жарат; көзүбүз менен кулагыбызды ач, жашоо сырларын айкындап, Өзүңдүн падышалыгыңдын сырларын бизге ачыктап, жалгыздыгыңды тааныт. Береке- жакшылыктын баары бир Өзүңдөн.

Сен Кудуреттүүсүң, Күчтүүсүң, Сыйкорсуң, Сен түбөлүк Жоомартсың.

О, айланайын Кудайым, ысымыңдын даңкы арта берсин! Сенин буйругуң менен каалооңо ылайык, бүт жаратылгандарга тараган Сенин ырайымдуулук кийимиңдин жыпары менен, Сенин кайрымдуулук көк мейкиндигиңде Өзүңдүн кудурет күчүңдүн аркасында жаркырап чыккан Сенин эркиңдин Күндүзгү Жылдызы менен жалбарам, о, Сен, бардык адамзаттын Теңири, менин жүрөгүмдөн куру кыялдар менен маанисиз ойлорду алып сал, жалындаган жүрөк менен жүзүмдү сага гана бурайын.

О, айланайын Кудайым, мен Сенин кулуңмун жана Сенин кулуңдун урпагымын! Мен Сенин берекеңдин жеңине жармашып жана назик кайрымыңдын учугун кармадым. Өзүңдөгү жакшылыктардын баарын мага арнай көр, Сенин жоомарттыгыңдын булуттарынан жана Сенин ырайым асманыңдан жөнөткөн дасторконуңдан мени азыктандыр.

Сен, акыйкатта, бардык дүйнөлөрдүн Теңирисиң жана көк менен жердеги бардык жандардын Кудайысың.

О, Теңир, айланайын Кудайым, ысымың даңктала берсин! Бардыгы Сага сыйынышат, бирок Сен эч нерсеге сыйынбайсың; бардыгынын үстүнөн үстөмдүк кыласың жана эч кимге кызмат кылбайсың; Сен бардыгы жөнүндө билесиң, Өзүң эч кимге белгисизсиң. Өзүң жөнүндө адамдар билишин кааладың, ошондуктан бир ооз Сөзүң менен бардык жаралышка жан бердиң, ааламды жараттың. Ааламды өлчөп-бычкан Жаратуучу, бардыгынан Кудуреттүү, бардыгынан Күчтүү Сенден башка Кудай жок.

Эркиңдин асманында жаркырап чыккан Сөзүң менен жалынам - Өзүң тандагандардын жүрөктөрүн тирилткен жана Өзүңдү сүйгөндөрдү жанданткан мүрөк суусунан мага да жуткуза көр, ар убакта жана ар жагдайда жүзүмдү Өзүңө гана бургудай болоюн.

Сен кудуреттин, молчулуктун жана даңктын Кудайысың. Башкы Өкүмдар, бардыгынан Даңктуу, бардыгын Билүүчү Сенден башка Кудай жок.

Ысымыңдын даңкы арта берсин, о Теңир, Кудайым менин! Көк менен жердегилердин баарын калтаарытып коркунуч баскан Кыямат саатын чакырган Өзүңдүн Ысымың менен Сага жалынам, Өзүңө жүзүн бурган жана Ишиңе көмөкчү болгон пенделериңе көктөн мээримиңди төк, кайрымдуулук булуттарыңды жаадыр, жүрөктөрүн шаттандыр.

О, Теңирим, Өзүңдүн кулдарың менен күңдөрүңдү максатсыз ойлордун, пайдасыз куру кыялдардын жебелеринен сакта жана аларга ырайымыңдын тереңиндеги билимиңдин улуу сууларынан бир ууртам ууртата көр.

Сен, акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүүсүң, Жогорусуң, түбөлүк

Кечиримдүүсүң, Жоомартсың.

О, Сен, ажарың - менин аздектөөм, Сулуулугуң - менин турагым, мекен-жайың - менин умтулууларымдын максаты, алкооң - менин үмүтүм, жетегиң - менин шеригим, сүйүүң - менин тирлигимдин себеби, эске алууң - менин көңүл жубатаарым, жакындыгың - менин эңсөөм, Өзүңдү тапканым - менин көксөгөн тилегим жана жогорку умтулуум; Өзүңө жалбарам - пенеделериңдин арасындагы тандалгандар үчүн эмнени аныктаган болсоң, ошону мага да буюра көр. Бу дүйнөнүн жана келечек дүйнөнүн жакшылыктары менен мени азыктандыр. Сен, акыйкатта адамдардын Падышасысың, Сенден башка Кудай жок, Кечиримдүүсүң, Жоомартсың.

КҮНҮНӨ БИР МААЛ ЧАК ТҮШТӨН КҮН БАТКАНГА ЧЕЙИНКИ УБАКЫТТА АЙТЫЛАТ

О, менин Кудайым, мени Өзүңдү таанысын деп жана Өзүңө ибадат кылсын деп жараткандыгыңа мен күбөмүн. Ушул саатта өзүмдүн алсыздыгыма жана Сенин кудуретиңе, өзүмдүн жакырдыгыма жана Сенин берекелүү молчулугуңа күбө этем.

Коркунучта Жардамчы, Өзүн Өзү бар Кылуучу Сенден бөлөк Кудай жок.